Минкаб менен «Эти Бакыр Терексай» инвестициялык келишимге кол коюшту
Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров «Эти Бакыр Терексай» түрк компаниясынын директорлор кеңешинин төрагасы Шереф Дженгиз баштаган ишкананын өкүлдөрү менен жолукту. Бул тууралуу минкаб билдирди.
Жолугушууда кыргыз-түрк ишканасынын өндүрүштүк ишмердүүлүгүнүн актуалдуу маселелери, анын ичинде экологиялык талаптардын жана социалдык милдеттенмелердин аткарылышы талкууланды.
Ишкана жетекчилиги минкаб тарабынан компаниянын Тереккан, Перевальное алтын кендерин жана Терек алтын-сурьма кенин иштетүү боюнча ишмердүүлүгүнө ар тараптуу колдоо көрсөтүп жаткандыгы үчүн ыраазычылык билдирди.
Тереккан, Перевальное жана Терек кендерин иштетүү боюнча долбоорду мындан ары ишке ашыруу максатында КРнын министрлер кабинети, Eti Bakir акционердик коому жана «Эти Бакыр Терексай» жоопкерчилиги чектелген коому ортосунда инвестициялык макулдашууга кол коюлду.
Жолугушуунун жыйынтыгында тиешелүү мамлекеттик жана жергиликтүү бийлик органдарына бир катар тапшырмалар берилди.