Парижде кыргыз-француз кызматташтыгын кеңейтүү маселеси талкууланды

Парижде кыргыз-француз кызматташтыгын кеңейтүү маселеси талкууланды

Париж шаарындагы жумуш сапарынын алкагында Министрлер Кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Данияр Амангелдиев Франциянын сенаторлору жана бизнес өкүлдөрү менен жолугушту. Бул тууралуу Өкмөттүн Басма сөз кызматынан билдиришти.

Жолугушуу “Франция — Борбор Азия” достук тобунун сенаторлору менен өткөрүлүп, анда эки өлкөнүн кызматташтыгынын учурдагы абалы жана келечеги талкууланды. Тараптар парламенттер аралык байланыштарды жана парламенттик дипломатияны өнүктүрүүнүн маанилүүлүгүн белгилешти.

Ошондой эле кыргыз тарап саясий диалогду бекемдөө жана эки тараптуу кызматташууну алдыга жылдырууда парламенттердин, комитеттердин жана депутаттык достук топторунун ортосундагы өз ара аракеттенүүнү активдештирүү зарылдыгын баса белгиледи.

Франциянын бизнес өкүлдөрү менен болгон жолугушууга AIRBUS, VEOLIA, LAZARD Frères жана башка ири компаниялар катышты. Тараптар кыргыз-француз экономикалык кызматташтыгын кеңейтүү жана биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу мүмкүнчүлүктөрүн талкуулашты.

Жолугушууда жашыл энергетика, авиация, фармацевтика жана ири долбоорлорду каржылоо тармактары кызматташуу үчүн эң келечектүү багыттар катары белгиленди.

Жыйынтыгында тараптар кыргыз-француз өнөктөштүгүн мындан ары да чыңдоого жана сүйлөшүүлөрдү практикалык долбоорлорго айландырууга даяр экенин ырасташты.

Мындан тышкары окуңуз

Чоң-Алай районунда 3 социалдык объект пайдаланууга берилди

Чоң-Алай районунда 3 социалдык объект пайдаланууга берилди

Кыргызстандын Эгемендүүлүгүнүн 35 жылдыгына карата өлкө боюнча онлайн форматта ачылып жаткан социалдык объекттердин катарында Чоң-Алай районунда 3 объект пайдаланууга берилди. Бул тууралуу Чоң-Алай райондук мамлекеттик администрациясы билдирди. Алардын бири - Чоң-Алай райондук социалдык фонд башкармалыгынын жаңы имараты. Анын курулушу 2025-жылы башталып, сметалык баасы 20,9 млн сомду

"Айтматов Ааламы" комплексинде 120 кВт резервдик генератор орнотулган

"Айтматов Ааламы" комплексинде 120 кВт резервдик генератор орнотулган

Талас облусундагы "Айтматов Ааламы" мемориалдык музей-комплексинде Эгемендүүлүктүн 35 жылдыгына карата өтүүчү иш-чараларды үзгүлтүксүз электр энергиясы менен камсыз кылуу үчүн даярдык иштери жүргүзүлүп, резервдик генератор орнотулган. Бул тууралуу Энергетика министрлиги билдирди. Иштерди "КУЭТ" ААКнын Талас электр тармактар ишканасынын Айтматов райондук электр тармагынын кызматкерлери аткарды. Анын

Ак-Ордодо 750 орундуу жаңы мектептин курулушу аяктады

Ак-Ордодо 750 орундуу жаңы мектептин курулушу аяктады

Бишкек шаарынын Ак-Ордо конушундагы №104 мектептин курулушу толугу менен аяктады. Мектептин курулушу Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлиги тарабынан жүргүзүлүп, учурда имаратка эмеректерди орнотуу иштери жүрүп жатат. Курулуш министрлиги билдиргендей, үч кабаттуу мектеп 750 окуучуга ылайыкталып, заманбап панелдик типте курулган. Анда окуу класстарынан тышкары лабораториялар, компьютердик класстар,

Бишкекте II эл аралык UmutDoc даректүү тасмалар фестивалы өтүүдө

Бишкекте II эл аралык UmutDoc даректүү тасмалар фестивалы өтүүдө

Бишкекте 10–14-сентябрь күндөрү II Эл аралык UmutDoc даректүү тасмалар фестивалы өтүп жатат. Быйылкы фестиваль белгилүү даректүү тасма режиссёру Альгимантас Видугиристин элесине арналууда. Анын чыгармачылыгына арналган атайын ретроспективдүү программа да уюштурулган. Фестивалдын ачылыш аземи 10-сентябрда "Ала-Тоо" кинотеатрында өттү. Анын алкагында Альгимантас Видугиристин 1971-жылы тартылган