Садыр Жапаров Швейцариянын Улуттук банкынын төрагасын кабыл алды

Садыр Жапаров Швейцариянын Улуттук банкынын төрагасын кабыл алды

Президент Садыр Жапаров кечээ Чолпон-Ата шаарында Швейцариянын Улуттук банкынын төрагасы Мартин Шлегелди кабыл алды.

Жолугушууда эки өлкөнүн борбордук банктарынын ортосундагы кызматташтыкты өнүктүрүү, техникалык өз ара аракеттенүү жана тажрыйба алмашуу маселелери талкууланды. Ошондой эле финансылык-банктык тармакка эл аралык стандарттарды киргизүүгө көңүл бурулду.

Мамлекет башчысы Улуттук банктын дараметин чыңдоо жана адистердин квалификациясын жогорулатуу Кыргызстан үчүн маанилүү багыт экенин белгиледи. Ал Швейцариянын бул тармактагы тажрыйбасы өлкө үчүн чоң мааниге ээ экенин айтып, кызматташтыкты мындан ары да улантууга кызыкдар экенин билдирди.

Тараптар эл аралык резервдерди башкаруу боюнча кызматташууга өзгөчө көңүл бурушту. Садыр Жапаров кыргыз тарап кесиптик тажрыйба алмашууну кеңейтүүгө жана адистер ортосунда туруктуу диалогду колдоого даяр экенин айтты.

Өз кезегинде Мартин Шлегель Кыргызстанга болгон биринчи сапарына кубанычта экенин белгилеп, эки өлкөнүн борбордук банктарынын кызматташтыгын жогору баалады. Ал 1990-жылдары Швейцариянын Улуттук банкынын эксперттери сомду киргизүү боюнча кеңеш беришкенин эске салып, бүгүнкү күндө сом аймактагы эң күчтүү валюталардын бири экенин айтты.

Мындан тышкары, ал Швейцария кыргыз тарап менен техникалык өнөктөштүктү улантууга даяр экенин билдирип, Кыргызстандын экономикалык өсүү темпи Борбор Азиядагы эң жогорку көрсөткүчтөрдүн бири экенин белгиледи.

Жолугушуунун соңунда Мартин Шлегель Ысык-Көлдүн жаратылышына жана Кыргызстандын кооз тоолуу пейзаждарына жогору баа берди.

Мындан тышкары окуңуз

Улуттук банкта санариптик активдердин коопсуздугу талкууланды

Улуттук банкта санариптик активдердин коопсуздугу талкууланды

9-сентябрда Улуттук банкта коммерциялык банктардын өкүлдөрү үчүн "Санариптик активдер: коопсуздук, комплаенс жана көзөмөл" аттуу воркшоп өттү. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматы билдирди. Маалымдалгандай, иш-чарага блокчейн-технологиялар жана санариптик активдердин коопсуздугу боюнча эл аралык компаниялардын бири болгон CertiK компаниясынын өкүлдөрү катышты. Воркшоп Улуттук банк менен CertiKтин

"Бала ырысына" 285,6 млн сом төлөм жүргүзүлдү

"Бала ырысына" 285,6 млн сом төлөм жүргүзүлдү

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги 10-сентябрда "Бала ырысы" ай сайын берилүүчү мамлекеттик жөлөкпулунун кезектеги төлөмү каржыланганын билдирди. Маалымат базасы жаңыртылып, жарандардын арыздары иштелип чыккандан кийин төлөм алууга 232 229 алуучу түзүлдү. Каржылоонун жалпы суммасы 285 млн 588 миң 480 сомду түздү. Эске салсак, "Бала ырысы&

Кытайдын ири компаниялары Кыргызстанга кызыгууда

Кытайдын ири компаниялары Кыргызстанга кызыгууда

Бүгүн Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин башчысы Равшанбек Сабиров Кытайдвын 19 ири компаниясынын жетекчилери менен жолугушту. Агенттиктин маалыматына ылайык, жолугушууда кайра жаралуучу энергетика, жасалма интеллект, машина куруу, тоо-кен жана кайра иштетүү өнөр жайы сыяктуу тармактардагы инвестициялык долбоорлор талкууланды. Компаниялардын арасында Tesla жана Apple компанияларына тетиктерди жана технологиялык чечимдерди жеткирген ишканалар

Экономика жана коммерция министрлигинин өкүлдөрү эл аралык өнөктөштөр менен жолугушту

Экономика жана коммерция министрлигинин өкүлдөрү эл аралык өнөктөштөр менен жолугушту

Бүгүн КРнын экономика жана коммерция министринин орун басары Медербек Туманов өнүктүрүү боюнча эл аралык өнөктөштөр менен жолугушуп, мындан аркы кызматташууну өркүндөтүү маселелерин талкуулады. Жолугушууда эл аралык гранттык жана техникалык жардамды координациялоо, ошондой эле министрлик менен өнүктүрүү боюнча өнөктөштөрдүн өз ара аракеттенүүсүнүн натыйжалуулугун жогорулатуу маселелери талкууланды. Медербек Туманов эл аралык өнөктөштөрдүн