«Чакан ГЭС» өз карамагындагы ГЭСтеринде оңдоо иштерин алып барууда

«Чакан ГЭС» өз карамагындагы ГЭСтеринде оңдоо иштерин алып барууда

«Чакан ГЭС» ААК күз-кыш мезгилине даярдык көрүү максатында иш-чараларды улантууда. Бул тууралуу ишкананын маалымат кызматы билдирди.

«Чакан ГЭС» өз карамагындагы гидроэлектростанцияларында утурумдук жана капиталдык оңдоо иштерин алып барууда.

Анын алкагында энергетиктер Аламүдүн-3 гидроэлектростанциясынын биринчи гидроагрегатына жана анын көмөкчү жабдууларына утурумдук оңдоо иштерин жүргүзүштү. Ал үчүн кызматкерлер турбиналык, жогорку жана төмөнкү генератордук подшипниктерди тууралап (регулировка), басым бассейинин ондошту.

«Май айынын ичинде «Чакан ГЭС» ААКнын кызматкерлери ушундай эле утурумдук оңдоо иштерин Лебединовка ГЭСинин биринчи гидроагрегатында жана күч трансформаторунда жүргүзүштү», - деп мекеме белгиледи.

Мындан сырткары, учурда биздин кызматкерлер Аламүдүн-6 ГЭСинин гидроагрегатынын клапандык затворун (суу тосуучу дарбазасын) ондоодо.

Күндүн негизги жаңылыктары — Telegram каналыбызда Каналга катталуу

Мындан тышкары окуңуз

Экономика

Акыркы жаңылыктар

Баары

Ак-Тилек конушунда 80 орундуу жаңы бала бакча ачылды

Былтыр өлкөгө 1 млрд 310 млн доллар чет өлкөлүк инвестиция тартылган

Бишкекте май өндүрүү тармагындагы маселелер талкууланды

Нарында мыйзамсыз курулуш үчүн 200 миң сом айып салынды

Улуттук банк FinConference 2026 конференциясына катышты