Кыргызстан КМШ Жаштар парламенттер аралык ассамблеясына төрагалык кылууда

Кыргызстан КМШ Жаштар парламенттер аралык ассамблеясына төрагалык кылууда

Санкт-Петербург шаарында КМШга мүчө мамлекеттердин Жаштар парламенттер аралык ассамблеясынын кезектеги жыйыны өттү.

Жыйындын жүрүшүндө быйыл ассамблеяга Кыргыз Республикасы төрагалык кылып жатканы белгиленип, Координаторлук кызматка Жогорку Кеңештин депутаты Табылды Муратбековдун талапкерлиги сунушталды.

Добуш берүүнүн жыйынтыгында Табылды Муратбеков КМШ Жаштар парламенттер аралык ассамблеясынын Координатору болуп шайланды.

Андан соң ал Кыргыз Республикасындагы мамлекеттик жаштар саясаты жана жаштар парламентаризмин өнүктүрүү тууралуу баяндама жасады.

Депутаттын айтымында, жаштар саясаты өлкөдөгү артыкчылыктуу багыттардын бири болуп саналат.

"Президенттин колдоосу менен түзүлгөн “Кыргызстан Жаштар Кыймылы” өлкөнүн бардык аймактарындагы активдүү жаштарды бириктирип, жаштар демилгелерин колдоого алган натыйжалуу аянтчага айланды", – деди Табылды Муратбеков.

Ошондой эле ал Кыргызстанда жаштар парламентаризми да жигердүү өнүгүп жатканын белгиледи.

Анын айтымында, Жогорку Кеңештин Төрагасына караштуу Жаштар кеңеши жаштар менен парламенттин байланышын чыңдоодо маанилүү ролду аткарууда.

Мындан тышкары, жыйындын алкагында жасалма интеллекттин жаштарга тийгизген таасири, аны мамлекеттик жаштар саясатында колдонуу, жаштар кызматташтыгындагы шахмат дипломатиясы жана башка актуалдуу темалар талкууланды.

Мындан тышкары окуңуз

Улуттук банкта санариптик активдердин коопсуздугу талкууланды

Улуттук банкта санариптик активдердин коопсуздугу талкууланды

9-сентябрда Улуттук банкта коммерциялык банктардын өкүлдөрү үчүн "Санариптик активдер: коопсуздук, комплаенс жана көзөмөл" аттуу воркшоп өттү. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматы билдирди. Маалымдалгандай, иш-чарага блокчейн-технологиялар жана санариптик активдердин коопсуздугу боюнча эл аралык компаниялардын бири болгон CertiK компаниясынын өкүлдөрү катышты. Воркшоп Улуттук банк менен CertiKтин

"Бала ырысына" 285,6 млн сом төлөм жүргүзүлдү

"Бала ырысына" 285,6 млн сом төлөм жүргүзүлдү

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги 10-сентябрда "Бала ырысы" ай сайын берилүүчү мамлекеттик жөлөкпулунун кезектеги төлөмү каржыланганын билдирди. Маалымат базасы жаңыртылып, жарандардын арыздары иштелип чыккандан кийин төлөм алууга 232 229 алуучу түзүлдү. Каржылоонун жалпы суммасы 285 млн 588 миң 480 сомду түздү. Эске салсак, "Бала ырысы&

Кытайдын ири компаниялары Кыргызстанга кызыгууда

Кытайдын ири компаниялары Кыргызстанга кызыгууда

Бүгүн Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин башчысы Равшанбек Сабиров Кытайдвын 19 ири компаниясынын жетекчилери менен жолугушту. Агенттиктин маалыматына ылайык, жолугушууда кайра жаралуучу энергетика, жасалма интеллект, машина куруу, тоо-кен жана кайра иштетүү өнөр жайы сыяктуу тармактардагы инвестициялык долбоорлор талкууланды. Компаниялардын арасында Tesla жана Apple компанияларына тетиктерди жана технологиялык чечимдерди жеткирген ишканалар

Экономика жана коммерция министрлигинин өкүлдөрү эл аралык өнөктөштөр менен жолугушту

Экономика жана коммерция министрлигинин өкүлдөрү эл аралык өнөктөштөр менен жолугушту

Бүгүн КРнын экономика жана коммерция министринин орун басары Медербек Туманов өнүктүрүү боюнча эл аралык өнөктөштөр менен жолугушуп, мындан аркы кызматташууну өркүндөтүү маселелерин талкуулады. Жолугушууда эл аралык гранттык жана техникалык жардамды координациялоо, ошондой эле министрлик менен өнүктүрүү боюнча өнөктөштөрдүн өз ара аракеттенүүсүнүн натыйжалуулугун жогорулатуу маселелери талкууланды. Медербек Туманов эл аралык өнөктөштөрдүн