Максат Алымбековго  мандат тапшырылды

Максат Алымбековго  мандат тапшырылды

Борбордук шайлоо комиссиясы 19-майдагы отурумунда Максат Алымбековго мандат берди. 

Ага №20 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Жогорку Кеӊештин депутатынын бош мандаты өткөрүлүп берилди. 

11-майда Темирлан Айтиев өз арызы менен депутаттык мандатын тапшырган.

Максат Алымбеков парламенттик шайлоодо 2867 добуш алган. 

Ал Ысык-Көл облусунун Балыкчы шаарында төрөлгөн. 2001-жылы Бишкек шаарындагы орто мектепти аяктап, Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинен “Юриспруденция” адистигин аяктаган. 
Б.Ельцин атындагы Кыргыз-орус славян университетинен “Каржылык менеджмент” багыты боюнча экинчи жогорку билимин алган.

Эмгек жолун 2005-жылы жеке адвокаттык кеңседе адвокаттын жардамчысы катары баштап, 2008-жылга чейин иштеген. 

2017–2021-жылдары Бишкек шаардык кеңешинин аппаратынын жетекчиси болгон. 

2021-жылы Бишкек шаардык кеңешинин депутаты – “Ынтымак” фракциясынын лидери болуп иштеп жаткан.

Күндүн негизги жаңылыктары — Telegram каналыбызда Каналга катталуу

Мындан тышкары окуңуз

Саясат

Акыркы жаңылыктар

Баары

Кыргызстан менен Аргентинанын айыл чарба тармагында кызматташуусу талкууланды

900 миң сом опузалоого шектелген УКМКнын жалган кызматкери кармалды

Ала-Букада көмүрдүн килограммы 7 сомдон 9 сомго чейин сатылууда

Ысык-Көлдө пансионат курган ишканага 200 миң сом айып салынды

Вайс-Ситиге жетүү үчүн 6,5 саат: Кыргызстанда GTA VI оюнун жүктөп алуу канча убакытты талап кылат?