Садыр Жапаров TRON негиздөөчүсү Жастин Сан менен жолугушту

Садыр Жапаров TRON негиздөөчүсү Жастин Сан менен жолугушту

Күн мурун Президент Садыр Жапаров TRON блокчейн-платформасынын негиздөөчүсү Жастин Санды кабыл алды. Жолугушууда Кыргызстанда виртуалдык активдерди жана блокчейн технологияларын өнүктүрүү маселелери талкууланды.

Мамлекет башчысы TRON платформасынын криптоиндустриядагы ролун белгилеп, санариптик доордо мындай технологиялар жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачып жатканын айтты. Ал Кыргызстанда бул тармакты өнүктүрүүгө өзгөчө көңүл бурулуп жатканын кошумчалады.

Президенттин айтымында, өлкөдө Виртуалдык активдер жана блокчейн технологияларын өнүктүрүү боюнча Улуттук кеңеш түзүлүп, бир катар маанилүү чечимдер кабыл алынган. Алардын катарында улуттук стейблкоинди ишке киргизүү жана санариптик валютаны сыноо демилгелери бар.

Ошондой эле мыйзамдык база жаңыланып, жакын арада тармакты жөнгө салуучу жаңы мамлекеттик орган түзүлөрү белгиленди. Кыргызстан криптовалютаны кабыл алуу боюнча дүйнөдө алдыңкы орундардын бирин ээлейт.

Жастин Сан өз кезегинде Кыргызстанда бул тармакты өнүктүрүү үчүн чоң мүмкүнчүлүктөр бар экенин айтып, кызматташууга кызыкдар экенин билдирди. Ал TRON экосистемасын тааныштырып, өлкөдө ишмердүүлүк жүргүзүү жана билим берүү долбоорлорун ишке ашыруу пландары бар экенин айтты.

Жыйынтыгында Президент тиешелүү органдарга блокчейн жана виртуалдык активдер тармагында кызматташууну күчөтүү боюнча тапшырма берди.

Мындан тышкары окуңуз

Бишкекте II эл аралык UmutDoc даректүү тасмалар фестивалы өтүүдө

Бишкекте II эл аралык UmutDoc даректүү тасмалар фестивалы өтүүдө

Бишкекте 10–14-сентябрь күндөрү II Эл аралык UmutDoc даректүү тасмалар фестивалы өтүп жатат. Быйылкы фестиваль белгилүү даректүү тасма режиссёру Альгимантас Видугиристин элесине арналууда. Анын чыгармачылыгына арналган атайын ретроспективдүү программа да уюштурулган. Фестивалдын ачылыш аземи 10-сентябрда "Ала-Тоо" кинотеатрында өттү. Анын алкагында Альгимантас Видугиристин 1971-жылы тартылган

Таласта "Акылман" лицейи ачылды

Таласта "Акылман" лицейи ачылды

Президент Садыр Жапаров бүгүн Талас облусуна болгон иш сапарынын алкагында Талас шаарындагы "Акылман" лицейинин ачылышына катышты. Ошондой эле онлайн форматта Кыргызстан боюнча 100 социалдык объектти ишке киргизди. Президенттик администрация билдиргендей, мамлекет башчысы лицейдин ачылышында билимдүү, мекенчил жана татыктуу жаштар эгемен Кыргызстандын негизги күчү экенин белгилеп, окуучуларды заманбап билим

Ошто 142 млн сомдук заманбап оорукана курулду

Ошто 142 млн сомдук заманбап оорукана курулду

Ош облусунун Ноокат районундагы Жаңы-Базар айылында 40 койкалуу заманбап оорукана курулду. Бул тууралуу Курулуш министрлигинен билдиришти. Долбоор министрлик тарабынан республикалык бюджеттин эсебинен ишке ашырылып, жалпы наркы 142 миллион сомду түздү. Жалпы аянты 2400 чарчы метрди түзгөн үч кабаттуу имаратта терапия, хирургия жана төрөт бөлүмдөрү жайгашат. Ошондой эле оорукананын жанына

Садыр Жапаров Таласта КУУнун жаңы окуу корпусун ачты

Садыр Жапаров Таласта КУУнун жаңы окуу корпусун ачты

Өлкө башчы Садыр Жапаров бүгүн Талас облусуна болгон иш сапарынын алкагында Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин Таластагы көп профилдүү институтунун жаңы окуу корпусунун ачылышына катышты. Президенттин администрациясынын маалыматына караганда, беш кабаттуу, жалпы аянты 5600 чарчы метр болгон корпус 3000 студентке ылайыкталып, заманбап жабдуулар жана санариптик технологиялар менен камсыздалды. Мамлекет