Быйылкы жылдын I кварталында 53 салык кызматкери жоопкерчиликке тартылды

Быйылкы жылдын I кварталында 53 салык кызматкери жоопкерчиликке тартылды

Мамлекеттик салык кызматы 2026-жылдын биринчи кварталында коррупцияга каршы күрөшүү жана ачык-айкындуулукту камсыздоо боюнча жүргүзүлгөн иштердин жыйынтыгын чыгарды.

Ага ылайык, үч ай ичинде салык кызматкерлеринин үстүнөн 76 кайрылуу келип түшкөн. Текшерүүлөрдүн жыйынтыгында кызматтык тартипти бузгандыгы үчүн 53 кызматкер жоопкерчиликке тартылды.

Колдонулган жаза чаралары:

  • эскертүү – 32;
  • сөгүш жана катуу сөгүш – 18;
  • кызматынан төмөндөтүү – 2;
  • кызматтан бошотуу – 1.
Мындан тышкары, бир кызматтык иликтөөнүн материалдары юридикалык баа берүү үчүн Башкы прокуратурага өткөрүлүп берилди. Ошондой эле жарандардын арыздарынын негизинде мыйзам бузган 46 салык төлөөчүгө айып пул салынды.

Салык кызматы жарандарды кызматкерлердин мыйзамсыз аракеттери тууралуу (0312) 61-11-13 ишеним телефону же +996 (779) 613-189 WhatsApp номери аркылуу билдирүүгө чакырат.

Мындан тышкары окуңуз

Кант шаарындагы ипотекалык үйлөр эмдиги жылы пайдаланууга берилет

Кант шаарындагы ипотекалык үйлөр эмдиги жылы пайдаланууга берилет

Кант шаарында Мамлекеттик ипотекалык компания салып жаткан 5 250 батирлүү турак жай 2027-жылы пайдаланууга берилет. Бул тууралуу Министрлер Кабинетинин Төрагасы Адылбек Касымалиев курулушту көрүп жатканда маалымдады.  Иш сапардын жүрүшүндө өкмөт башчы долбоордун эскиздик чечимдери, инфраструктуралык камсыздоо жана курулуштун даярдык этабы боюнча жооптуу тараптардан кеңири маалымат алды. Долбоор үчүн Кант шаарынын

Адылбек Касымалиев:  Кыргызстандын экономикасы 9-10% өстү

Адылбек Касымалиев:  Кыргызстандын экономикасы 9-10% өстү

Экономиканын өсүү темпи боюнча Кыргызстан алдыңкы өлкөлөрдүн бири болду. Бул тууралуу Адылбек Касымалиев журналисттерге берген маегинде билдирди. Минкаб төрагасы өз сөзүндө, Кыргызстандын экономикасы жылда 9-10 % өсүп жатканын белгиледи. А.Касымалиев 2024-жылы Кыргызстандын экономикасынын өсүү темпи боюнча дүйнөдө 3-орунга чыккандыгын кошумчалады. Эске салсак, расмий бийлик тарабынан 2025-жылы Кыргызстандын экономикасы өсүп, ИДП

Кадамжайда жерлерди мыйзамсыз берген мурдагы жетекчилер кармалды

Кадамжайда жерлерди мыйзамсыз берген мурдагы жетекчилер кармалды

Кадамжай районунун Ак-Турпак айыл өкмөтүнүн мурдагы жооптуу кызмат адамдары тарабынан уюштурулган коррупциялык схема аныкталды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти. Маалыматка ылайык, УКМК тарабынан жер мыйзамдары жаатындагы коррупциялык көрүнүштөрдү аныктоо жана бөгөт коюу боюнча жүргүзүлүп жаткан иш-чаралардын алкагында кылмыш иши козголгон. Тергөөнүн жүрүшүндө Ак-Турпак айыл өкмөтүнүн мурдагы жетекчилери кызматтык

Манас шаарында 5200 орундуу спорт сарайынын курулушу жүрүүдө

Манас шаарында 5200 орундуу спорт сарайынын курулушу жүрүүдө

Курулуш министрлиги тарабынан Манас шаарында 5200 орундуу заманбап борбордук спорт сарайынын курулушу жүрүүдө. Долбоор республикалык бюджеттин эсебинен каржыланууда. Бул тууралуу аталган министрликтин басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка караганда, Башкы план боюнча спорт сарайынын жалпы аянты 2,5 гектарды түзөт. Анда төрт кабаттуу административдик имарат, бассейн, машыгуу аянтчалары, VIP коноктор үчүн