Жалал-Абадда эки чакан ГЭС курулууда – Энергетика министрлиги

Жалал-Абад облусунда эки чакан ГЭС курулууда. Бул тууралуу Энергетика министрлиги кабарлады.
Маалыматка ылайык, ата мекендик инвесторлор Сузак районунда «Көгарт» ЧГЭСин курууда. Анын кубаттуулугу 6.7 МВт түзөт. Долбоордо коюлган план боюнча курулуш ушул жылдын 3-кварталында бүтүшү керек. Эгерде «Көгарт» ишке кирсе, Сузак районуна караштуу Ленин айыл өкмөтүн электр энергиясы менен камсыздай алат.
Ошондой эле, Сузак районунда «Айгыр жал» ЧГЭСи курулууда. Анын кубаттуулугу 2.4 МВт. Учурда Кытайдан атайын керектүү жабдуулар алынып келинди. Долбоордо коюлган план боюнча быйыл ишке киргизилет.