Кыргызстан менен Монголиянын кызматташтыгы жаңы баскычка көтөрүлүүдө

Кыргызстан менен Монголиянын кызматташтыгы жаңы баскычка көтөрүлүүдө

Министрлер Кабинетинин Төрагасы Адылбек Касымалиев Монголиянын Кыргызстандагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Содном Ганхуягды анын дипломатиялык миссиясынын аякташына байланыштуу кабыл алды. Бул тууралуу Өкмөттүн Басма сөз кызматынан билдиришти.

Жолугушуунун жүрүшүндө акыркы жылдары эки өлкөнүн ортосундагы достук жана кызматташтык мамилелердин активдүү өнүгүп жатканы белгиленди. Айрыкча мамлекет башчыларынын өз ара мамлекеттик сапарлары маанилүү окуяларга айланып, эки тараптуу байланыштарды чыңдоого өбөлгө түзгөнү айтылды.

Мындан тышкары, Монголиянын Премьер-министринин Кыргызстанга расмий сапары, ошондой эле соода-экономикалык, илимий-техникалык жана маданий-гуманитардык кызматташтык боюнча кыргыз-монгол өкмөттөр аралык комиссиясынын жыйындары эки өлкө ортосундагы кызматташуунун кеңейишине шарт түздү.

Тараптар учурда бир катар тармактардагы долбоорлорду илгерилетүү боюнча иштер жүрүп жатканын белгилешип, соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык байланыштар туруктуу өнүгүп жатканын баса белгилешти.

Адылбек Касымалиев үстүбүздөгү жылдын сентябрь айында Кыргызстанда өтө турган VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына токтолуп, Монголиянын делегациясы салттуу түрдө активдүү катышып, иш-чарага өзгөчө көрк кошоруна ишеним билдирди.

Өз кезегинде Элчи Содном Ганхуяг монгол тарап эки өлкө ортосундагы мамилелерди мындан ары да чыңдоого жана өнүктүрүүгө, ошондой эле биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууга даяр экенин белгиледи.

Мындан тышкары окуңуз

Садыр Жапаров Таласта КУУнун жаңы окуу корпусун ачты

Садыр Жапаров Таласта КУУнун жаңы окуу корпусун ачты

Өлкө башчы Садыр Жапаров бүгүн Талас облусуна болгон иш сапарынын алкагында Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин Таластагы көп профилдүү институтунун жаңы окуу корпусунун ачылышына катышты. Президенттин администрациясынын маалыматына караганда, беш кабаттуу, жалпы аянты 5600 чарчы метр болгон корпус 3000 студентке ылайыкталып, заманбап жабдуулар жана санариптик технологиялар менен камсыздалды. Мамлекет

Ысык-Көлдө кайра иштетүү ишканаларынын иши текшерилди

Ысык-Көлдө кайра иштетүү ишканаларынын иши текшерилди

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министринин орун басары Рысгүл Акимжанова Ысык-Көл облусуна болгон иш сапарында айыл чарба продукциясын өндүргөн жана кайра иштеткен ишканалардын ишмердүүлүгү менен таанышты. Бул тууралуу министрликтин маалымат кызматы кабарлады. Маалыматка ылайык, Балыкчы шаарындагы "Оберон" ишканасында жашылча-жемиштерди сактоого арналган 12

Талас облусунда 7 айда 39,5 млрд сомдук өнөр жай продукциясы өндүрүлдү

Талас облусунда 7 айда 39,5 млрд сомдук өнөр жай продукциясы өндүрүлдү

2026-жылдын январь-июль айларында Талас облусунун ишканалары 39,5 млрд сомдук өнөр жай продукциясын өндүрүштү. Бул тууралуу Экономика жана коммерция министрлиги билдирди. Өнөр жай өндүрүшүнүн көлөмү өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 6,6 пайызга өстү. Өсүш негизинен пайдалуу кендерди казып алуу, кайра иштетүү өнөр жайы жана электр энергиясы, газ

Чүйдөгү сүт чогултуу пункттарына 44 жаңы цистерна берилди

Чүйдөгү сүт чогултуу пункттарына 44 жаңы цистерна берилди

Шопоков шаарында Чүй облусундагы сүт чогултуу пункттарына дат баспас болоттон жасалган жаңы цистерналарды өткөрүп берүү аземи өттү. Бул тууралуу Айыл чарба министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады. Маалым болгондой, цистерналар Дүйнөлүк банк тарабынан каржыланган "Туруктуу агрокластерлерди өнүктүрүү" долбоорунун алкагында сатылып алынган. Чүй жана Жалал-Абад облустарындагы сүт чогултуу пункттары