Садыр Жапаров Ноокатта элдин көйгөйлөрүн укту

Садыр Жапаров Ноокатта элдин көйгөйлөрүн укту

Президент Садыр Жапаров бүгүн Ош облусунун Ноокат районунда жергиликтүү актив жана тургундар менен түз жолугушуу өткөрдү. Бул тууралуу Президенттин Администрациясы билдирди.

Жолугушууда тургундар таза ичүүчү суу, жолдордун абалы, мектеп жана бала бакча куруу, жер тилкелерин каттоо жана мүлктүк талаштарды чечүү маселелерин көтөрүштү. Ошондой эле жарандардын укуктарын коргоо, курулуш компанияларынын иши, соттук процесстер жана укук коргоо органдарынын ишине байланышкан суроолор талкууланды.

Мындан тышкары, социалдык жактан аялуу жарандарды колдоо, турак жай менен камсыз кылуу жана этникалык кыргыздарды документтештирүү жол-жоболорун жөнөкөйлөтүү боюнча сунуштар айтылды. Билим берүү тармагын өнүктүрүү, педагогдордун эмгегин баалоо жана маданий демилгелерди ишке ашыруу маселелери да көтөрүлдү.
Президент эл менен түз диалогдун маанилүүлүгүн белгилеп, айтылган бардык маселелер өз убагында жана системалуу түрдө чечилиши керектигин билдирди.
Ошондой эле Садыр Жапаров 10-майдан тарта бардык айыл өкмөттөрүндө ушундай жолугушуулар өткөрүлөрүн айтты. Бул иш жарандардын кайрылууларына жеринде ыкчам жооп берүү максатын көздөйт.

Жыйынтыгында мамлекет башчысы тиешелүү органдарга көтөрүлгөн маселелерди ар тараптуу карап чыгып, зарыл чараларды көрүү боюнча тапшырмаларды берди.

Мындан тышкары окуңуз

"Салык төлөөчүнүн кабинетинде" жаңы "Кабарламалар" сервиси ишке кирди

"Салык төлөөчүнүн кабинетинде" жаңы "Кабарламалар" сервиси ишке кирди

Эми салык төлөөчүлөр "Салык төлөөчүнүн кабинетинен" маанилүү өзгөрүүлөр, жаңылыктар жана билдирүүлөр тууралуу ыкчам маалымат ала алышат. Бул тууралуу Салык кызматы билдирди. Жаңы "Кабарламалар" сервиси салыктык кызматтарды колдонууда керектүү маалыматтарды өз убагында алууга мүмкүнчүлүк берет. Бул салыктык кызматтарды санариптештирүү жана салык төлөөчүлөр менен өз ара аракеттенүүнүн сапатын

Нарында 375 орундуу жаңы мектеп ачылды

Нарында 375 орундуу жаңы мектеп ачылды

Бүгүн президент Садыр Жапаровдун онлайн катышуусунда Нарын районунун Куйбышев айылында 375 орундуу жаңы мектептин ачылыш аземи өттү. Бул тууралуу Курулуш министрлигинен билдиришити. Маалыматка ылайык, долбоор министрлик тарабынан ишке ашырылып, ага республикалык бюджеттен 151 млн сом бөлүнгөн. Жалпы аянты 2 297 чарчы метр болгон эки кабаттуу мектепте окуу класстарынан тышкары лаборатория,

Айыл чарба министрлиги кирешелүү алмурут багын өстүрүүнү түшүндүрдү

Айыл чарба министрлиги кирешелүү алмурут багын өстүрүүнү түшүндүрдү

Айыл чарба министрлиги алмуруттун туура сортун тандап, заманбап интенсивдүү технологияларды колдонуу менен аз аянттан жогорку түшүм алууга болорун белгиледи. Маалымдалгандай, интенсивдүү бак үчүн Кармен, Маузер жана Кыргызско-зимний сорттору сунушталат. Кармен - эрте бышуучу жана кызгылт түстөгү мөмөсү менен айырмаланса, Маузер түшүмдүүлүгү жогору жана ташууга чыдамкай. Ал эми Кыргызско-зимний - кеч

Президент Таластагы жаңы стадиондун курулушун текшерди

Президент Таластагы жаңы стадиондун курулушун текшерди

Мамлекет башчысы Садыр Жапаров бүгүн Талас облусуна болгон иш сапарынын алкагында Талас шаарындагы жаңы борбордук стадиондун курулушунун жүрүшү менен таанышты. Бул тууралуу президенттин администрациясынан билдиришти. Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министри Нурдан Орунтаев өлкө башчысына объекттин негизги көрсөткүчтөрү жана учурдагы курулуш иштери тууралуу маалымат берди. Жаңы көп функционалдуу