Президент согуш ардагерлерине 200 миң сомдон жардам берүү тууралуу тескемеге кол койду

Президент согуш ардагерлерине 200 миң сомдон жардам берүү тууралуу тескемеге кол койду

Президент Садыр Жапаров Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлерине бир жолку материалдык жардам көрсөтүү тууралуу тескемеге кол койду.

Документке ылайык, согуш ардагерлеринин айрым категорияларына 200 миң сом өлчөмүндө бир жолку жардам берилет. Бул максатта Кыргыз Республикасынын Президентинин фондунан жалпысынан 4 млн 848 миң сом бөлүнөт.

Каражат Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги аркылуу, почта чыгымдарын эске алуу менен төлөнөт.

Бир жолку жардам төмөнкү категориядагы жарандарга берилет:

  • Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучуларына;
  • Экинчи дүйнөлүк согуш учурунда нацисттер түзгөн концлагерлерде, геттолордо жана башка кармоо жайларында жашы жете элек туткун болгон адамдарга;
  • Ленинград блокадасы маалында (1941-жылдын 8-сентябрынан 1944-жылдын 27-январына чейин) шаардагы ишканаларда, мекемелерде иштеп, тиешелүү медалдар жана белгилер менен сыйланган жарандарга.
Бул чечим согуш ардагерлерине мамлекеттик колдоо көрсөтүүнүн алкагында кабыл алынган.

Мындан тышкары окуңуз

Чоң-Алай районунда 3 социалдык объект пайдаланууга берилди

Чоң-Алай районунда 3 социалдык объект пайдаланууга берилди

Кыргызстандын Эгемендүүлүгүнүн 35 жылдыгына карата өлкө боюнча онлайн форматта ачылып жаткан социалдык объекттердин катарында Чоң-Алай районунда 3 объект пайдаланууга берилди. Бул тууралуу Чоң-Алай райондук мамлекеттик администрациясы билдирди. Алардын бири - Чоң-Алай райондук социалдык фонд башкармалыгынын жаңы имараты. Анын курулушу 2025-жылы башталып, сметалык баасы 20,9 млн сомду

"Айтматов Ааламы" комплексинде 120 кВт резервдик генератор орнотулган

"Айтматов Ааламы" комплексинде 120 кВт резервдик генератор орнотулган

Талас облусундагы "Айтматов Ааламы" мемориалдык музей-комплексинде Эгемендүүлүктүн 35 жылдыгына карата өтүүчү иш-чараларды үзгүлтүксүз электр энергиясы менен камсыз кылуу үчүн даярдык иштери жүргүзүлүп, резервдик генератор орнотулган. Бул тууралуу Энергетика министрлиги билдирди. Иштерди "КУЭТ" ААКнын Талас электр тармактар ишканасынын Айтматов райондук электр тармагынын кызматкерлери аткарды. Анын

Ак-Ордодо 750 орундуу жаңы мектептин курулушу аяктады

Ак-Ордодо 750 орундуу жаңы мектептин курулушу аяктады

Бишкек шаарынын Ак-Ордо конушундагы №104 мектептин курулушу толугу менен аяктады. Мектептин курулушу Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлиги тарабынан жүргүзүлүп, учурда имаратка эмеректерди орнотуу иштери жүрүп жатат. Курулуш министрлиги билдиргендей, үч кабаттуу мектеп 750 окуучуга ылайыкталып, заманбап панелдик типте курулган. Анда окуу класстарынан тышкары лабораториялар, компьютердик класстар,

Бишкекте II эл аралык UmutDoc даректүү тасмалар фестивалы өтүүдө

Бишкекте II эл аралык UmutDoc даректүү тасмалар фестивалы өтүүдө

Бишкекте 10–14-сентябрь күндөрү II Эл аралык UmutDoc даректүү тасмалар фестивалы өтүп жатат. Быйылкы фестиваль белгилүү даректүү тасма режиссёру Альгимантас Видугиристин элесине арналууда. Анын чыгармачылыгына арналган атайын ретроспективдүү программа да уюштурулган. Фестивалдын ачылыш аземи 10-сентябрда "Ала-Тоо" кинотеатрында өттү. Анын алкагында Альгимантас Видугиристин 1971-жылы тартылган