600 долларлык аттиштерди сатып алган TBEA менен электр линиясын куруу боюнча келишимге кол коюлду

600 долларлык аттиштерди сатып алган TBEA менен электр линиясын куруу боюнча келишимге кол коюлду

Энергетика министрлиги менен ТВЕА компаниясы  жогорку чыңалуудагы электр өткөргүч линиясын куруу боюнча кызматташуу ниетинде макулдашууга кол койду. Бул тууралуу мекеменин маалымат кызматы билдирди.

Такталгандай, долбоордун негизги максаты келечекте Кыргыз Республикасынан Кытайга 220-500 кВ электр берүүчү  аба чубалгыларын куруу жана Кыргызстанда курулуучу күндөн, шамалдан электр энергиясын өндүрүүчү станциялардын жана ири ГЭСтердин электр энергиясы ички керектөөчүлөрдү  толук камсыз кылып бүткөн соң, Кыргыстандан Кытайга 220-500 кВ курулган линия аркылуу ашыкча электр энергиясын коңшу өлкөлөргө кымбат баада  экспорттоого мүмкүнчүлүк берет.

Ошондой эле Кытай менен Кыргызстандын ортосуна келечекте 220- 500кВ аба чубалгыларын куруу боюнча тараптардын кызматташуусунда пландалып жаткан долбоордо «Датка» ПСдан болжолдуу чек ара пункту «Иркештамга» чейин бир тармактуу 220-500 кВ аба чубалгы куруу, Нарын облусундагы «Ак-Кыя» ПСдан «Торугарт» чек арасына чейин 220-500 кВ аба чубалгы куруу варианттары каралууда.

Эске салсак, 2013-жылы кытайлык ТВЕА компаниясы менен Бишкек ЖЭБин модернизациялоо боюнча 386 миллион долларлык келишимге кол коюлган. УКМК бул долбоорду Кыргызстан үчүн пайдасыз экенин аныктаган.
Мекеме борбор калаанын ЖЭБин модернизациялоосунда мамлекетке $111 млн 253 миң зыян келтирилген.

Мындан тышкары окуңуз

Жыргалаң курорттук шаарчасында 23 коттедж курулууда

Жыргалаң курорттук шаарчасында 23 коттедж курулууда

Жыргалаң курорттук шаарчасынын аймагында конокторду жайгаштыруу үчүн 23 жыгач коттедж курулууда. Бул тууралуу "Ала-Too Resort" ААКтан билдиришти Ар бир үй 6 адамга ылайыкталып, жалпысынан 138 орун каралган. Учурда айрым коттедждердин жыгач конструкциялары тургузулуп, чатырлары жабылды. Калган үйлөрдө конструкцияларды чогултуу иштери жүрүп жатат. Коттедждер Жыргалаң курорттук шаарчасынын биринчи

Дары өндүргөн ата мекендик ишканалар өнөктөштөргө тааныштырылды

Дары өндүргөн ата мекендик ишканалар өнөктөштөргө тааныштырылды

"Кыргызфармация" менен Кыргызстандагы Казакстандын бирдиктүү дистрибьютору — "СК-Фармация" ЖЧКсынын өкүлдөрү ата мекендик фармацевтикалык жана логистикалык ишканалардын иши менен таанышты. Аталган мекемеден билдиришкендей, алар жергиликтүү ишканалардын өндүрүштүк мүмкүнчүлүктөрүн, технологиялык иштерин жана чыгарылып жаткан дары-дармектердин түрлөрүн көрүп чыгышты. Маалыматка ылайык, иш сапар "Кыргызфармация» менен "СК-

Ошто 2,6 млн сомдук коштомо документтери жок буюмдар аныкталды

Ошто 2,6 млн сомдук коштомо документтери жок буюмдар аныкталды

Ош шаарындагы эл аралык аба майданынан тиешелүү коштомо документтери жок суркүзөн терисинен жасалган буюмдар аныкталды. Бул тууралуу Салык кызматынан билдиришти. Маалыматка ылайык, Орусиядан келген жарандардын жүктөрүн текшерүү учурунда жалпы 555 даана баш кийим жана 270 даана суркүзөндүн териси табылган. Жүктүн жалпы болжолдуу баасы 2,6 млн сомду түзөт. Ошол эле

Кыргызстанга абердин-ангус породасындагы 300 баш асыл тукум мал алып келинди

Кыргызстанга абердин-ангус породасындагы 300 баш асыл тукум мал алып келинди

Кыргызстанга 3% жеңилдетилген насыялоо долбоорунун алкагында абердин-ангус породасындагы алгачкы 300 баш асыл тукум мал алып келинди. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги билдирди. Бүгүн Министрлер Кабинетинин төрагасынын орун басары – министр Эрлист Акунбеков Аксы районунун фермери Замир Алиевге аталган долбоордун алкагында 40 баш асыл