Кыргызстан менен Дүйнөлүк банк биргелешкен “жол картасын” иштеп чыгуу маселесин талкуулады

Кыргызстан менен Дүйнөлүк банк биргелешкен “жол картасын” иштеп чыгуу маселесин талкуулады

Министрлер Кабинетинин Төрагасы Адылбек Касымалиев Дүйнөлүк банктын Европа жана Борбор Азия аймагы боюнча аймактык директору Абебе Адугнай менен жолугушту. Жолугушуу Эл аралык валюта фонду жана Дүйнөлүк банк тобунун жазгы жыйындарынын алкагында өттү. Бул тууралуу  Өкмөттүн Басма сөз кызматынан билдиришти.

Анда өлкөдөгү экономикалык абал, макроэкономикалык туруктуулук жана жүргүзүлүп жаткан реформалар талкууланды. Касымалиев теңдештирилген фискалдык жана акча-кредит саясаты инвесторлордун ишенимин арттырып жатканын белгиледи.

Ошондой эле улуттук өнүктүрүү программасынын артыкчылыктары, “жашыл экономикага” өтүү, климаттын өзгөрүүсүнө ыңгайлашуу жана гендердик теңчилик маселелери көтөрүлдү. Адамдык капиталды өнүктүрүү, билим берүү жана саламаттыкты сактоо тармактарын модернизациялоо маанилүү экени айтылды.

Мындан тышкары, Кыргызстан “АгриКоннект” демилгесине катышууга кызыкдар экенин билдирди.

Өз кезегинде Дүйнөлүк банктын өкүлү өлкөнүн экономикалык өсүш темпин жогору баалап, жүргүзүлүп жаткан реформаларды белгиледи. Ал келечектеги долбоорлор боюнча биргелешкен “жол картасын” иштеп чыгуу зарылдыгын айтты.

Жыйынтыгында тараптар кызматташууну мындан ары да чыңдоого даяр экенин билдиришти.

Мындан тышкары окуңуз

"Салык төлөөчүнүн кабинетинде" жаңы "Кабарламалар" сервиси ишке кирди

"Салык төлөөчүнүн кабинетинде" жаңы "Кабарламалар" сервиси ишке кирди

Эми салык төлөөчүлөр "Салык төлөөчүнүн кабинетинен" маанилүү өзгөрүүлөр, жаңылыктар жана билдирүүлөр тууралуу ыкчам маалымат ала алышат. Бул тууралуу Салык кызматы билдирди. Жаңы "Кабарламалар" сервиси салыктык кызматтарды колдонууда керектүү маалыматтарды өз убагында алууга мүмкүнчүлүк берет. Бул салыктык кызматтарды санариптештирүү жана салык төлөөчүлөр менен өз ара аракеттенүүнүн сапатын

Нарында 375 орундуу жаңы мектеп ачылды

Нарында 375 орундуу жаңы мектеп ачылды

Бүгүн президент Садыр Жапаровдун онлайн катышуусунда Нарын районунун Куйбышев айылында 375 орундуу жаңы мектептин ачылыш аземи өттү. Бул тууралуу Курулуш министрлигинен билдиришити. Маалыматка ылайык, долбоор министрлик тарабынан ишке ашырылып, ага республикалык бюджеттен 151 млн сом бөлүнгөн. Жалпы аянты 2 297 чарчы метр болгон эки кабаттуу мектепте окуу класстарынан тышкары лаборатория,

Айыл чарба министрлиги кирешелүү алмурут багын өстүрүүнү түшүндүрдү

Айыл чарба министрлиги кирешелүү алмурут багын өстүрүүнү түшүндүрдү

Айыл чарба министрлиги алмуруттун туура сортун тандап, заманбап интенсивдүү технологияларды колдонуу менен аз аянттан жогорку түшүм алууга болорун белгиледи. Маалымдалгандай, интенсивдүү бак үчүн Кармен, Маузер жана Кыргызско-зимний сорттору сунушталат. Кармен - эрте бышуучу жана кызгылт түстөгү мөмөсү менен айырмаланса, Маузер түшүмдүүлүгү жогору жана ташууга чыдамкай. Ал эми Кыргызско-зимний - кеч

Президент Таластагы жаңы стадиондун курулушун текшерди

Президент Таластагы жаңы стадиондун курулушун текшерди

Мамлекет башчысы Садыр Жапаров бүгүн Талас облусуна болгон иш сапарынын алкагында Талас шаарындагы жаңы борбордук стадиондун курулушунун жүрүшү менен таанышты. Бул тууралуу президенттин администрациясынан билдиришти. Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министри Нурдан Орунтаев өлкө башчысына объекттин негизги көрсөткүчтөрү жана учурдагы курулуш иштери тууралуу маалымат берди. Жаңы көп функционалдуу