Анталия форумунда Кыргызстан БУУнун Коопсуздук Кеңешине талапкерлигин илгерилетти

Анталия форумунда Кыргызстан БУУнун Коопсуздук Кеңешине талапкерлигин илгерилетти

Анталия дипломатиялык форумунун алкагында Президенттин Администрациясынын жетекчисинин орун басары Азамат Кадыралиев бир катар чет өлкөлүк өнөктөштөр менен эки тараптуу жолугушууларды өткөрдү.

Ал Кыргызстандын БУУнун Коопсуздук Кеңешинин туруктуу эмес мүчөлүгүнө талапкерлигин илгерилетүү боюнча Президенттин атайын өкүлү катары катышты.

Жолугушуулар Эль-Сальвадор, Сьерра-Леоне, Коста-Рика, Руанда, Бангладеш, Замбия, Уганда, Сан-Томе жана Принсипи, Люксембург сыяктуу өлкөлөрдүн жогорку өкүлдөрү, ошондой эле Африка биримдигинин өкүлү менен өттү.

Тараптар эки өлкө ортосундагы саясий диалогду чыңдоо, соода-экономикалык жана гуманитардык кызматташтыкты кеңейтүү маселелерин талкуулашты.

Азамат Кадыралиев Кыргызстанда жүргүзүлүп жаткан реформалар тууралуу маалымат берип, өлкөнүн туруктуу өнүгүүгө багыт алганын белгиледи. Ошондой эле келишимдик-укуктук базаны кеңейтүү жана эл аралык уюмдардын алкагында кызматташууну тереңдетүү маселелери каралды.

Жыйынтыгында тараптар глобалдык жана регионалдык деңгээлде биргелешкен демилгелерди алдыга жылдырууга кызыкдар экенин билдиришти.

Мындан тышкары окуңуз

Бишкекте II эл аралык UmutDoc даректүү тасмалар фестивалы өтүүдө

Бишкекте II эл аралык UmutDoc даректүү тасмалар фестивалы өтүүдө

Бишкекте 10–14-сентябрь күндөрү II Эл аралык UmutDoc даректүү тасмалар фестивалы өтүп жатат. Быйылкы фестиваль белгилүү даректүү тасма режиссёру Альгимантас Видугиристин элесине арналууда. Анын чыгармачылыгына арналган атайын ретроспективдүү программа да уюштурулган. Фестивалдын ачылыш аземи 10-сентябрда "Ала-Тоо" кинотеатрында өттү. Анын алкагында Альгимантас Видугиристин 1971-жылы тартылган

Таласта "Акылман" лицейи ачылды

Таласта "Акылман" лицейи ачылды

Президент Садыр Жапаров бүгүн Талас облусуна болгон иш сапарынын алкагында Талас шаарындагы "Акылман" лицейинин ачылышына катышты. Ошондой эле онлайн форматта Кыргызстан боюнча 100 социалдык объектти ишке киргизди. Президенттик администрация билдиргендей, мамлекет башчысы лицейдин ачылышында билимдүү, мекенчил жана татыктуу жаштар эгемен Кыргызстандын негизги күчү экенин белгилеп, окуучуларды заманбап билим

Ошто 142 млн сомдук заманбап оорукана курулду

Ошто 142 млн сомдук заманбап оорукана курулду

Ош облусунун Ноокат районундагы Жаңы-Базар айылында 40 койкалуу заманбап оорукана курулду. Бул тууралуу Курулуш министрлигинен билдиришти. Долбоор министрлик тарабынан республикалык бюджеттин эсебинен ишке ашырылып, жалпы наркы 142 миллион сомду түздү. Жалпы аянты 2400 чарчы метрди түзгөн үч кабаттуу имаратта терапия, хирургия жана төрөт бөлүмдөрү жайгашат. Ошондой эле оорукананын жанына

Садыр Жапаров Таласта КУУнун жаңы окуу корпусун ачты

Садыр Жапаров Таласта КУУнун жаңы окуу корпусун ачты

Өлкө башчы Садыр Жапаров бүгүн Талас облусуна болгон иш сапарынын алкагында Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин Таластагы көп профилдүү институтунун жаңы окуу корпусунун ачылышына катышты. Президенттин администрациясынын маалыматына караганда, беш кабаттуу, жалпы аянты 5600 чарчы метр болгон корпус 3000 студентке ылайыкталып, заманбап жабдуулар жана санариптик технологиялар менен камсыздалды. Мамлекет