Subscribe to Our Newsletter

Success! Now Check Your Email

To complete Subscribe, click the confirmation link in your inbox. If it doesn’t arrive within 3 minutes, check your spam folder.

Ok, Thanks

Айыл чарба министрлиги жазгы жана күзгү себүүсүнө үрөндөр менен камсыздалышы тууралуу айтып берди

2023-жылдын жаздык айдап себүүсүнө карата республика боюнча жалпы 66.8 миң тонна кылкандуу дан өсүмдүктөрүнүн үрөнү керектелсе, үрөнчүлүк чарбалар жана чарба субъекттери тарабынан 66.1 миң тонна кылкандуу дан эгиндеринин үрөнү топтолгон камсыздалганы 98.9% түздү. Бул тууралуу Айыл чарба министрлиги билдирди. Анын ичинен жаздык буудай үрөнүнүн керектөөсү 23.8

Чынгыз Керимбеков profile image
by Чынгыз Керимбеков
Айыл чарба министрлиги жазгы жана күзгү себүүсүнө үрөндөр менен камсыздалышы тууралуу айтып берди

2023-жылдын жаздык айдап себүүсүнө карата республика боюнча жалпы 66.8 миң тонна кылкандуу дан өсүмдүктөрүнүн үрөнү керектелсе, үрөнчүлүк чарбалар жана чарба субъекттери тарабынан 66.1 миң тонна кылкандуу дан эгиндеринин үрөнү топтолгон камсыздалганы 98.9% түздү. Бул тууралуу Айыл чарба министрлиги билдирди.

Анын ичинен жаздык буудай үрөнүнүн керектөөсү 23.8 миң тоннаны түзсө, топтолгону 23,6 миң тонна же 99,5% түзгөн. Жаздык арпа үрөнүн керектөөсү 42,8 миң тонна болсо, топтолгону 42,2 миң тонна же 98,5% түздү. Мындан тышкары, сулу, күн карама, тамеки жана буурчак өсүмдүктөрүнүн үрөнүнө болгон камсыздоо – 100% түзгөн, ал эми, эспарцет – 79,7%, беде – 74,8%, пахта – 84,3%, картөшкө – 99,2%, жүгөрү – 93,4%, сафлор – 97,8%, кант кызылчасы – 74,3% жеткен.

Департаменттин жана райондор аралык экспертиза борборлорунун адистери тарабынан 1-майга карата алынган маалыматы боюнча 46,0 миң тонна жаздык дан өсүмдүктөрүнүн үрөнү, анын ичинде 17,4 миң тонна жаздык буудай жана 28,5 миң тонна жаздык арпа текшерилди. Кылкандуу дан өсүмдүктөрүнүн текшерилген үрөндөрүнүн ичинен 45,3 миң тонна себүү кондициясына туура келген, анын ичинде жаздык буудай 17,2 миң тонна, жаздык арпа –28 миң тонна ошондой эле сулунун – 113 тонна үрөнү текшерилип, ал 100% кондицияга жеткирилди.

Күздүк себүүгө республика боюнча жалпы 34,6 миң тонна кылкандуу дан өсүмдүктөрүнүн үрөнү керектелсе, үрөнчүлүк чарбалар жана чарбалык субъекттери тарабынан 32,6 миң тонна кылкандуу дан эгиндеринин үрөнү топтолгон, камсыздалганы 94,3 % түздү.

Чынгыз Керимбеков profile image
by Чынгыз Керимбеков

Subscribe to New Posts

Lorem ultrices malesuada sapien amet pulvinar quis. Feugiat etiam ullamcorper pharetra vitae nibh enim vel.

Success! Now Check Your Email

To complete Subscribe, click the confirmation link in your inbox. If it doesn’t arrive within 3 minutes, check your spam folder.

Ok, Thanks

Read More