Кыргызстан менен Кытай $1 млрд ашык суммадагы келишимдерди түзүштү – толук тизмеси

Кыргызстан менен Кытай $1 млрд ашык суммадагы келишимдерди түзүштү – толук тизмеси

КРнын президенти Садыр Жапаровдун Кытайга болгон биринчи мамлекеттик сапарынын жыйынтыгында $1 млрд ашык суммадагы келишимдерге кол коюлду. Бул тууралуу мамлекет башчынын маалымат кызматы билдирди.

Президенттин администрациясы тарабынан кол коююлган документтердин тизмеси келтирилди:

• China Power International Development Limited компаниясы менен Ысык-Көл облусунда 1000 мегаваттык күн электр станциясын куруу жөнүндө инвестициялык макулдашуу — 800 млн евро;

• КРнын Айыл чарба министрлиги менен «Хэбэй Бай Доу Цзя» ЖЧКсынын ортосундагы жер семирткич чыгаруучу заводдун курулуш долбоорун ишке ашыруу боюнча инвестициялык макулдашуу — $260 млн;

• КРнын Энергетика министрлиги менен Universal Energy Co. Ltd компаниясынын ортосундагы өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандум — $100 млн;
• КРнын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги менен Shaanxi Tianhan Shengdian Film Company Ltd.» ортосундагы «Жибек жолунун алыскы шамалы» биргелешкен сериалын тартуу долбоору боюнча кинематография тармагындагы долбоорду ишке ашыруу жөнүндө макулдашуу — $38 млн;

• КРнын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги менен Beijing Zhongyi Boyue Culture Media Co. ортосундагы «Бишкек сүйүүсү» биргелешкен сериалын тартуу долбоору боюнча кинематография тармагындагы долбоорду ишке ашыруу жөнүндө макулдашуу — $25 млн.

Мындан тышкары, төмөнкү келишимдер боюнча суммасы жумушчу тартипте такталып жатат:

• КРнын Энергетика министрлиги менен ТВЕА компаниясынын ортосундагы Кыргызстандан Кытайга электр энергиясын экспорттоо боюнча кызматташуу ниети жөнүндө макулдашуу;

• КРнын Энергетика министрлиги менен China Energy International Group Co Ltd жана China Gezhouba Group International Engineering Co. Ltd компанияларынын ортосундагы өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандум;

• Ош шаарынын мэриясы менен Hunan Junxin Environmental Protection Co., Ltd. компаниясынын ортосунда таштандыларды өрттөөчү завод куруу долбоору боюнча өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандум;

• «ТНК Шумкар» ААКсы менен Xian Yuanchao компаниясынын ортосунда Кыргыз Республикасында SHACMAN сериясындагы оор жүк ташуучу жана атайын багыттагы автоунааларды өндүрүү боюнча чогултуучу завод түзүү боюнча макулдашуу.

Мындан тышкары окуңуз

Жыргалаң курорттук шаарчасында 23 коттедж курулууда

Жыргалаң курорттук шаарчасында 23 коттедж курулууда

Жыргалаң курорттук шаарчасынын аймагында конокторду жайгаштыруу үчүн 23 жыгач коттедж курулууда. Бул тууралуу "Ала-Too Resort" ААКтан билдиришти Ар бир үй 6 адамга ылайыкталып, жалпысынан 138 орун каралган. Учурда айрым коттедждердин жыгач конструкциялары тургузулуп, чатырлары жабылды. Калган үйлөрдө конструкцияларды чогултуу иштери жүрүп жатат. Коттедждер Жыргалаң курорттук шаарчасынын биринчи

Дары өндүргөн ата мекендик ишканалар өнөктөштөргө тааныштырылды

Дары өндүргөн ата мекендик ишканалар өнөктөштөргө тааныштырылды

"Кыргызфармация" менен Кыргызстандагы Казакстандын бирдиктүү дистрибьютору — "СК-Фармация" ЖЧКсынын өкүлдөрү ата мекендик фармацевтикалык жана логистикалык ишканалардын иши менен таанышты. Аталган мекемеден билдиришкендей, алар жергиликтүү ишканалардын өндүрүштүк мүмкүнчүлүктөрүн, технологиялык иштерин жана чыгарылып жаткан дары-дармектердин түрлөрүн көрүп чыгышты. Маалыматка ылайык, иш сапар "Кыргызфармация» менен "СК-

Ошто 2,6 млн сомдук коштомо документтери жок буюмдар аныкталды

Ошто 2,6 млн сомдук коштомо документтери жок буюмдар аныкталды

Ош шаарындагы эл аралык аба майданынан тиешелүү коштомо документтери жок суркүзөн терисинен жасалган буюмдар аныкталды. Бул тууралуу Салык кызматынан билдиришти. Маалыматка ылайык, Орусиядан келген жарандардын жүктөрүн текшерүү учурунда жалпы 555 даана баш кийим жана 270 даана суркүзөндүн териси табылган. Жүктүн жалпы болжолдуу баасы 2,6 млн сомду түзөт. Ошол эле

Кыргызстанга абердин-ангус породасындагы 300 баш асыл тукум мал алып келинди

Кыргызстанга абердин-ангус породасындагы 300 баш асыл тукум мал алып келинди

Кыргызстанга 3% жеңилдетилген насыялоо долбоорунун алкагында абердин-ангус породасындагы алгачкы 300 баш асыл тукум мал алып келинди. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги билдирди. Бүгүн Министрлер Кабинетинин төрагасынын орун басары – министр Эрлист Акунбеков Аксы районунун фермери Замир Алиевге аталган долбоордун алкагында 40 баш асыл