Аймактык коопсуздук күн тартибинде: С.Жапаров ШКУ өкүлдөрүн кабыл алды

Аймактык коопсуздук күн тартибинде: С.Жапаров ШКУ өкүлдөрүн кабыл алды

Бүгүн, Президент Садыр Жапаров Коргоо министрлеринин кеңешмесине катышуу үчүн келген Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө-мамлекеттердин коргоо ведомстволорунун жетекчилерин кабыл алды.

Расмий маалыматка ылайык, жолугушуу Коргоо министрлеринин кеңешмесине катышуу үчүн Бишкекке келген делегациялардын алкагында өттү. Мамлекет башчысы Кыргызстан ШКУнун учурдагы төрагасы катары коргоо тармагындагы кызматташтыкты чыңдоого өзгөчө көңүл бурарын белгиледи.

Президент биргелешкен аскердик машыгууларды өткөрүү, тажрыйба алмашуу жана коргоо ведомстволорунун ортосундагы координацияны жакшыртуу негизги багыттар экенин айтты.

Садыр Жапаров кеңешменин жыйынтыгында жетишилген макулдашуулар ШКУ өлкөлөрүнүн ортосундагы коргоо кызматташтыгын бекемдеп, аймактык коопсуздукту чыңдоого өбөлгө түзөрүнө ишеним билдирди.

Мындан тышкары окуңуз

Кыргызстанда дан эгиндеринин 75,6 пайызы жыйналды

Кыргызстанда дан эгиндеринин 75,6 пайызы жыйналды

Үстүбүздөгү жылы республика боюнча негизги айыл чарба өсүмдүктөрүнүн түшүмдүүлүгү өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу жогору болуп, түшүм жыйноо иштери белгиленген графикке ылайык уланууда. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, өлкө боюнча 467,5 миң гектар дан эгиндери жыйналып, бул жалпы пландын

Улуттук банк Баткенде финансылык сабаттуулук боюнча лекция өткөрдү

Улуттук банк Баткенде финансылык сабаттуулук боюнча лекция өткөрдү

9-сентябрда Улуттук банктын Баткен облусундагы өкүлчүлүгү Лейлек районунун жана Раззаков шаарынын тургундары үчүн "Финансылык сабаттуулук" боюнча көчмө лекция өткөрдү. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматы билдирди. Маалымдалгандай, лекциянын жүрүшүндө Улуттук банктын ролу жана функциялары, улуттук валютанын тарыхы, өнүгүү этаптары жана коргоо белгилери тууралуу маалымат берилди. Ошондой эле

Таласта Эгемендүүлүктүн 35 жылдыгына арналган төкмө акындардын айтышы башталды

Таласта Эгемендүүлүктүн 35 жылдыгына арналган төкмө акындардын айтышы башталды

Таласта Кыргызстандын Эгемендүүлүгүнүн 35 жылдыгына арналган иш-чаралар "Манас Ордо" улуттук комплексинде төкмө акындардын өнөр таймашы менен башталды. Иш-чарада 16 төкмө акын өз өнөрүн тартуулап, Талас өрөөнүнүн тургундарына жана аймакка келген конокторго чыгармачылыгын сунушташты. Төкмө акындардын таймашынын жалпы байге фонду 3 млн сомду түзөт. Мааракелик иш-чаралардын

Онлайн-насыяңыз үчүн пайыздык ченди тандаңыз. DemirBank акциясы уланууда

Онлайн-насыяңыз үчүн пайыздык ченди тандаңыз. DemirBank акциясы уланууда

DemirBank'та "Өз пайыздык чениңди танда" акциясы уланууда, ал кардарларга онлайн-насыянын чендерин өздөрү аныктоого мүмкүндүк берет. 2026-жылдын 31-октябрына чейин банктын мобилдик тиркемеси аркылуу өтүнмө бергенде, кардар жылына 0% дан 19,99% га чейинки ченди тандай алат. Тиркемеде ченди тандагандан кийин, анын жактыруу ыктымалдыгы көрсөтүлөт.