Кыргызстандын бизнеси бюджетке 29 млрд сомдон ашык карыз

Кыргызстандын бизнеси бюджетке 29 млрд сомдон ашык карыз

Кыргызстанда 2.7 миңден ашык ишкана жана жеке ишкерлер мамлекетке карыз. Жалпысынан алар бюджетке 29 млрд сомдон ашык салык жана 1.5 млрд сом камсыздандыруу төгүмдөрүн төлөшкөн эмес.

Салык кызматы салык жана камсыздандыруу төгүмдөрү боюнча ири карызы барлар боюнча маалымат берди. Тизмеге 2753 ишкана жана жеке ишкерлер кирген. Карызкорлордун басымдуу бөлүгү Бишкектин Биринчи Май (677 карызкор), Ленин (622 карызкор) жана Свердлов (538 карызкор) райондорунда катталган.

Бизнестин Кыргызстандын бюджетине салык боюнча жалпы карызы 29 млрд сомдон ашкан. Ошондой эле карызкорлор камсыздандыруу төгүмдөрү боюнча 1.5 млрд сомдон ашык сумманы төлөй элек.

Салык кызматы бул карыздар 2022-жылы эле пайда болдубу же көп жылдардан бери салык жана жыйымдарды төлөбөй келгендиктен чогулганбы, тактап айткан жок.

Салык боюнча өлкөдөгү эң ири карызкорлор булар:

  • Чүй облусунун Сокулук районундагы «Лаллана Трейд» ЖЧКсы. Компания 3.2 млрд сомдон ашык салыктык карызын төлөй элек.
  • Бишкек шаарынын Свердлов районунун тургуну Кутманбек Шамурзаев салыктар боюнча 1.8 млрд сомдон ашык карыз.
  • «ИНТЕРРУСТРЕЙД» компаниясынын Бишкектеги филиалы 1.5 млрд сомдон ашык салык төлөй элек.
  • Бишкек шаарынын Свердлов районунда жашаган жеке ишкер Уфуэр Айсыкаэр казынага дээрлик 1.3 млрд сом карыз.
  • Бишкек шаарынын ошол эле Свердлов районунда катталышкан Нурзат Жалалов жана жеке ишкер Мирлан Күлбаевдин салык боюнча ар биринин дээрлик 1 млрд сомдой карызы бар.

Мындан тышкары окуңуз

Министрлик жарандарга төлөнбөй калган 4,4 млн сом эмгек акыны өндүрүп берди

Министрлик жарандарга төлөнбөй калган 4,4 млн сом эмгек акыны өндүрүп берди

Эмгек министрлиги 2026-жылдын биринчи жарым жылдыгында кызматкерлерге төлөнбөй калган 4 млн 408 миң 972 сом айлык акысын кайтарып алуусуна көмөктөштү. Маалыматка ылайык, өткөн жылдын ушул мезгилинде өндүрүлгөн сумма 7 млн 199 миң 869 сомду түзгөн. Быйыл бул көрсөткүч 2 млн 790 миң 896 сомго же 38,8%га азайган.

Адылбек Касымалиев: Ысык-Көлдөгү айланма жолдун курулушу эки-үч жылдын ичинде аяктайт

Адылбек Касымалиев: Ысык-Көлдөгү айланма жолдун курулушу эки-үч жылдын ичинде аяктайт

Министрлер Кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев жакынкы жылдары Ысык-Көл облусунда жолдорду масштабдуу оңдоо пландалып жатканын билдирди.  “Өзүңүздөр көрүп тургандай, Балбай айылына чейинки жолду оңдоо иштери дээрлик аяктады. Андан ары Балбайдан Караколго, андан кийин Барскоонго жана Балыкчыга чейинки тилкени оңдоо иштери уланат. Ысык-Көлдөгү айланма жолду оңдоо иштери эки-үч жылдын

Гемодиализ кызматындагы мыйзам бузуулар 226 млн сомдон ашык зыян алып келди

Гемодиализ кызматындагы мыйзам бузуулар 226 млн сомдон ашык зыян алып келди

Башкы прокуратура бюджеттик программалык гемодиализ кызматтарын көрсөтүүдө аныкталган мыйзам бузуулар боюнча кылмыш ишин козгоду. Маалыматка ылайык, текшерүүдө медициналык документтерге жана "Гемодиализ" автоматташтырылган маалыматтык тутумуна анык эмес маалыматтар киргизилгени аныкталган. Тактап айтканда, Кыргызстандан тышкары жүргөн жана каза болгон бейтаптарга гемодиализ жүргүзүлгөнү тууралуу маалыматтар катталган. Техникалык жактан мүмкүн болбогонуна карабастан

Салык кызматы: Салыкты 1-сентябрдан кечиктирбестен төлөөнү эскертти

Салык кызматы: Салыкты 1-сентябрдан кечиктирбестен төлөөнү эскертти

Мамлекеттик салык кызматы жарандарга мүлк салыгын өз убагында төлөө зарылдыгын эскертет. Салык кызматынын маалыматына ылайык, 2026-жылдын 1-сентябрынан кечиктирбестен төмөнкү салыктарды төлөө зарыл: ишкердик жүргүзүүдө пайдаланылбаган турак үйлөр жана батирлер үчүн мүлк салыгы; үй жанындагы, короо алдындагы жана бакча-чарба жер тилкелери үчүн жер салыгы. 2026-жылы төлөнүүгө тийиш