Кыргызстан Meta менен санариптик кызматташууну күчөтөт

Кыргызстан Meta менен санариптик кызматташууну күчөтөт

АКШга болгон жумуш сапарынын алкагында Министрлер Кабинетинин Төрагасы Адылбек Касымалиев Meta Platforms компаниясынын мамлекеттик саясат боюнча директору Молли Монтгомери менен жолугушту. Бул тууралуу Өкмөттун Басма сөз кызматынан билдиришти.

Жолугушуунун алдында кыргыз делегациясы Metaнын Вашингтондогу технологиялык борбору менен таанышып, компаниянын инновациялык ишмердүүлүгү тууралуу маалымат алды. Анда жасалма интеллектке негизделген технологиялар, кийилүүчү электроника жана кеңейтилген реалдуулук (AR) багытындагы акыркы иштелмелер көрсөтүлдү.

Сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө тараптар санариптик трансформация, маалымат коопсуздугу жана институттук кызматташууну өнүктүрүү маселелерин талкуулашты. Адылбек Касымалиев Кыргызстан үчүн коопсуз санариптик чөйрөнү түзүү жана эл аралык тажрыйбаны киргизүү маанилүү экенин белгиледи.

Ошондой эле ал Meta компаниясы менен туруктуу жана натыйжалуу кызматташуу механизмин түзүүгө кызыкдар экенин билдирип, түз байланыш каналдарын түзүүнүн зарылдыгын белгиледи.

Өз кезегинде Молли Монтгомери Кыргызстандын санариптик өнүгүүдөгү жетишкендиктерин жогору баалап, кызматташууну тереңдетүүгө даяр экенин билдирди. Ал Meta компаниясы өлкөдөгү колдонуучулар үчүн коопсуз санариптик чөйрөнү камсыздоого кызыкдар экенин белгиледи.

Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар биргелешкен жумушчу топ түзүү боюнча макулдашууга жетишти. Аталган топ мындан аркы кызматташуунун жол картасын иштеп чыгып, маалымат коопсуздугу жана санариптик долбоорлорду ишке ашыруу багытында иш алып барат.

Мындан тышкары окуңуз

Чоң-Алай районунда 3 социалдык объект пайдаланууга берилди

Чоң-Алай районунда 3 социалдык объект пайдаланууга берилди

Кыргызстандын Эгемендүүлүгүнүн 35 жылдыгына карата өлкө боюнча онлайн форматта ачылып жаткан социалдык объекттердин катарында Чоң-Алай районунда 3 объект пайдаланууга берилди. Бул тууралуу Чоң-Алай райондук мамлекеттик администрациясы билдирди. Алардын бири - Чоң-Алай райондук социалдык фонд башкармалыгынын жаңы имараты. Анын курулушу 2025-жылы башталып, сметалык баасы 20,9 млн сомду

"Айтматов Ааламы" комплексинде 120 кВт резервдик генератор орнотулган

"Айтматов Ааламы" комплексинде 120 кВт резервдик генератор орнотулган

Талас облусундагы "Айтматов Ааламы" мемориалдык музей-комплексинде Эгемендүүлүктүн 35 жылдыгына карата өтүүчү иш-чараларды үзгүлтүксүз электр энергиясы менен камсыз кылуу үчүн даярдык иштери жүргүзүлүп, резервдик генератор орнотулган. Бул тууралуу Энергетика министрлиги билдирди. Иштерди "КУЭТ" ААКнын Талас электр тармактар ишканасынын Айтматов райондук электр тармагынын кызматкерлери аткарды. Анын

Ак-Ордодо 750 орундуу жаңы мектептин курулушу аяктады

Ак-Ордодо 750 орундуу жаңы мектептин курулушу аяктады

Бишкек шаарынын Ак-Ордо конушундагы №104 мектептин курулушу толугу менен аяктады. Мектептин курулушу Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлиги тарабынан жүргүзүлүп, учурда имаратка эмеректерди орнотуу иштери жүрүп жатат. Курулуш министрлиги билдиргендей, үч кабаттуу мектеп 750 окуучуга ылайыкталып, заманбап панелдик типте курулган. Анда окуу класстарынан тышкары лабораториялар, компьютердик класстар,

Бишкекте II эл аралык UmutDoc даректүү тасмалар фестивалы өтүүдө

Бишкекте II эл аралык UmutDoc даректүү тасмалар фестивалы өтүүдө

Бишкекте 10–14-сентябрь күндөрү II Эл аралык UmutDoc даректүү тасмалар фестивалы өтүп жатат. Быйылкы фестиваль белгилүү даректүү тасма режиссёру Альгимантас Видугиристин элесине арналууда. Анын чыгармачылыгына арналган атайын ретроспективдүү программа да уюштурулган. Фестивалдын ачылыш аземи 10-сентябрда "Ала-Тоо" кинотеатрында өттү. Анын алкагында Альгимантас Видугиристин 1971-жылы тартылган