Бизнесте жасалма интеллекти колдонуу менен ишиңизди жеңилдетиңиз!

Бизнесте жасалма интеллекти колдонуу менен ишиңизди жеңилдетиңиз!

Жасалма интеллект биздин жашообуздун бардык сферасына, анын ичинде  бизнеске да ылдамдык менен кирип жатат. Жасалма интеллект компьютердик системдердин адам сыяктуу ойлонуп, анализ жүргүзүп, чечим кабыл алуусуна мүмкүндүк берген технология экенин билесиз.

"Мына ушул технологиянын түрдүү платформалар бизнесте сиздин ишти жеңилдетип, мыкты жардамчы болуп берип, ишиңизди алга жылдырат. Бул жаатта кенен маалымат берем" – дейт жасалма интеллект боюнча эксперт, IT инженери Айзаратбек Эсенов. 
Айзаратбек мырза 31 жашта. Эл аралык инноваациялык технологиялар университетин аяктаган. Максаты: Кыргызстанда санариптик билим берүүнү жаана инновыцияларды кеңири жайылтуу. Жасалма интеллектин акыркы жетишкендиктерин изилдөө жана колдонуу жаатында сунуштарды элге жайылтуу. 

Ишти жеңилдетүү үчүн программист болуунун кереги жок

Бишкектеги кичинекей кондитердик цехтин ээсин элестетиңиз. Эртең менен торт бышырат, түштөн кийин жеткирүүчүлөр менен сүйлөшөт. Кечинде Instagram баракчасындагы "баасы канча?", "эртеңге үлгүрөсүзбү?" деген ондогон суроолорго жооп берет. Түн ортосунда болсо эртеңки акция үчүн пост ойлоп отурат. Эртең менен баары кайра башталат.

Тааныш көрүнүшпү? Кыргызстандагы кичи жана орто бизнесте бир адам эле өзү көбүнчө сатуучу, маркетолог, дизайнер, бухгалтер да. Жыл сайын "бирөөнү жумушка алсам" деп ойлойт, бирок бюджети жетпейт.

Мына ушул жерде жасалма интеллект (кыскача ЖИ) жардамга келет. Ачык айтайын: ал сиздин ордуңузду баспайт жана бизнесиңизди сиздин ордуңузга жүргүзбөйт. Бирок ар күнү кайталанган, көп убакыт кеткен иштерди өзүнө алып, сиздин жашооңузду жеңилдетет.

Бул кызматтардын көбүн колдонуу үчүн программист болуунун кереги жок. Телефон, интернет жана бир аз кызыгуу жетиштүү. Бул макалада кайсы программалар бар экенин, алар эмнеге жөндөмдүү экенин жана кантип баштоону жөнөкөй тил менен айтып бергенге аракет кылам.

ЖИ бизнесте кандайча жардамчы?

Жасалма интеллектти абдан тез окуган, эч качан чарчабаган жардамчы катары элестетсеңиз болот. Ага иш тапшырасыз, ал бир нече секундада даярдайт. Бирок ал жаңы келген кызматкер сыяктуу: эмне керектигин так түшүндүрбөсөңүз, эмне болсо ошону жасайт, ошондуктан анын ишин текшерип турушуңуз керек.

Бизнес үчүн ЖИнин пайдасы үч нерседен турат. Биринчиси - убакыт: мурда бир күн алган иш азыр 1 саатта бүтөт. Экинчиси - акча: дизайнерге, копирайтерге, диктор-актёрго төлөнгөн чыгымдардын бир бөлүгү кыскарат. Үчүнчүсү - ылдамдык: кардар суроосуна түнү да, майрам күнү да дароо жооп алат, демек башка дүкөнгө кетип калбайт.

Айырманы ачык көрүү үчүн күнүмдүк иштерди "мурда" жана "азыр" деп салыштырып көрөлү.

  Күнүмдүк иштер ЖИге чейин жана ЖИ менен

Google бизнеске эмне сунуштайт?

Google акыркы жылдары кичи бизнес үчүн бир топ ЖИ куралдарын чыгарды. Алардын көбү Google Labs деген "эксперименттер лабораториясынан" чыгат. Айрымдары менен жакындан таанышалы.

·      Pomelli — сиздин жеке маркетологуңуз.

·      Pomelli — Google Labs'тын маркетинг куралы, жана менин оюмча, кичи бизнес үчүн эң кызыктуу жаңылыктардын бири. Иштөө принциби жөнөкөй: сиз сайтыңыздын дарегин бересиз, ал бизнесиңиздин "ДНКсын" - түстөрүн, шрифттерин, сүрөттөрүнүн стилин, сүйлөө манерасын өзү үйрөнүп алат. Андан кийин ошол стилде соцтармактар үчүн постторду, жарнак сүрөттөрдү жана тексттерди даярдап берет.

Мурда брендиңизге ылайык пост жасаш үчүн дизайнерге "биздин түстөр мындай, логотип тигиндей" деп узак түшүндүрүп, бир нече күн күтчүбүз. Азыр Pomelli бир нече мүнөттө бир нече вариант сунуштайт, сиз жакканын тандап, керек болсо оңдоп, жарыялай бересиз.

·      Flow — студиясыз видео

Flow — Google'дун видео жаратуучу куралы, Veo деген модель менен иштейт. Сиз сөз менен сүрөттөп бересиз, ал кыска видео тартып берет. Мисалы: "жаңы бышкан тандыр нан, ысык нандан буу көтөрүлүп жатат, камера жай жакындайт". Жыйынтыгында наабайканаңыз үчүн жарнак клипти оператор, атайын жарыктрдын жардамысыз жана студиясыз эле аласыз.

Кеңеш катары айтайын: ЖИ жараткан видеону жарнакта колдонсоңуз, ал чыныгы продукцияңызга окшош болсун. Мисалы кардар видеодогу тортту көрүп келип, такыр башка нерсени алса, ишеним жоголот.

·      Gemini — Gmail, Docs жана Sheets ичиндеги жардамчы

Эгер күнүмдүк ишиңиз Google Workspace'те (Gmail, Google Docs, Google Sheets) өтсө, Gemini дал ошол программалардын ичинде иштейт. Ал кардардын узун катына жооп жазып берет, көп беттик документтин кыскача мазмунун чыгарат, Sheets'теги таблицадан жыйынтык табат. Мисалы, «ушул айда эң көп сатылган 5 товарды көрсөт жана өткөн ай менен салыштыр» деп жазсаңыз жетиштүү. Мурда бул үчүн формулаларды билүү керек болчу.

·      NotebookLM — компанияңыздын «мээси»

Ар бир бизнесте келишимдер, нускамалар, баа тизмелери, эрежелер топтолот. NotebookLM'ге ушул документтерди жүктөйсүз, андан кийин алар боюнча каалаган суроо бере аласыз, мисалы "кайтарым эрежеси кандай?", "жеткирүү канча күнгө созулат?". Ал жоопту дал ошол документтерден таап, кайсы жерден алганын көрсөтөт. Андан тышкары документтериңиз боюнча подкаст сыяктуу аудио-обзор да жасап берет.

Бул жаңы кызматкерди окутууда абдан ыңгайлуу. Мурда жаңы келген адам 50 беттик нускаманы бир жума окуса, азыр суроосу пайда болгондо NotebookLM'ден сурап алат.

Эскертүү: Google'дун жаңы кызматтары, айрыкча Labs'тагылар, адегенде айрым өлкөлөрдө гана ачылат. Колдонордон мурда Кыргызстанда жеткиликтүүбү, текшерип алыңыз.

Дүйнөлүк башка кызматтар

Google'дан тышкары да ишкерлердин ишин жеңилдеткен көптөгөн кызматтар бар. Башыңыз айланбашы үчүн аларды кайсы ишке керектигине жараша топтоп көрсөтөйүн. Бизнес үчүн ЖИ куралдарынын картасы бар.

·      Маркетинг жана дизайн: Canva, CapCut

Canva'ны көбүңүз билесиз, бирок анын Magic Studio бөлүгүн баары эле колдоно бербейт. Ал сүрөттүн фонун бир басуу менен өчүрөт, постко текст жазып берет, бир дизайнды Instagram, Facebook, TikTok өлчөмүнө автоматтык түрдө бурат. Онлайн кийим сатсаңыз, товарды үйдө телефонго тартып, фонун таза ак же студиялык кылып алсаңыз болот.

·      CapCut — видео монтаж үчүн. Анын эң пайдалуу функциясы — автоматтык субтитр. Азыр адамдардын көбү видеону үнсүз көрөт, ошондуктан субтитр сатууга түз таасир этет.

·      Видео жана үн: ElevenLabs, HeyGen

ElevenLabs текстти табигый адам үнүнө айлантат. Жарнак же түшүндүрмө видео үчүн диктор издеп, студия ижарага алуунун кереги жок. Кээ бир ишкерлер аны товардын сүрөттөмөсүн орусча же англисче үн менен берүү үчүн колдонушат. HeyGen болсо санарип "аватар" аркылуу видео-презентация жасайт: камера алдына чыгуудан тартынсаңыз, бул жакшы вариант.

·      Кардар менен байланыш: ManyChat

Кыргызстанда сатуунун чоң бөлүгү Instagram жана WhatsApp аркылуу өтөт. ManyChat сыяктуу кызматтар "баасы канча?", "жеткирүү барбы?", "кайда жайгашкансыздар?" деген кайталанган суроолорго өзү жооп берет. Мисалы, кардар постко "баа" деп комментарий жазса, ага автоматтык түрдө директке баа тизмеси кетет.

Мурда кардар жооп күтүп жатып башка дүкөнгө кетип калчу. Азыр ал түнкү саат экиде да маалымат алат, а сиз эртең менен даяр заказды гана иштетесиз.

·      Текст жана документтер: ChatGPT, Claude, Gemini

Бул чат-ассистенттер ЖИнин "универсалдуу куралы". Коммерциялык сунуш, келишимдин долбоору, товардын сүрөттөмөсү, кызматкерге нускама, вакансия тексти, кардардын нааразычылыгына сылык жооп — баарын даярдашат. Кыргызча да түшүнүшөт жана жазышат, бирок жыйынтыгын сөзсүз окуп, оңдоп чыгыңыз: айрым сөздөр которулгандай угулушу мүмкүн.

·      Жолугушуулар: Otter, Fireflies

Онлайн жолугушууда кимдир бирөө сөзсүз протокол жазышы керек эле. Otter, Fireflies жана ушул сыяктуу кызматтар жолугушууга "угуучу" катары кирип, айтылгандардын баарын жазып, кыскача жыйынтык жана "ким эмне кылат?" деген тапшырмалар тизмесин чыгарып берет. Бир эскертүү: алар кыргыз тилин азырынча начар таанышат, орусча жана англисче жолугушууларда жакшыраак иштейт.

·      Автоматташтыруу: Zapier, Make, n8n

Бул кызматтар өздөрү ЖИ эмес, бирок ЖИ менен бирге эң күчтүү натыйжа беришет. Алар ар кандай программаларды бири-бири менен байлап, "эгер мындай болсо — тигиндей кыл" деген эрежелерди аткарышат. Мисалы, төмөндөгү схеманы караңыз. Мурда бул  4 аракетти бир адам кол менен жасачу жана кээде бирөөнү унутуп калчу. Азыр бир жолу орнотосуз, андан кийин система өзү иштейт.

Кайсы платформа эмнеге жөндөмдүү?

Жогоруда айтылгандардын баарын бир таблицага чогулттум. Аны сактап коюп, керек болгондо карай берсеңиз болот.

Көпчүлүк кызматтардын акысыз версиясы же сыноо мөөнөтү бар. Баалар жана мүмкүнчүлүктөр тез өзгөрүп турат, ошондуктан сайттарынан текшериңиз.

Үч практикалык мисал

Теория жакшы, бирок чыныгы жашоодо кандай көрүнөт? Үч түрдүү бизнестин мисалында карайлы.

1. Каракол шаарындагы конок үй

Ээси туристтерден келген суроолорго англис, орус тилдеринде жооп бериши керек. Чат-ассистент ага суроону которуп, сылык жооп даярдап берет. Canva менен сайтка жана Booking'ге сүрөттөрдү иретке келтирет. Сезон башталганда Pomelli же Canva аркылуу бир саатта бир айлык постторду даярдап коёт.

"Мен Каракол шаарында 6 бөлмөлүү конок үйүм бар. Туристтер үчүн англис тилинде кыска, жылуу сүрөттөмө жаз: тоо көрүнүшү, үй тамагы, Жети-Өгүз жана Алтын-Арашанга жакын. 80 сөздөн ашпасын".

2. Instagram'дагы кийим дүкөнү

Бул жерде эң көп убакытты товардын сүрөтү жана кардарлардын суроолору алат. Товарды телефонго тартып, Canva менен фонун тазалайт. ChatGPT же Claude ар бир товарга сүрөттөмө жазат. ManyChat "баа", "өлчөм" деген суроолорго автоматтык жооп берет. Ээси болсо заказдарды жана жеткирүүнү гана көзөмөлдөйт.

"Instagram дүкөнүм үчүн аялдардын күзгү пальтосуна сүрөттөмө жаз. Түсү: беж, кездемеси: жүн аралаш, өлчөмдөрү: S–XL. Жөнөкөй, жагымдуу тилде, 3 сүйлөмдөн турсун. Аягында 5 хэштег кош. Кыргызча жана орусча эки вариант".

3. Балдар үчүн окуу борбору

Борбордун эрежелерин, сабак графигин жана баа тизмесин NotebookLM'ге жүктөп коюшат, администратор ата-энелердин суроолоруна тез жооп табат. Мугалимдер чат-ассистент менен тест суроолорун жана тапшырмаларды даярдашат. Жаңы топко кабыл алуу башталганда ElevenLabs менен үн, CapCut менен субтитр кошулган кыска жарнак видео жасалат.

"8–10 жаштагы балдар үчүн англис тилинен 10 суроолуу тест түз. Тема: жаныбарлар. Ар бир суроодо 3 жооп варианты болсун, туура жоопту аягында өзүнчө көрсөт".

Жакшы промпттун сыры

Байкасаңыз, бардык мисалдарда бир эле формула бар: ким экениңизди айтасыз, эмне керектигин так жазасыз, кимге арналганын көрсөтөсүз жана форматын (узундугу, тили, маанайы) белгилейсиз. Канчалык так айтсаңыз, ошончолук жакшы жыйынтык аласыз. "Пост жаз" деген бир сөз менен "пост жаз, бирок мындай, мындай болсун" деген тапшырманын жыйынтыгы асман менен жердей айырмаланат.

Кантип баштоо керек?

Бул тизмени окуп, "баарын эртең эле колдоном" деп чечкениңиз жакшы, бирок иш жүзүндө бул сейрек иштейт. Мен ишкерлерге дайыма бир эле кеңешти берем: кичинеден баштаңыз. ЖИни бизнеске киргизүүнүн 5 кадамы бар.

Адегенде эң көп убакытыңызды жеген бир ишти аныктаңыз: балким бул соцтармактар, балким кардарлардын суроолору, балким отчёттор. Андан кийин ошол иш үчүн бир гана курал тандап, 2 апта колдонуп көрүңүз. Натыйжасын анализдеңиз: канча убакыт үнөмдөлдү, сапаты кандай болду, кардарлар канааттандыбы? Жакса — кийинки ишке өтөсүз. Жакпаса — башка куралды сынайсыз. Ошентип кадам сайын бизнесиңиздин бир бөлүгүн "акылдуу" кыласыз.

Эмнеден сак болуу керек?

ЖИ абдан пайдалуу, бирок ага толук ишенбөө керек. Бир нече эрежени эстен чыгарбаңыз.

·      Текшериңиз. ЖИ кээде ишенимдүү үн менен ката кетирет. Баалар, даталар, даректер жана мыйзамдык маалыматтарды сөзсүз өзүңүз текшериңиз. Келишим сыяктуу маанилүү документтерди юристке көрсөтүңүз.

·      Жеке маалыматтарды коргоңуз. Кардарлардын паспорт маалыматтарын, телефон номерлерин, банк реквизиттерин ачык чат-ботторго жүктөбөңүз. Компаниянын купуя маалыматтары менен да этият болуңуз.

·      Өз үнүңүздү жоготпоңуз. Эгер бардык посттор ЖИ жазгандай бирдей угулса, кардар муну сезет. ЖИ даярдаган текстке өз сөзүңүздү, тажрыйбаңызды, юморуңузду кошуңуз. Кардар сиз менен, сиздин мамилеңиз менен байланышат.

·      Автордук укукту сактаңыз. Башка брендлердин логотиптерин, белгилүү каармандарды же бирөөнүн сүрөттөрүн ЖИ менен "кайталап" жарнакта колдонбоңуз. Бул мыйзамдуу көйгөйлөргө алып келиши мүмкүн.

Жыйынтык

Жасалма интеллект чоң компаниялар үчүн гана деген түшүнүк эскирди. Тескерисинче, ал кичи бизнеске эң көп пайда алып келет, анткени бир адамга бир нече адамдын ишин аткарууга мүмкүнчүлүк берет. Мурда дизайнер, копирайтер, оператор жана катчы керек болгон иштерди бүгүн бир ишкер телефону аркылуу жасай алат.

Бирок эң негизгиси — куралдар эмес, аларды колдонгон адам. ЖИ сиздин идеяңызды, тажрыйбаңызды жана кардарга болгон мамилеңизди алмаштыра албайт. Ал болгону ошол нерселерди тезирээк жана кененирээк жеткирүүгө жардам берет.

Ошондуктан бүгүн эле бир кадам жасаңыз: жогорудагы кызматтардын бирин ачып, бир постту же бир катты ЖИ менен даярдап көрүңүз. Балким бир айдан кийин "мурда муну кантип кол менен жасачу элем?" деп таң каласыз.

Мындан тышкары окуңуз

Миграция жаатындагы бир катар функциялар Эмгек министрлигине өткөрүлөт

Миграция жаатындагы бир катар функциялар Эмгек министрлигине өткөрүлөт

Президенти Садыр Жапаров миграция чөйрөсүндөгү айрым функцияларды Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигине өткөрүп берүү жөнүндө Жарлыкка кол койду. Жарлык миграция чөйрөсүндө мамлекеттик башкаруунун бирдиктүү системасын түзүү, чет өлкөлүк жарандардын жана жарандыгы жок адамдардын өлкөгө кирүүсүн, жүрүүсүн, жашоосун, эмгек ишин, каттоосун жана эсепке алынышын жөнгө салууну өркүндөтүү максатында кабыл алынган.

Ишкер Media
Бишкекте лицензиясыз валюта алмаштырган төрт жаранга айып пул салынды

Бишкекте лицензиясыз валюта алмаштырган төрт жаранга айып пул салынды

Бишкек шаарында Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын лицензиясы жок накталай чет өлкө валютасы менен акча алмашуу операцияларын жүргүзгөн төрт жаранга айып пул салынды. Бул тууралуу Улуттук банктан маалымдашты. Маалыматка ылайык, А.Н.Р., А.у.А., Е.Б.К. жана Ш.Н.К. аттуу жарандардын ар бирине 17 500 сомдон айып

Ишкер Media
БШК аймактык шайлоо комиссияларынын резервин толуктоого жарандарды чакырды

БШК аймактык шайлоо комиссияларынын резервин толуктоого жарандарды чакырды

КРнын Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) бир катар аймактык шайлоо комиссияларынын резервдерин толуктоо үчүн жарандардан, саясий партиялардан жана коомдук бирикмелерден документтерди кабыл алууну жарыялады. Тийиштүү документтер 2026-жылдын 7-октябры саат 18:00гө чейин кабыл алынат. Резервдери толуктала турган комиссиялардын арасында Түп, Каракол, Ак-Суу, Ысык-Ата, Аламүдүн, Чүй, Токмок, Талас

Ишкер Media
Ысык-Көлгө 800 миң карп-сазандын чабактары коё берилди

Ысык-Көлгө 800 миң карп-сазандын чабактары коё берилди

25-26-сентябрь күндөрү Балык өнөр жайы комплекси департаментинин Тоң районундагы бөлүмү тарабынан Ысык-Көл көлүнө карп-сазан балыгынын чабактарын коё берүү иш-чарасы өттү. Бул тууралуу Айыл чарба министрлиги билдирди. Маалымдалгандай, иш-чарага Туристтик-экологиялык милиция, Экологиялык техникалык көзөмөл кызматы, Улуттук илимдер академиясынын Биология институту, ветеринардык башкармалыктын өкүлдөрү жана

Ишкер Media