АӨБ Кыргызстандагы инфраструктуралык долбоорлорду колдоону улантат

АӨБ Кыргызстандагы инфраструктуралык долбоорлорду колдоону улантат

Министрлер Кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Эл аралык валюта фонду (ЭВФ) менен Дүйнөлүк банк тобунун жазгы жыйындарынын алкагында Азия өнүктүрүү банкынын (АӨБ) президенти Масато Канда менен жолукту. Бул тууралуу Өкмөттүн басма сөз кызматынан билдиришти.

МинКаб төрагасы АӨБ жетекчилигине өлкөнүн өнүгүү темпи тууралуу маалымат берди. Белгиленгендей, акыркы төрт жылда ИДПнын орточо жылдык өсүү темпи 10,2% болуп, 2025-жылдын акырына карата 11,1%ды түздү. ЭВФтин маалыматы боюнча Кыргызстан 2024-жылы ИДПнын реалдуу өсүшү боюнча дүйнөдөгү алдыңкы үч өлкөнүн катарына кирди.

Талкуунун негизги темасы Кыргызстанды 2030-жылга карата аймактык транспорттук-логистикалык хаб катары өнүктүрүү болду. Адылбек Касымалиев АӨБге транспорттук маалыматтык системаларды интеграциялоо жана логистикалык чынжырдын катышуучуларынын ортосунда санариптик маалымат алмашууну камсыз кылуучу Улуттук электрондук логистикалык платформа долбоорун колдоого ыраазычылык билдирди. 

Өз кезегинде Масато Канда Кыргызстандын экономикалык реформаларын жогору баалап, банк өлкөнүн приоритеттүү инфраструктуралык жана санариптик долбоорлорун мындан ары да колдоого даяр экенин ырастады.

Мындан тышкары окуңуз

Чоң-Алай районунда 3 социалдык объект пайдаланууга берилди

Чоң-Алай районунда 3 социалдык объект пайдаланууга берилди

Кыргызстандын Эгемендүүлүгүнүн 35 жылдыгына карата өлкө боюнча онлайн форматта ачылып жаткан социалдык объекттердин катарында Чоң-Алай районунда 3 объект пайдаланууга берилди. Бул тууралуу Чоң-Алай райондук мамлекеттик администрациясы билдирди. Алардын бири - Чоң-Алай райондук социалдык фонд башкармалыгынын жаңы имараты. Анын курулушу 2025-жылы башталып, сметалык баасы 20,9 млн сомду

"Айтматов Ааламы" комплексинде 120 кВт резервдик генератор орнотулган

"Айтматов Ааламы" комплексинде 120 кВт резервдик генератор орнотулган

Талас облусундагы "Айтматов Ааламы" мемориалдык музей-комплексинде Эгемендүүлүктүн 35 жылдыгына карата өтүүчү иш-чараларды үзгүлтүксүз электр энергиясы менен камсыз кылуу үчүн даярдык иштери жүргүзүлүп, резервдик генератор орнотулган. Бул тууралуу Энергетика министрлиги билдирди. Иштерди "КУЭТ" ААКнын Талас электр тармактар ишканасынын Айтматов райондук электр тармагынын кызматкерлери аткарды. Анын

Ак-Ордодо 750 орундуу жаңы мектептин курулушу аяктады

Ак-Ордодо 750 орундуу жаңы мектептин курулушу аяктады

Бишкек шаарынын Ак-Ордо конушундагы №104 мектептин курулушу толугу менен аяктады. Мектептин курулушу Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлиги тарабынан жүргүзүлүп, учурда имаратка эмеректерди орнотуу иштери жүрүп жатат. Курулуш министрлиги билдиргендей, үч кабаттуу мектеп 750 окуучуга ылайыкталып, заманбап панелдик типте курулган. Анда окуу класстарынан тышкары лабораториялар, компьютердик класстар,

Бишкекте II эл аралык UmutDoc даректүү тасмалар фестивалы өтүүдө

Бишкекте II эл аралык UmutDoc даректүү тасмалар фестивалы өтүүдө

Бишкекте 10–14-сентябрь күндөрү II Эл аралык UmutDoc даректүү тасмалар фестивалы өтүп жатат. Быйылкы фестиваль белгилүү даректүү тасма режиссёру Альгимантас Видугиристин элесине арналууда. Анын чыгармачылыгына арналган атайын ретроспективдүү программа да уюштурулган. Фестивалдын ачылыш аземи 10-сентябрда "Ала-Тоо" кинотеатрында өттү. Анын алкагында Альгимантас Видугиристин 1971-жылы тартылган