Чүйдө өстүрүлгөн 90 сомдук брокколи: импортту жергиликтүү продукция менен алмаштырууну фермер кантип өздөштүрдү

Чүйдө өстүрүлгөн 90 сомдук брокколи: импортту жергиликтүү продукция менен алмаштырууну фермер кантип өздөштүрдү

Кыргызстандын базарларында брокколи импорттук азык катары саналат, бирок жергиликтүү фермерлер бул өсүмдүктү өзүбүздө өстүрүүнү өздөштүрө башташты. Алардын бири - Чүй облусундагы Адилхан Мирлан уулунун чарбасы. Быйыл фермер брокколи экинчи жолу өстүрүп жатат. Алгачкы жылы 50 сотых жерге эгилсе, быйыл аянт үч гектарга чейин көбөйгөн. Учурда түшүм жыйноо уланууда. Чарбада жалпысынан 60 тоннага жакын брокколи алуу пландалууда.

Фермер Economist.kg басылмасына берген маегинде, бул багыттагы ишти кантип баштаганы, кандай кыйынчылыктарга туш болгону жана чарбасына кандай пландарды коюп жатканы тууралуу айтып берген.

Шотландиядан Чүй облусуна чейин

Адилхан үч жыл бою Англияда айыл чарба тармагында иштеп келген. Анын ичинде Шотландиядагы брокколи өстүрүлгөн фермада да эмгектенген. Дал ошол жерден Кыргызстанда бул өсүмдүктү өстүрүп көрүү идеясы пайда болгон.

“Ошол жерде брокколини Кыргызстанда да өстүрсө болот экен деген ой пайда болгон. Шотландияда жүргөндө бул идеяны үч жыл бою багып жүрдүм”, — дейт фермер.

Келишими аяктагандан кийин ал мекенине кайтып келип, брокколи өстүрүү технологиясын изилдей баштаган. Алгачкы сезонду тажрыйба катары өткөрүп, 50 сотых жерге эгип көргөн.

"Биз өсүмдүктүн кандай өсөрүн көрүп, практикалык тажрыйба топтоп, технологиясын түшүнгүбүз келди", — дейт ал.

Учурда чарба Чүй облусунун Аламүдүн районундагы Арашан айылында жайгашкан. Быйыл эгилген аянт үч гектарга чейин көбөйтүлгөн. Азыр түшүм жыйноо уланып жатат, фермер болжол менен 60 тонна брокколи алууну күтүп жатат.

Көчөттөн экинчи түшүмгө чейин

Фермердин айтымында, брокколи көчөт аркылуу өстүрүлөт. Алгач уругу атайын күнөсканаларга себилет. Болжол менен бир айдан кийин көчөтү чыгып, даяр болгондо ачык жерге отургузулат.

“Бир сезондо эки жолу түшүм алабыз. Биринчи түшүмдү жыйнап алгандан кийин талааны кайра иштетип, көчөттөрдүн жаңы партиясын отургузабыз. Быйыл биринчи түшүмдү июнь айынын ортосунда жыйнай баштадык. Азыр экинчи түшүмдү алып жатабыз”, — деди Адилхан Мирлан уулу.

Адилхан өстүрүүдө Нидерланддан жана Япониядан алынган урукту колдонот. Анын айтымында, эрте бышуучу сорттор Нидерланддан, ал эми кеч күздө бышуучу сорт Япониядан келет. Колдонулган сорттордун бири — нидерланддык «Титан». Экинчиси — Sakata селекциясына таандык япониянын “Наксос” сорту.

“Сортторду Шотландияда жүргөндө эле Кыргызстандын климатына ылайыктап тандагам. Негизинен брокколи салкын аба ырайын жакшы көрөт, ал эми Кыргызстанда жайында температура жогору болуп кетиши мүмкүн. Ошондуктан ысыкка жана кургакчылыкка жакшы чыдаган, ооруларга туруктуу жана баштары чоң, тыгыз болгон сортту тандадым”, - дейт фермер.

Брокколини өстүрүү канча турат?

Фермердин эсебине ылайык, бир гектар брокколи өстүрүүгө болжол менен 400 миң сом жумшалат. Бул суммага үрөн, көчөт, сезондук жумушчулар жана башка чыгымдар кирет.

Мындан тышкары, тамчылатып сугаруу системасына олуттуу каражат талап кылынат. Адилхандын айтымында, аны орнотууга болжол менен 1 млн сом кеткен.

Азырынча чарбада туруктуу иштеген кызматкерлер жок. Сезон маалында фермер убактылуу жумушчуларды тартат.

“Азырынча бизде жыл бою иштей турган толук цикл түзүлө элек, ошондуктан туруктуу жумушчулар жок. Сезондук жумушчулардын эмгегин колдонобуз”, — деп түшүндүрдү ал.

Эмне үчүн брокколи 90 сомдон сатылат?

Фермер бардык продукциясын Кыргызстандын ичинде сатат. Негизги сатуу каналы — анын Instagramдагы жеке баракчасы. Ал жерде буйрутмаларды кабыл алып, брокколини өлкөнүн ар кайсы аймактарындагы сатып алуучуларга жөнөтүп турат.

Учурда Адилхан өстүргөн брокколинин бир килограммы болжол менен 90 сом турат. Жеткиликтүү баа анын бул өсүмдүктү өстүрүүгө киришкен себептеринин бири болгон.

“Мен пайдалуу азыкты сатып алуучулар үчүн жеткиликтүү кылгым келди. Шотландияда иштеп жүргөндө брокколи ал жакта дээрлик премиум продукт катары эсептелерин байкагам. Ошондо мекенимде брокколи өстүрүп, аны жеткиликтүү баада сатуу жөнүндө ойлонгом”,- деди фермер.

Адилхандын айтымында, Кыргызстандын базарларындагы брокколинин олуттуу бөлүгү Кытайдан келет. Анын пикиринде, импорттук продукциянын кымбатташына логистикалык чыгымдар да таасир этет. Ал эми жергиликтүү өндүрүштү өнүктүрүү мындай чыгымдардын бир бөлүгүн кыскартып, продукцияны сатып алуучулар үчүн жеткиликтүү кылууга мүмкүнчүлүк берет, деп эсептейт.

“Рынокто алып келинген брокколинин баасы килограммына 200–250 сомго чейин жетиши мүмкүн. Ал эми биз 90 сомдон сатабыз. Менин оюмча, эгер брокколини өзүбүздө өстүрсөк, ата мекендик продукция калк үчүн жеткиликтүү болушу керек”, — дейт Адилхан.

Органикалык чарба

Фермер өз продукциясын органикалык деп мүнөздөйт. Анын айтымында, брокколи өстүрүүдө негизинен органикалык жер семирткичтерди жана каражаттарды колдонууга аракет кылат.

Адилхан айыл чарба продукциясын өстүрүүдө химиялык каражаттарды ашыкча колдонуу анын сапатына терс таасир этип, адамдын организмине зыян келтириши мүмкүн деп эсептейт. Ошондуктан өз чарбасында өсүмдүктөрдү өстүрүүдө органикалык ыкмаларга басым жасайт.

“Бардык жашылча-жемиштер организмге пайдалуу. Бирок азыр өстүрүүдө ар кандай каражаттар колдонулат, ал эми химиялык каражаттарды ашыкча пайдалануу адамга терс таасирин тийгизиши мүмкүн. Ошондуктан мен дайыма органикалык жер семирткичтерди жана каражаттарды гана колдонууга аракет кылам. Бул органикалык заттардын негизиндеги - биогумус, биоторф, компосттор. Ошондой эле буларды суюк түрдө колдонобуз”, — деди фермер.

Кантип фермерлерди бириктирип, экспортко чыкса болот

Азырынча Адилхан брокколини ички рынокто гана сатат. Кийинки этап — өндүрүштү көбөйтүү жана экспортко чыгуу. Бул үчүн фермер башка өндүрүүчүлөргө брокколи өстүрүүнү үйрөтүүнү пландап жатат.

Жакын арада ал фермерлер үчүн мастер-класс өткөрүп, өстүрүү технологиясы менен бөлүшкөнү турат. Эгер башка чарбалар да бул багытка кызыкса, Адилхан өндүрүүчүлөрдү бириктирип, чет өлкөгө жеткирүү үчүн жетиштүү көлөмдөгү продукцияны түзүүнү пландап жатат.

“Эгер фермерлер кызыгып, брокколи өстүрө баштаса, өндүрүүчүлөрдү бириктирип, коңшу өлкөлөргө экспорттоо мүмкүнчүлүктөрүн издөөнү каалайбыз”, — дейт ал.
Фермердин айтымында, брокколини Кыргызстандын дээрлик бардык аймактарында өстүрүүгө болот. Эң негизгиси — ылайыктуу сортторду тандап, технологияны конкреттүү аймактын климаттык шарттарына ылайыкташтыруу керек.

Мындан тышкары окуңуз

Чек арадан ири мүйүздүү малды контрабандалык жол менен өткөрүүчү туруктуу канал аныкталды

Чек арадан ири мүйүздүү малды контрабандалык жол менен өткөрүүчү туруктуу канал аныкталды

УКМК Чек ара кызматы менен биргеликте Баткен облусунун аймагында КРнан Тажикстан Республикасына мамлекеттик чек ара аркылуу ири мүйүздүү малды контрабандалык жол менен өткөрүүнүн туруктуу каналын аныктап, ага бөгөт койду. Соттун санкциясы менен жүргүзүлгөн атайын тергөө иш-чараларынын жүрүшүндө КРнын жарандарынын тобу тарабынан өздөрүнүн кылмыштуу ишмердүүлүгүн жашыруу максатында, колдоо көрсөтүп туруу

Ишкер Media
Салык түшүүлөр 309 млрд сом болуп, план ашыгы менен аткарылды

Салык түшүүлөр 309 млрд сом болуп, план ашыгы менен аткарылды

Мамлекеттик салык кызматынын төрагасынын орун басары Кубанычбек Ысабеков Кыргызстандын салык системасы экономиканын өсүү темпине жетише албай жатат деген маалыматты четке какты. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматы кабарлады. Анын айтымында, мындай билдирүүлөр чындыкка дал келбейт. Акыркы жылдары Салык кызматы салыктык башкарууну жакшыртып, көмүскө экономиканы кыскартуу боюнча иш алып барууда. 2025-

Ишкер Media
Бажыны санариптештирүү жана бизнес менен өнөктөштүк форуму болду

Бажыны санариптештирүү жана бизнес менен өнөктөштүк форуму болду

Бүгүн, “Ала-Арча” мамлекеттик резиденциясында “Заманбап бажы: санариптик трансформация, эл аралык кызматташтык жана бизнес менен өнөктөштүк” аттуу форум болуп өттү. Иш-чаранын уюштуруучусу, Мамлекеттик бажы кызматынын маалыматына караганда,  ага бажы кызматынын, "МБИ" ААКтын, "Бирдиктүү терезе" борборунун, "Салык Сервис", "Кызмат" ишканаларынын өкүлдөрү, Электрондук

Ишкер Media
Ошто жаңыланган чек ара комплекси пайдаланууга берилди

Ошто жаңыланган чек ара комплекси пайдаланууга берилди

Бүгүн Ош шаарында Мамлекеттик чек ара кызматынын Ош облусу боюнча башкармалыгынын жаңыланган комплекси ачылды. Бул тууралуу шаардык мэрия кабарлады. Маалыматка ылайык, салтанатка президент Садыр Жапаров катышты. Реконструкцияда штаб, казарма, ашкана, медпункт, спорт комплекси жана турак жайлар толук жаңыртылды. Иш-чарада онлайн форматта дагы 2 объект - Чүйдөгү "Ойронду" жана

Ишкер Media