Венгер-Кыргыз өнүктүрүү фонду 24 млн доллардык долбоорлорду ишке ашырмакчы

Венгер-Кыргыз өнүктүрүү фондунун алкагында жалпы суммасы 24 млн долларды түзгөн конкреттүү бизнес долбоорлорду ишке ашыруу пландалууда. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров кечээ, 10-ноябрда, Самаркандда Венгриянын премьер-министри Виктор Орбан менен болгон жолугушууда билдирди, деп маалымдады президенттин басма сөз кызматы.

Өлкө лидерлери транспорт, соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык чөйрөлөрдө кызматташуу боюнча маселелерди талкуулашты.

Жапаров Виктор Орбан менен Венгриянын президенти Каталина Новакты Кыргызстанга ыңгайлуу убакта келип кетүүгө чакырып, бул иш-чаралар эки өлкөнүн стратегиялык өнөктөштүгүн мындан ары да бекемдейт деп ишенерин билдирди.

Орбан өз кезегинде лидерлердин бетме-бет жолугушуулары эки тараптуу мамилелердин өнүгүшүнө жакшы түрткү берерин баса белгилеп, учурда жогорку деңгээлдеги өз ара сапарлар каралып жатканын эске салды.

Венгриянын премьер-министри ошондой эле экономикалык кызматташуу жаатында иш чараларды көрүүнүн маанилүүлүгүн белгилеп, мисал катары өлкөлөр ортосунда түз авиакаттам ачуу керектигин айтты.

Жапаров менен Орбан эки өлкөгө тең пайдалуу мамилелерди өнүктүрүү үчүн жигердүү кызматташууну улантууну макулдашышты.

Күндүн негизги жаңылыктары — Telegram каналыбызда Каналга катталуу

Мындан тышкары окуңуз

Экономика

Акыркы жаңылыктар

Баары

Ысык-Көлдө 100гө жакын кызматкер суу тарифтери боюнча талкууга катышты

Куткаруучулар 10 айда 428 адамды өлүмдөн сактап калышты

Малайзияда темир жол тармагында тажрыйба алмашуу маселелери талкууланды

Бишкекте аянты 12 000 чарчы метрди түзгөн спорт академиясы курулууда

Кыргызстан менен АКШнын кызматташуу маселелери сүйлөшүлдү