Адылбек Касымалиев Америка мамлекеттеринин уюмунун Башкы катчысы менен жолукту

Адылбек Касымалиев Америка мамлекеттеринин уюмунун Башкы катчысы менен жолукту

Вашингтонго болгон жумуш сапарынын алкагында Министрлер Кабинетинин Төрагасы Адылбек Касымалиев Америка мамлекеттеринин уюмунун Башкы катчысы Альберт Рамдин менен жолугушту. Бул тууралуу Өкмөттүн Басма сөз кызматынан билдиришти.

Жолугушуу уюмдун штаб-квартирасында өтүп, анда тараптар Кыргызстандын Америка континентиндеги өлкөлөр менен байланышын чыңдоо маселелерин талкуулашты.

Сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө Адылбек Касымалиев өлкөнүн социалдык-экономикалык өнүгүүсү тууралуу маалымат берип, акыркы үч жылда Кыргызстанда туруктуу өсүш байкалганын белгиледи.

“ИДПнын орточо жылдык өсүү темпи кеминде 9%ды түздү, ал эми 2025-жылдын жыйынтыгы боюнча 11,5%га жетти. Бул жүргүзүлүп жаткан реформалардын жыйынтыгы”, — деди ал.

Ошондой эле жолугушууда Кыргызстандын Америка мамлекеттеринин уюмунда туруктуу байкоочу статусун алуу мүмкүнчүлүгү каралды. Бул кадам саясий диалогду кеңейтүүгө, тажрыйба алмашууга жана экономикалык кызматташууну өнүктүрүүгө өбөлгө түзөрү белгиленди.

Мындан тышкары, кыргыз тарап уюмга мүчө өлкөлөрдү 2026-жылдын 31-августунан 6-сентябрына чейин Кыргызстанда өтө турган VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына катышууга чакырды.

Өз кезегинде Альберт Рамдин кыргыз делегациясын жылуу кабыл алып, Кыргызстандын экономикалык өсүш көрсөткүчтөрүн жогору баалап, кызматташууну өнүктүрүүгө колдоо көрсөтөрүн билдирди.

Жыйынтыгында тараптар көтөрүлгөн демилгелерди ишке ашырууга кызыкдар экенин белгилешти.

Мындан тышкары окуңуз

Ош шаарындагы шагыл жана кум өндүрүүчү ишканада текшерүү жүргүзүлдү

Ош шаарындагы шагыл жана кум өндүрүүчү ишканада текшерүү жүргүзүлдү

Курулуш министрлигине караштуу Курулушта сертификаттоонун республикалык борборунун Түштүк аймактык башкармалыгы Ош шаарындагы шагыл жана кум өндүрүүчү ишкананын ишмердүүлүгүн текшерди. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы кабарлады. Текшерүүнүн жүрүшүндө адистер өндүрүштүн технологиялык процесси менен таанышып, продукциянын белгиленген техникалык талаптарга шайкештигин баалашты. Ошондой эле сертификациялык сыноолорду жүргүзүү үчүн өндүрүлгөн продукциядан үлгүлөр алынды.

Таласта 350 млн долларлык мунай иштетүүчү комплекстин курулуусу каралууда

Таласта 350 млн долларлык мунай иштетүүчү комплекстин курулуусу каралууда

Талас облусунда түз айдалган бензинди жана дизелдик фракцияны кайра иштетүүчү өнөр жай комплексин куруу пландалууда. Долбоорго болжол менен 350 млн доллар инвестиция тартуу каралууда. Бул тууралуу Экономика жана коммерция министрлиги билдирди. Долбоорду ишке ашыруу боюнча министр Бакыт Сыдыков менен казакстандык QAZAQ BITUM Processing компаниясынын директору Ержан Бейсебаев өз ара түшүнүшүү

Чоң-Алай районунда 3 социалдык объект пайдаланууга берилди

Чоң-Алай районунда 3 социалдык объект пайдаланууга берилди

Кыргызстандын Эгемендүүлүгүнүн 35 жылдыгына карата өлкө боюнча онлайн форматта ачылып жаткан социалдык объекттердин катарында Чоң-Алай районунда 3 объект пайдаланууга берилди. Бул тууралуу Чоң-Алай райондук мамлекеттик администрациясы билдирди. Алардын бири - Чоң-Алай райондук социалдык фонд башкармалыгынын жаңы имараты. Анын курулушу 2025-жылы башталып, сметалык баасы 20,9 млн сомду

"Айтматов Ааламы" комплексинде 120 кВт резервдик генератор орнотулган

"Айтматов Ааламы" комплексинде 120 кВт резервдик генератор орнотулган

Талас облусундагы "Айтматов Ааламы" мемориалдык музей-комплексинде Эгемендүүлүктүн 35 жылдыгына карата өтүүчү иш-чараларды үзгүлтүксүз электр энергиясы менен камсыз кылуу үчүн даярдык иштери жүргүзүлүп, резервдик генератор орнотулган. Бул тууралуу Энергетика министрлиги билдирди. Иштерди "КУЭТ" ААКнын Талас электр тармактар ишканасынын Айтматов райондук электр тармагынын кызматкерлери аткарды. Анын