Кыргызстандын ИДПсы болжол менен 689 млрд сомду түздү

Кыргызстандын ИДПсы болжол менен 689 млрд сомду түздү

Быйылкы жылдын январь-октябрь айларында ИДПнын көлөмү болжол менен 689 млрд сомду түздү. Бул өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 7%га көбүрөөк. Мындай алдын ала маалыматты Улутстатком билдирди.

“Кумтөрдү” эсепке албаганда, отчеттук мезгилде ИДПнын көлөмү 641 млрд сомду түзүп, 5%га өстү. Өнөр жай өндүрүшүнүн көлөмү болжол менен 338 млрд сомду түздү.

Жыл ичинде өсүш 14.3%ды түздү, бул төмөнкүлөрдү өндүрүүнүн өсүшүнүн эсебинен болду: негизги металлдар (32.1%), жыгач жана кагаз буюмдары, полиграфия продукциялары (30.7%), мунай продуктулары (12.8%), тамак-аш азыктары (анын ичинде ичимдиктерди) жана тамеки продукциясы (11.9%) , текстиль өндүрүшү, кийим жана бут кийим, булгаары жана булгаарыдан жасалган буюмдар (5.5%), ошондой эле тоо-кен казып алуу (6.1%).

Оң тенденциялар төмөнкү чөйрөлөрдө байкалган: курулушта – көлөмү 5%га өскөн, айыл чарбасында өсүш – 6.7%ды, дүң жана чекене соодада – 7.3%ды түзгөн.

Мындан тышкары окуңуз

Министрлик жарандарга төлөнбөй калган 4,4 млн сом эмгек акыны өндүрүп берди

Министрлик жарандарга төлөнбөй калган 4,4 млн сом эмгек акыны өндүрүп берди

Эмгек министрлиги 2026-жылдын биринчи жарым жылдыгында кызматкерлерге төлөнбөй калган 4 млн 408 миң 972 сом айлык акысын кайтарып алуусуна көмөктөштү. Маалыматка ылайык, өткөн жылдын ушул мезгилинде өндүрүлгөн сумма 7 млн 199 миң 869 сомду түзгөн. Быйыл бул көрсөткүч 2 млн 790 миң 896 сомго же 38,8%га азайган.

Адылбек Касымалиев: Ысык-Көлдөгү айланма жолдун курулушу эки-үч жылдын ичинде аяктайт

Адылбек Касымалиев: Ысык-Көлдөгү айланма жолдун курулушу эки-үч жылдын ичинде аяктайт

Министрлер Кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев жакынкы жылдары Ысык-Көл облусунда жолдорду масштабдуу оңдоо пландалып жатканын билдирди.  “Өзүңүздөр көрүп тургандай, Балбай айылына чейинки жолду оңдоо иштери дээрлик аяктады. Андан ары Балбайдан Караколго, андан кийин Барскоонго жана Балыкчыга чейинки тилкени оңдоо иштери уланат. Ысык-Көлдөгү айланма жолду оңдоо иштери эки-үч жылдын

Гемодиализ кызматындагы мыйзам бузуулар 226 млн сомдон ашык зыян алып келди

Гемодиализ кызматындагы мыйзам бузуулар 226 млн сомдон ашык зыян алып келди

Башкы прокуратура бюджеттик программалык гемодиализ кызматтарын көрсөтүүдө аныкталган мыйзам бузуулар боюнча кылмыш ишин козгоду. Маалыматка ылайык, текшерүүдө медициналык документтерге жана "Гемодиализ" автоматташтырылган маалыматтык тутумуна анык эмес маалыматтар киргизилгени аныкталган. Тактап айтканда, Кыргызстандан тышкары жүргөн жана каза болгон бейтаптарга гемодиализ жүргүзүлгөнү тууралуу маалыматтар катталган. Техникалык жактан мүмкүн болбогонуна карабастан

Салык кызматы: Салыкты 1-сентябрдан кечиктирбестен төлөөнү эскертти

Салык кызматы: Салыкты 1-сентябрдан кечиктирбестен төлөөнү эскертти

Мамлекеттик салык кызматы жарандарга мүлк салыгын өз убагында төлөө зарылдыгын эскертет. Салык кызматынын маалыматына ылайык, 2026-жылдын 1-сентябрынан кечиктирбестен төмөнкү салыктарды төлөө зарыл: ишкердик жүргүзүүдө пайдаланылбаган турак үйлөр жана батирлер үчүн мүлк салыгы; үй жанындагы, короо алдындагы жана бакча-чарба жер тилкелери үчүн жер салыгы. 2026-жылы төлөнүүгө тийиш