Садыр Жапаров Астанада өтүп жаткан Регионалдык экологиялык саммитке катышууда

Садыр Жапаров Астанада өтүп жаткан Регионалдык экологиялык саммитке катышууда

Президент Садыр Жапаров бүгүн Казакстандын Астана шаарында өтүп жаткан Регионалдык экологиялык саммитке катышуу үчүн барды.

“EXPO” Эл аралык көргөзмө борборунда мамлекет башчысын Казакстан Республикасынын Президенти Касым-Жомарт Токаев тосуп алды.

Расмий тосуп алуу аземинен жана биргелешкен сүрөткө түшүүдөн кийин мамлекет жана өкмөт башчылары Жашыл жана туруктуу технологиялардын эл аралык көргөзмөсү менен таанышышты. Иш-чарага Кыргызстандын, Казакстандын, Грузиянын, Түркмөнстандын, Монголиянын, Өзбекстандын, Тажикстандын лидерлери жана Азербайжандын премьер-министри катышты.

Көргөзмөдө ар бир өлкө өзүнүн улуттук павильонун сунуштады. Кыргызстандын павильонунда күн панелдери, жер семирткичтер, электромобилдер үчүн кубаттоочу түзмөктөр жана башка ата мекендик продукциялар көрсөтүлдү.

Андан соң делегация башчылары Регионалдык экологиялык саммиттин пленардык жыйынына катышуу үчүн Конгресс-борборго өтүштү.

Белгилей кетсек, саммит туруктуу өнүгүү боюнча жалпы көз карашты калыптандырууга жана Борбор Азия өлкөлөрүнүн экологиялык саясатын Бириккен Улуттар Уюму менен өнөктөштүктө координациялоого багытталган. Иш-чаранын алкагында пленардык жыйындар, тематикалык эксперттик панелдер жана жашыл технологиялардын эл аралык көргөзмөсү өткөрүлүүдө.

Мындан тышкары окуңуз

Садыр Жапаров Таласта КУУнун жаңы окуу корпусун ачты

Садыр Жапаров Таласта КУУнун жаңы окуу корпусун ачты

Өлкө башчы Садыр Жапаров бүгүн Талас облусуна болгон иш сапарынын алкагында Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин Таластагы көп профилдүү институтунун жаңы окуу корпусунун ачылышына катышты. Президенттин администрациясынын маалыматына караганда, беш кабаттуу, жалпы аянты 5600 чарчы метр болгон корпус 3000 студентке ылайыкталып, заманбап жабдуулар жана санариптик технологиялар менен камсыздалды. Мамлекет

Ысык-Көлдө кайра иштетүү ишканаларынын иши текшерилди

Ысык-Көлдө кайра иштетүү ишканаларынын иши текшерилди

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министринин орун басары Рысгүл Акимжанова Ысык-Көл облусуна болгон иш сапарында айыл чарба продукциясын өндүргөн жана кайра иштеткен ишканалардын ишмердүүлүгү менен таанышты. Бул тууралуу министрликтин маалымат кызматы кабарлады. Маалыматка ылайык, Балыкчы шаарындагы "Оберон" ишканасында жашылча-жемиштерди сактоого арналган 12

Талас облусунда 7 айда 39,5 млрд сомдук өнөр жай продукциясы өндүрүлдү

Талас облусунда 7 айда 39,5 млрд сомдук өнөр жай продукциясы өндүрүлдү

2026-жылдын январь-июль айларында Талас облусунун ишканалары 39,5 млрд сомдук өнөр жай продукциясын өндүрүштү. Бул тууралуу Экономика жана коммерция министрлиги билдирди. Өнөр жай өндүрүшүнүн көлөмү өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 6,6 пайызга өстү. Өсүш негизинен пайдалуу кендерди казып алуу, кайра иштетүү өнөр жайы жана электр энергиясы, газ

Чүйдөгү сүт чогултуу пункттарына 44 жаңы цистерна берилди

Чүйдөгү сүт чогултуу пункттарына 44 жаңы цистерна берилди

Шопоков шаарында Чүй облусундагы сүт чогултуу пункттарына дат баспас болоттон жасалган жаңы цистерналарды өткөрүп берүү аземи өттү. Бул тууралуу Айыл чарба министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады. Маалым болгондой, цистерналар Дүйнөлүк банк тарабынан каржыланган "Туруктуу агрокластерлерди өнүктүрүү" долбоорунун алкагында сатылып алынган. Чүй жана Жалал-Абад облустарындагы сүт чогултуу пункттары