Россиялык «Система» Кыргызстандын туристтик потенциалын изилдөөдө

Россиялык «Система» Кыргызстандын туристтик потенциалын изилдөөдө

Россиянын ири инвестициялык компанияларынын бири «Система»акционердик финансы корпорациясынын (АФК) өкүлдөрүКыргызстандын туристтик потенциалын изилдөөдө. Ала өздөрүнүн пландары жөнүндө министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров менен жолугушуу учурунда айтып беришти.

Минкаб маалымдагандай, тараптар КРнын туристтик потенциалын өнүктүрүү жана ишкерлик жаатында кызматташуунун келечегин талкуулашты.

«Система» АФКнын инвестициялык портфелине дүйнөлүк даражадагы эксперттер тарабынан жогору бааланган мейманкана бизнеси, кыймылсыз мүлк объекттери, чекене соода, электрондук коммерция, жогорку технологиялар сыяктуу бир катар тармактардын лидерлери кирет.

Корпорация 1993-жылы түптөлгөн, 30 жыл аралыгында туризм индустриясы тармагында бир катар уникалдуу долбоорлорду ишке ашырып, дүйнөлүк даражадагы эксперттердин жогорку баасын алган.

Күндүн негизги жаңылыктары — Telegram каналыбызда Каналга катталуу

Мындан тышкары окуңуз

Экономика

Акыркы жаңылыктар

Баары

Ак-Тилек конушунда 80 орундуу жаңы бала бакча ачылды

Былтыр өлкөгө 1 млрд 310 млн доллар чет өлкөлүк инвестиция тартылган

Бишкекте май өндүрүү тармагындагы маселелер талкууланды

Нарында мыйзамсыз курулуш үчүн 200 миң сом айып салынды

Улуттук банк FinConference 2026 конференциясына катышты