Кыргызстанда сот отурумдары тууралуу билдирүүлөр электрондоштурулат

Кыргызстанда сот отурумдары тууралуу билдирүүлөр электрондоштурулат

“Сот” автоматташтырылган маалымат системасы аркылуу электрондук билдирүү киргизилип жатканын Жогорку соттон билдиришти.

Кечээ Жогорку соттун төрагасынын орун басары Нурлан Мусаев жергиликтүү соттордун төрагалары менен онлайн-кеңешме өткөргөн. Анда сот тутумун санариптештирүү алкагында процесске катышуучуларды автоматташтырылган түрдө кабарлоо функциясы ишке киргизилгендиги айтылды. Эми иш боюнча тараптар соттук отурумдар жөнүндө расмий билдирүүлөрдү “Сот” тутуму аркылуу өздөрүнүн мобилдик телефондоруна жана электрондук почталарына түз ала алышат.

“ Бул механизм процесстин катышуучуларын тийиштүү түрдө жана өз убагында кабарлоону, алардын соттук отурумдарга иш жүзүндө катышуусун камсыз кылууга, ошондой эле сот адилеттигин жүзөгө ашыруунун натыйжалуулугун жогорулатууга багытталган. Мындай мамиле почта билдирүүлөрүн кол менен тариздөө жана жөнөтүү сыяктуу көп эмгекти талап кылган процедуралардан баш тартууга мүмкүндүк берет, бул кабарлоо процессин бир топ тездетет жана сот аппаратынын кызматкерлерине болгон жүктөмдү азайтат”, - деди Нурлан Мусаев.

Пилоттук долбоордун артыкчылыктары:

  • бюджеттик каражаттарды сарамжалдуу жана натыйжалуу пайдалануу камсыз кылынат. Анткени, бир почта билдирүүсүнүн баасы болжол менен 127 сомду түзсө, бир электрондук билдирүүнүн баасы болжол менен 5 сомду түзөт.
  • билдирүүлөрдү жеткирүүнүн жогорку ыкчамдыгына жетишилет жана билдирүү процесстин катышуучусуна заматта келип түшөт.

Белгиленгендей, соттук отурумдун алдында автоматтык түрдө эскертүү жөнөтүү функциясы ишке ашырылган, бул тараптардын келбей калуу учурларын азайтууга өбөлгө түзөт.

Ошондой эле, сотко чакыруу тууралуу бардык маалымат кадимки СМС же электрондук почтадагы кат аркылуу жеткиликтүү экендиги, жарандардын кагаз жүзүндөгү чакыруу кагаздарын алуу үчүн почта бөлүмүнө баруусунун кажети жоктугу айтылды. Тутумда билдирүүнүн жөнөтүлгөн так убактысы жана жеткирилген статусу катталат, бул процесстин катышуучуларынын укуктарынын корголушуна кепилдик берет.

Мындан тышкары окуңуз

Ошто коомдук коопсуздук боюнча көп функционалдуу борбор ачылды

Ошто коомдук коопсуздук боюнча көп функционалдуу борбор ачылды

Бүгүн, Ош шаарында коомдук коопсуздукту жана өзгөчө кырдаалдарга даярдыкты күчөтүүгө багытталган көп функционалдуу борбор ачылды. Бул тууралуу ӨКМнин басма сөз кызматынан кабарлашты. Билдирүүгө караганда, борбордо өзгөчө кырдаалдар үчүн зарыл материалдык запастар сакталат. Ошондой эле кризистик кырдаалда координациялык иштерди жүргүзүүгө жана зарыл болсо жарандар үчүн убактылуу баш калкалоочу жай катары пайдаланууга

Ишкер Media
Эки өлкөнүн мамлекет башчылары жолугушту

Эки өлкөнүн мамлекет башчылары жолугушту

Авазада бүгүн, Президент Садыр Жапаров Түркмөнстандын Президенти Сердар Бердымухамедов менен жолугушту. Эки өлкөнүн мамлекет башчылары эки тараптуу кызматташтыктын актуалдуу маселелерин жана кыргыз-түркмөн мамилелерин мындан ары өнүктүрүүнүн келечегин талкуулашты. Президенттин басма сөз кызматынын маалыматына караганда, жолугушууда тараптар соода-экономикалык жана энергетика тармактарындагы кызматташтыкты кеңейтүүгө, ошондой эле транспорттук-логистикалык байланыштарды өнүктүрүүгө

Ишкер Media
Жүрөктүн кагышын көзөмөлдөп, өзү ойгото турган "акылдуу" керебет

Жүрөктүн кагышын көзөмөлдөп, өзү ойгото турган "акылдуу" керебет

Уйкуну көзөмөлдөп, температураны өзү жөнгө салып, жүрөктүн кагышын жана дем алуу ыргагын өлчөп, адамды ойготкон «акылдуу» керебеттер пайда болду. Мындай технологиялардын бири — америкалык Eight Sleep компаниясынын Pod системасы. Ал кадимки матраска орнотулуп, уктап жаткан адамдын көрсөткүчтөрүн атайын сенсорлор аркылуу көзөмөлдөйт. Системанын негизги өзгөчөлүктөрүнүн бири — керебеттин эки тарабындагы температураны өзүнчө жөнгө

Ишкер Media
Евробиримдик Россиянын “гибриддик ишмердүүлүгүнө” байланыштуу чектөөлөрдү узартты

Евробиримдик Россиянын “гибриддик ишмердүүлүгүнө” байланыштуу чектөөлөрдү узартты

Евробиримдиктин Кеңеши Россиянын чет өлкөлөрдөгү туруксуздаштыруучу аракеттерине жооп катары киргизилген айрым чектөө чараларынын мөөнөтүн 2027-жылдын 9-октябрына чейин узартты. Евробиримдиктин маалыматына ылайык, чаралар Россиянын “гибриддик ишмердүүлүгүнө”, анын ичинде чет өлкөлүк маалымат мейкиндигин манипуляциялоо жана кийлигишүүгө (FIMI) байланыштуу киргизилген. Учурда бул санкциялык режимдин алкагында 80 жеке адамга жана 20 уюмга

Ишкер Media