Президентке Ош шаарынын өнүктүрүү долбоорлору тааныштырылды

Президентке Ош шаарынын өнүктүрүү долбоорлору тааныштырылды

Президент Садыр Жапаров бүгүн Ош облусуна болгон кыска мөөнөттүү иш сапарынын алкагында Ош шаарын өнүктүрүүгө багытталган бир катар ири инфраструктуралык жана инвестициялык долбоорлор менен таанышты.

Мамлекет башчысына шаар чөйрөсүн модернизациялоого, калктын жашоо шартын жакшыртууга жана инвестициялык жагымдуулукту арттырууга багытталган пландар сунушталды.

Долбоорлордун арасында аянты 22 миң чарчы метрден ашкан жана 5200 көрүүчүгө ылайыкталган көп функционалдуу спорттук аренанын курулушу каралган. Бул объект жаштар үчүн спорттук мелдештерди, маданий жана коомдук иш-чараларды өткөрүүгө мүмкүнчүлүк түзөт.

Мындан тышкары, Ош шаарында туристтерди жана кол өнөрчүлөрдү колдоого багытталган этно-тарыхый комплекс куруу пландалууда. Комплекстин аймагында эс алуу паркы, тарыхый-маданий зоналар жана соода аянтчалары жайгашат.

Ошондой эле эл аралык франшизалардын негизинде иштей турган мейманканаларды жана билим берүү мекемелеринин филиалдарын куруу долбоорлору сунушталды.

Ош шаарынын мэри Жанарбек Акаев белгилегендей, бул долбоорлор шаардын архитектуралык көрүнүшүн жаңылап, анын инвестициялык жана туристтик потенциалын жогорулатууга өбөлгө түзөт.

Сунушталган долбоорлор менен таанышкандан кийин Президент Садыр Жапаров бардык курулуш жана инвестициялык демилгелерди ишке ашырууда сапатка өзгөчө көңүл бурууну, ошондой эле тартылган каражаттарды натыйжалуу пайдаланууну тапшырды.

Мындан тышкары окуңуз

Кыргызстанда 100 млн долларлык "Сары-Таш" логистикалык борбору түзүлөт

Кыргызстанда 100 млн долларлык "Сары-Таш" логистикалык борбору түзүлөт

Бүгүн Инвестициялар боюнча улуттук агенттик менен "Текстиль Транс" ЖЧКсы "Сары-Таш" эл аралык транспорттук-логистикалык борборун түзүү боюнча өз ара түшүнүшүү жана кызматташтык жөнүндө меморандумга кол коюшту. Бул тууралуу агенттиктин маалымат кызматы кабарлады. Маалым болгондой, долбоорго 100 млн долларга чейин инвестиция тартуу пландалууда. Борбор Кытай - Кыргызстан

Тамеки продукциясын контрабандалык жол менен алып өтүүгө аракет кылган жаран кармалды

Тамеки продукциясын контрабандалык жол менен алып өтүүгө аракет кылган жаран кармалды

УКМК жана Мамлекеттик бажы кызматынын кызматкерлери ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө КРнын аймагы аркылуу өтүп жаткан товарларды контрабандалык жол менен ташуунун трансчек аралык каналын аныктап, ага бөгөт койду. УКМКнын маалыматына таянсак, жүргүзүлгөн атайын операциянын жүрүшүндө 2026-жылдын 6-сентябрында “Ош” эл аралык аэропортунда “Esse Change” тамеки продукциясын ири өлчөмдө контрабандалык

"Абердин-ангус" асыл тукум малдарын жылдык 3 % жеңилдетилген насыя аркылуу алууга болот

"Абердин-ангус" асыл тукум малдарын жылдык 3 % жеңилдетилген насыя аркылуу алууга болот

Фермерлер Абердин-ангус породасындагы асыл тукум малды жылдык 3 % жеңилдетилген насыя аркылуу сатып алуу мүмкүнчүлүк түзүлдү. Мындай билдирүүнү Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен кабарлашты. Билдирүүгө караганда, насыя алуу үчүн “АБанк” же “Элдик Банкка” кайрылууга болот. Насыя 5 жылга чейин, жеңилдетилген мезгили 12 айга чейин берилет.

Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарында “Росатомдун” колдоосу менен инклюзивдүү чебер-класстар өткөрүлдү

Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарында “Росатомдун” колдоосу менен инклюзивдүү чебер-класстар өткөрүлдү

Иш-чара “Рухтун жел кайыктары” долбоорунун 10-жылдык мааракесинин алкагында өткөрүлдү. Долбоордун командасы көчмөн маданиятынын салттарын жана кыргыз меймандостугун заманбап инклюзивдүү практика менен айкалыштырган уникалдуу боз үй тартуулады. 24-августтан 5-сентябга чейин Ысык-Көлдө “Рухтун жел кайыктары 2026: Экстрабилити кыймылы. Улантууну тандайбыз” аттуу эл аралык инклюзивдүү лагерь өттү. Аны