Алмаз Ажыгулов УКМК төрагасынын орун басары болуп дайындалды
Президент Садыр Жапаров кол койгон тескемеге ылайык, Алмаз Ажыгулов Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасынын орун басары – Киберкоопсуздукту камсыздоо боюнча координациялык борбордун директору болуп дайындалды.
Тиешелүү чечим Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 71-беренесинин негизинде кабыл алынды.
Жаңы кызматында Алмаз Ажыгулов өлкөнүн киберкоопсуздугун камсыздоо, маалыматтык инфраструктураны коргоо жана санариптик мейкиндиктеги коопсуздукту чыңдоо боюнча иштерди координациялайт.