Кыргызстанда эң кымбат окутуу келишими 288 миң сом

Кыргызстанда эң кымбат окутуу келишими 288 миң сом

Кыргызстанда жогорку окуу жайларындагы эң кымбат окутуу келишиминин баасы 288 миң сомго жеткенин депутат Медер Чотонов бүгүн Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди. Анда "Баатыр эне" ордени менен сыйланган энелердин балдарына мамлекеттик билим берүү жеңилдиктерин берүү тууралуу токтом долбоору талкууланды.

Анын айтымында, Агартуу министрлигинин маалыматы боюнча, ЖОЖдордогу эң арзан контракттын баасы 29,5 миң сом болсо, эң кымбаты — 288 миң сомду түзөт.
"Айрым жогорку окуу жайларда окуу акысы доллар менен төлөнөт. Андай жерлерде окуунун баасы 7,5 миң долларга чейин жетет. Бул, өзгөчө көп балалуу үй-бүлөлөр үчүн абдан жогорку сумма", — деди Медер Чотонов.

Ал баатыр энелерди жана алардын балдарын колдоого багытталган бул токтомду колдоого чакырды.

Бул үй-бүлөлөрдү, айрыкча алардын балдарын колдоо максатында, аталган категориядагы студенттер үчүн ЖОЖдордо контракттык окуу акысына 50 пайыздык жеңилдик берүү сунушталууда. Бул жеңилдик окуу жайдын менчигинин түрүнө же кайсы мекемеге караштуу экенине карабастан колдонулат.

Жеңилдик биринчи жогорку билимди алууда гана берилет.

Мындан тышкары окуңуз

Ошто коомдук коопсуздук боюнча көп функционалдуу борбор ачылды

Ошто коомдук коопсуздук боюнча көп функционалдуу борбор ачылды

Бүгүн, Ош шаарында коомдук коопсуздукту жана өзгөчө кырдаалдарга даярдыкты күчөтүүгө багытталган көп функционалдуу борбор ачылды. Бул тууралуу ӨКМнин басма сөз кызматынан кабарлашты. Билдирүүгө караганда, борбордо өзгөчө кырдаалдар үчүн зарыл материалдык запастар сакталат. Ошондой эле кризистик кырдаалда координациялык иштерди жүргүзүүгө жана зарыл болсо жарандар үчүн убактылуу баш калкалоочу жай катары пайдаланууга

Ишкер Media
Эки өлкөнүн мамлекет башчылары жолугушту

Эки өлкөнүн мамлекет башчылары жолугушту

Авазада бүгүн, Президент Садыр Жапаров Түркмөнстандын Президенти Сердар Бердымухамедов менен жолугушту. Эки өлкөнүн мамлекет башчылары эки тараптуу кызматташтыктын актуалдуу маселелерин жана кыргыз-түркмөн мамилелерин мындан ары өнүктүрүүнүн келечегин талкуулашты. Президенттин басма сөз кызматынын маалыматына караганда, жолугушууда тараптар соода-экономикалык жана энергетика тармактарындагы кызматташтыкты кеңейтүүгө, ошондой эле транспорттук-логистикалык байланыштарды өнүктүрүүгө

Ишкер Media
Жүрөктүн кагышын көзөмөлдөп, өзү ойгото турган "акылдуу" керебет

Жүрөктүн кагышын көзөмөлдөп, өзү ойгото турган "акылдуу" керебет

Уйкуну көзөмөлдөп, температураны өзү жөнгө салып, жүрөктүн кагышын жана дем алуу ыргагын өлчөп, адамды ойготкон «акылдуу» керебеттер пайда болду. Мындай технологиялардын бири — америкалык Eight Sleep компаниясынын Pod системасы. Ал кадимки матраска орнотулуп, уктап жаткан адамдын көрсөткүчтөрүн атайын сенсорлор аркылуу көзөмөлдөйт. Системанын негизги өзгөчөлүктөрүнүн бири — керебеттин эки тарабындагы температураны өзүнчө жөнгө

Ишкер Media
Евробиримдик Россиянын “гибриддик ишмердүүлүгүнө” байланыштуу чектөөлөрдү узартты

Евробиримдик Россиянын “гибриддик ишмердүүлүгүнө” байланыштуу чектөөлөрдү узартты

Евробиримдиктин Кеңеши Россиянын чет өлкөлөрдөгү туруксуздаштыруучу аракеттерине жооп катары киргизилген айрым чектөө чараларынын мөөнөтүн 2027-жылдын 9-октябрына чейин узартты. Евробиримдиктин маалыматына ылайык, чаралар Россиянын “гибриддик ишмердүүлүгүнө”, анын ичинде чет өлкөлүк маалымат мейкиндигин манипуляциялоо жана кийлигишүүгө (FIMI) байланыштуу киргизилген. Учурда бул санкциялык режимдин алкагында 80 жеке адамга жана 20 уюмга

Ишкер Media