Акимдер менен мэрлердин иши жаңы система менен бааланат
Министрлер Кабинети жергиликтүү бийлик органдарынын ишин баалоонун жаңы системасын киргизди. Бул тууралуу Президенттик админстрациянын маалымат жана саясат бөлүмүнөн билдиришти.
Маалыматка таянсак, жаңы тартипке ылайык, эми облустардагы президенттин өкүлдөрү, шаар мэрлери жана район жетекчилери аймактын социалдык-экономикалык көрсөткүчтөрү боюнча бааланат.
Баалоо жыл сайын жүргүзүлүп, ар бир жетекчи тапшырылган маалыматтын тактыгы жана өз убагында берилиши үчүн жеке жоопкерчилик тартат.
Системаны Экономика жана коммерция министрлиги координациялап, бардык аймактар боюнча рейтинг даярдайт.
Маалыматка ылайык, жаңы механизм жергиликтүү бийликтин жоопкерчилигин күчөтүп, аймактарды өнүктүрүү ишин натыйжалуу кылууга багытталган.