Чүй облусуна дем берүүчү гранттардын эсебинен 41.7 млн сом жумшалды
![Чүй облусуна дем берүүчү гранттардын эсебинен 41.7 млн сом жумшалды](/content/images/size/w1200/2023/10/1676926256_gagaru-club-p-krasivie-mesta-kirgizstana-pinterest-81.jpg)
Чуй облусу боюнча 2023-жылдын 9 айына карата дем берүүчү (үлүштүк) гранттардын эсебинен 41.7 млн сом суммасында 46 долбоор каржыланган. Бул тууралуу Финансы министрлиги билдирди.
Каржыланган гранттар:
· 24 мектепке – 19 млн сом;
· бир саламаттык сактоо мекемеге – 0.8 млн сом;
· алты инженердик-коммуникациялык инфраструктура объектилерине – 8.7 млн сом;
· эки спорттук курулуштарга – 2.4 млн сом;
· тогуз маданий маанидеги объектилерге – 8.7 млн сом;
· 4 бала бакчага – 2.1 млн сом.