Кыргызстан–Германия: парламенттик кызматташтыкты жаңы деңгээлге чыгаруу аракети

Кыргызстан–Германия: парламенттик кызматташтыкты жаңы деңгээлге чыгаруу аракети

17-апрелде Жогорку Кеңештин Төрагасы Марлен Маматалиев Германияга расмий сапар менен барды. Жолугушууда эки өлкө ортосундагы саясий-экономикалык жана маданий-гуманитардык байланыштарды бекемдөө, парламенттер аралык кызматташтыкты кеңейтүү маселелери талкууланды. Бул тууралуу ЖКнын Басма сөз кызматынан билдиришти.

Марлен Маматалиев Кыргызстан Германия менен тыгыз кызматташууга кызыкдар экенин белгилеп, парламенттер аралык диалогдун маанисине токтолду. Ошондой эле өлкөдө жүрүп жаткан реформалар, анын ичинде мамлекеттик башкарууну ачык-айкын кылуу жана бизнес чөйрөнү жакшыртуу боюнча иштер тууралуу кыскача маалымат берди.

Төрага Кыргызстан инвесторлор үчүн ачык экенин айтып, салык системасы жаңыланып, административдик жол-жоболор жөнөкөйлөтүлүп жатканын белгиледи.

Жолугушууда Европа биримдиги менен кеңейтилген өнөктөштүк келишимин, ошондой эле миграция жана визалык жеңилдиктер боюнча макулдашууларды тездетүү сунушталды.

Германиянын Бундестагынын президенти Юлия Клёкнер бул сапар кызматташтыкты чыңдоого өбөлгө түзөрүн белгилеп, соода-экономикалык байланыштарды кеңейтүү маанилүү экенин айтты.

Сапардын алкагында кыргыз делегациясы Бундестагдын иши менен таанышты.

Мындан тышкары окуңуз

Бишкекте II эл аралык UmutDoc даректүү тасмалар фестивалы өтүүдө

Бишкекте II эл аралык UmutDoc даректүү тасмалар фестивалы өтүүдө

Бишкекте 10–14-сентябрь күндөрү II Эл аралык UmutDoc даректүү тасмалар фестивалы өтүп жатат. Быйылкы фестиваль белгилүү даректүү тасма режиссёру Альгимантас Видугиристин элесине арналууда. Анын чыгармачылыгына арналган атайын ретроспективдүү программа да уюштурулган. Фестивалдын ачылыш аземи 10-сентябрда "Ала-Тоо" кинотеатрында өттү. Анын алкагында Альгимантас Видугиристин 1971-жылы тартылган

Таласта "Акылман" лицейи ачылды

Таласта "Акылман" лицейи ачылды

Президент Садыр Жапаров бүгүн Талас облусуна болгон иш сапарынын алкагында Талас шаарындагы "Акылман" лицейинин ачылышына катышты. Ошондой эле онлайн форматта Кыргызстан боюнча 100 социалдык объектти ишке киргизди. Президенттик администрация билдиргендей, мамлекет башчысы лицейдин ачылышында билимдүү, мекенчил жана татыктуу жаштар эгемен Кыргызстандын негизги күчү экенин белгилеп, окуучуларды заманбап билим

Ошто 142 млн сомдук заманбап оорукана курулду

Ошто 142 млн сомдук заманбап оорукана курулду

Ош облусунун Ноокат районундагы Жаңы-Базар айылында 40 койкалуу заманбап оорукана курулду. Бул тууралуу Курулуш министрлигинен билдиришти. Долбоор министрлик тарабынан республикалык бюджеттин эсебинен ишке ашырылып, жалпы наркы 142 миллион сомду түздү. Жалпы аянты 2400 чарчы метрди түзгөн үч кабаттуу имаратта терапия, хирургия жана төрөт бөлүмдөрү жайгашат. Ошондой эле оорукананын жанына

Садыр Жапаров Таласта КУУнун жаңы окуу корпусун ачты

Садыр Жапаров Таласта КУУнун жаңы окуу корпусун ачты

Өлкө башчы Садыр Жапаров бүгүн Талас облусуна болгон иш сапарынын алкагында Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин Таластагы көп профилдүү институтунун жаңы окуу корпусунун ачылышына катышты. Президенттин администрациясынын маалыматына караганда, беш кабаттуу, жалпы аянты 5600 чарчы метр болгон корпус 3000 студентке ылайыкталып, заманбап жабдуулар жана санариптик технологиялар менен камсыздалды. Мамлекет