Адылбек Касымалиев Михаил Мишустин менен жолукту

Адылбек Касымалиев Михаил Мишустин менен жолукту

Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Россия Федерациясына болгон жумушчу сапарынын алгачкы күнү Россиянын премьер-министри Михаил Мишустин менен жолугушту. Бул тууралуу президенттик админстрациянын маалыматтык саясат бөлүмүнөн билдиришти.

Маалыматка ылайык, жолугушууда тараптар эки тараптуу кызматташуунун ар түрдүү багыттарындагы актуалдуу маселелерди талкуулашты. Сүйлөшүүлөрдө экономика, соода, транспорт багыттары боюнча кызматташтык маселелери каралды. Өкмөт башчылары эки өлкөнүн кызматташтыгын мындан ары чыңдоого багытталган жаңы биргелешкен чечимдерди иштеп чыгууну пландап жатканын белгилешти.

Эске салсак, Адылбек Касымалиев жумушчу сапары менен Екатеринбург шаарында жүрөт. Анын алкагында бир катар жолугушууларды өткөрүп, "Иннопром" эл аралык өнөр жай көргөзмөсүнө катышат.

Күндүн негизги жаңылыктары — Telegram каналыбызда Каналга катталуу

Мындан тышкары окуңуз

Саясат

Акыркы жаңылыктар

Баары

Кыргызстан менен Аргентинанын айыл чарба тармагында кызматташуусу талкууланды

900 миң сом опузалоого шектелген УКМКнын жалган кызматкери кармалды

Ала-Букада көмүрдүн килограммы 7 сомдон 9 сомго чейин сатылууда

Ысык-Көлдө пансионат курган ишканага 200 миң сом айып салынды

Вайс-Ситиге жетүү үчүн 6,5 саат: Кыргызстанда GTA VI оюнун жүктөп алуу канча убакытты талап кылат?