Жөнөкөй велосипедден батирге чейин: Канттагы курьер үч жылда кантип турак жайга акча тапты
Эмил Ашыралиев 2023-жылы убактылуу жумуш издеп Москвага келген кезде, курьердик жеткирүү анын жашоосуна мынчалык туруктуулук жаратат деп, ойлогон эмес. Үч жылга жетпеген убакыттын ичинде ал жөнөкөй велосипед менен жеткирүүчүдөн - жогорку рейтингдеги курьерге айланып, 5 миллиондон ашык рубль үнөмдөп, өзүнүн кичи мекени - Кантка кайтып келип, ал жерден өзүнүн биринчи батирин сатып алды.
Бүгүнкү күндө Эмил Кыргызстанда буйрутмаларды жеткирүүнү улантууда, жаңы батирин оңдоп-түзөп, азыр унаага акча чогултуп жаткан чак. Ал кантип туруктуу кирешеге чыкканын, топтогон акчасына биринчи үйүн сатып алууда кандай сезимде болгонун жана эмне үчүн курьердик жеткирүүнү тандап алганын айтып берди.
Айтсаңыз, 2023-жылы Москвага эмне үчүн барып калдыңыз жана эмнеге курьердик ишти тандадыңыз эле?
Ал кезде менин агам Москвада таптакыр башка тармакта - бармен болуп иштеп жаткан. Мен ага учуп барып, өзүмө иш издедим. Ошол кезде мен 29 жашта болчум, Яндекс эмне экенин же жеткирүү эмне экенин билчи эмесмин. Мен убактылуу акча табуу үчүн курьер болуп турайын деп ойлогом.
Эсимде, 2023-жылдын 8-марты болчу, мен автопаркка велосипедди ижарага алганы баргам. 9-мартта кеңсеге келсем, директор: “Сен слот алдыңбы?” - деди. Мен слот деген эмне экенин да түшүнгөн жокмун, ошондуктан: “Жок. Эмне болду?” - дедим. Ал системадан карап: “Ооба, слоттор жок экен. Эртең кел” - деди. Мен кайра ачууланып “эгер каалабасаңыз, мага да кереги жок. Мен иштебей деле коем” деп ойлогонум эсимде. Болду, ошондон кийин мен жумуш издеп, ал жакка бир жумадай барбай койгом.
Дүкөнгө жумушка орноштум, бирок андан майнап чыкпагандан кийин, кайра курьердик жумушка толук убакытта иштөөгө барууну туура таптым. Башында абдан кыйналдым. Март айында Москвада дагы эле тизеден кар жаап жаткан, мен кантип кийинүүнү билчү эмесмин. Ошондуктан, башында көп ооруп жүрдүм.
Иш жакшы жүрүп, мээнетиңиз акталып жатканын качан түшүндүңүз?
Эсимде, биринчи жумада мен болгону - 5000 рубль тапкам. Москва үчүн бул акча өтө аз. Бирок бир айдын ичинде мен ишти үйрөнүп, тейлөөнүн стандарттарын жана система кандай иштээрин түшүнө баштадым. Экинчи айдан баштап, жумасына 20-22 000 рубль таап калдым.
Жети ай бою мен кадимки велосипед менен жүрдүм. Андан кийин электр велосипеддер пайда болуп, жеткирүүнү жеңилдетти. Ошондон кийин иштөөгө болгон каалоом пайда болду. Натыйжада, мен тез эле лидерликке чыгып, жаңы келген курьерлерге көнүп кетүүгө жардам бере баштадым.
Батир алуу жөнүндөгү кыял эмнеден улам пайда болду?
Экинчи айдан баштап, айына мен 100 000 рублдан топтой баштадым. Ал эми экинчи жылдан баштап, беш айдын ичинде миллион чогулта алдым. Анан, биринчи миллионумду тапкандан кийин, ошол акчаны батирге чогулта баштайм, деп ойлоп жүргөм.
Чынын айтсам, ошол кезде кыймылсыз мүлк канча тураарын да билген эмесмин, жөн эле топтой бердим. 2025-жылдын аягында Кыргызстанга кайтып келдим. Ошол кезде, үч жылга жетпеген убакыттын ичинде, 5 миллион рублдан ашык акча топтоп койгом. Өлкөгө учуп келе электе эле, Канттан батир издеп жатып, жарнамадан мага жакканын көрдүм. Анан мында келээрим менен башка варианттарды карап да койгон жокмун, шыр эле ошону сатып алдым.
Батирдин ээси катары - биринчи жолу ичине киргенде кандай сезим болду?
Менде кандайдыр бир күчтүү сезимдер деле болгон жок. Батирдин мурунку ээлери Россияга учуп келишкендиктен, мен аны рубль менен сатып алдым. Акчаны рубль менен таптым да, рубль менен батир сатып алдым.
Мен аларга Санкт-Петербургга учуп кеткенге чейин убакыт бердим, алар ачкычты эшиктин астындагы килемчеге бастырып кетишти. Мен эртең менен келип, ачкычты алып, ичкери кирдим. Бирок батирди курьер болуп алганымды, канча акча тапканымды ойлогонумда өзүмө: “Жаман эмес” - деп айтканмын.
Жаңы жылды кош майрам катары белгилегенибиз да эсимде - батир Жаңы жылдан эки күн мурун, 29-декабрда сатылып алынган. Мен аны Жаңы жылга чейин сатып алгым келди эле, ошондуктан бул 2025-жылды жакшы жыйынтыктоо катары эсимде калды.
Бул эски батир, мен аны толугу менен оңдоп-түзөөдөн өткөрүүнү чечтим – электр зымдарын, сантехниканы жана жылытуу системасын толугу менен алмаштырдым. Жыгач полду алып чыгып, өзү тегиздөөчү пол төшөдүм, бардык терезелерди жана эшиктерди алмаштырдым, ал тургай ваннаны да алмаштырдым.
Алгач, оңдоо иштери башталганда, жумушчулар кеткенден кийин да, кээде батирде калып, бул жерде эмне кылсам, деп эки-үч саат бою ойлонуп отурчум.
Кантта дагы Яндекс Goнун тамак-аш жеткирүү сервиси бар экенин кайдан билдиңиз?
Мен Москвада иштеп жүргөн кезде Канттык таанышыма жолугуп калдым. Ал да мендей курьер болуп иштей баштаганда, ага кантип акча табуу керек экенин үйрөтчүм. Кийин ал менден биринчи Кыргызстанга кайтып келген, ошондон билдим - Кантта да Тамак-аш сервиси ачылганын.
Ошентип, мен батирди 2025-жылдын 29-декабрында сатып алсам, 6-январда скутер сатып алып, сервиске туташтым.
Бул жерде шаар кичине болгондуктан, буйрутмалар да азыраак. Бирок бул жерде да мен эң жогорку деңгээлде иштейм. Системанын рейтингдери бар — күмүш, алтын, платина. Мен “Платина” рейтингиндемин. Менимче, мен Канттагы орточо айлыктан эки эсе көп табам. Эгер оңдоп-түзөө иштери болбогондо, акчам жакшы эле жетмек болчу.


Сиз азыр жеткирүүнү батирди оңдоп-түзөө менен айкалыштырып жатасыз. Оңдоо иштери кандай жүрүп жатат?
Мен көбүнчө жеткирүү графигимди өзүмө ылайыкташтырам. Жумушчулар иштеп жатканда, кээде буйрутмалардын ортосунда кирип чыгам. Кээде иштебесем, өзүм да бир аз жумуш жасайм.
Менимче негизги жумуштун көпчүлүгү бүттү, материалдардын көпчүлүгү сатылып алынды. Болгону жыйынтыктоочу иштер калды. Канча каражат жумшалганын жазып турам, орто эсеп менен жарым миллиондой кетти. Дагы көп жумуштар бар. Мен баарын бүтүрүп, ушул жылдын аягына чейин жаңы батириме көчүп кирсемби дейм.
Оңдоп-түзөөдөн кийинки кийинки кандай максатыңыз бар?
Кыязы - унаа сатып алуу. Кыш жакындап калды, мен скутерим менен иштей албайм. Кышында же агамдын унаасын сурап алышым керек, же өзүмө унаа сатып алууга жетишип калышым керек. Азыр оңдоп-түзөө иштерин жүргүзүү менен бирге, унаага акча топтоп жатам.
Кантта курьерлерге кандай мамиле жасашат? Сиздин ишиңизге көп кызыгышабы?
Биздин өлкөдө курьерлерди - бир аз жарды, деген стереотиптер бар. Бирок мен буйрутмаларды аткарып жаткан жылдар аралыгында бул туура эмес экенин түшүндүм. Москвада күнүмдүк жумушунда жетекчи болуп иштеген адамдар да, буйрутмаларды жеткирип турушчу. Мисалы, бизде BMW X7 айдап, курьер болуп иштеген кыз бар болчу.
Мага курьер болуп иштөө жана анын шарттары жагат. Көптөр жеткирүүгө келип, кантип иштөөнү түшүнө беришпейт. Башында, түшүнбөгөндө, көп акча деле таба албайсың. Айрымдары үйрөнгүсү келбейт, сервистин стандарттарын билишпейт жана аларды бирөөлөр алдап койгондой сезиле берет. Бирок бул андай эмес. Мен да башында ушинтип ойлочум.
Азыр мен Кантта курьер болуп иштеп, болжол менен ошол эле 1000 долларды таба алам. Ал эми Бишкектен андан да көп тапсам керек.
Көптөн бери буйрутмаларды жеткирип жүрсөң, кардарлар үчүн сен жөн гана курьер болууну токтотосуз. Алар сенин ал-жайыңды сурашып, көчөдө саламдашып, баарлашып башташат. Ошондуктан Яндекс мен үчүн жөн гана жеткирүү эмес. Бул адамдар менен байланышуу жана пикир алмашуунун жолу.

