Нарынга жыл башынан бери дем берүүчү гранттын эсебинен 13.6 млн сом жумшалды

Нарынга жыл башынан бери дем берүүчү гранттын эсебинен 13.6 млн сом жумшалды

Нарын облусу боюнча 2023-жылдын 9 айына карата дем берүүчү (үлүштүк) гранттардын эсебинен 13.6 млн сом суммасында 18 долбоор каржыланган. Бул тууралуу Финансы министрлиги билдирди.

Такталгандай, каражаттардын ичинен:

·         6 мектепке – 4.6 млн сом;

·         3 спорттук курулуштарга – 2 млн сом;

·         7 маданий маанидеги объектиге – 4.1 млн сом;

·         2 бала бакчага – 2.9 млн сом.

Мындан тышкары окуңуз

Форель жана осман балыгын белгиленген өлчөмдө гана кармоого уруксат берилет

Форель жана осман балыгын белгиленген өлчөмдө гана кармоого уруксат берилет

Кыргызстанда 2026-жылга дарыяларда айрым балык түрлөрүн спорттук жана ышкыбоздук максатта кармоого лимит белгиленди. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине караштуу Балык өнөр жай комплекси департаменти билдирди. Маалыматка ылайык, Ысык-Көл жилингирин (форель), Амударыя жилингирин (форель) жана дарыя османын белгиленген лимиттин чегинде гана кармоого

Манас шаарындагы №5 мектеп кеңейтилип, окуучулар үчүн шарттар түзүлүүдө

Манас шаарындагы №5 мектеп кеңейтилип, окуучулар үчүн шарттар түзүлүүдө

Манас шаарындагы Б.Осмонов атындагы №5 мектептин жаңы кошумча имаратынын курулушу дээрлик аяктап калды. Бул тууралуу калаа жетекчилигинин басма сөз кызматы билдирди. Жаңы корпус 375 окуучуга ылайыкталып, имаратта окуу жана эмгек класстары, компьютердик класс, лабораториялар, химия, биология жана физика кабинеттеринен тышкары ашкана, китепкана, спорт аянтчасы жана жыйындар залы болот. Долбоор

Бишкектеги жаңы автобекет ушул айда пайдаланууга берилет

Бишкектеги жаңы автобекет ушул айда пайдаланууга берилет

Бишкектеги жаңы автобекет сентябрь айында пайдаланууга берилет. Бул тууралуу Президенттин Иш башкармалыгынан билдиришти. Маалыматка ылайык, кечээ Президенттин Иш башкармалыгынын башчысы Каныбек Туманбаев автобекеттин курулуш иштеринин жүрүшү жана объекттин даярдыгы менен таанышты. Учурда курулуш иштеринин 95%ы аткарылды. Ички жасалгалоо иштери толугу менен аяктап, асфальт төшөө жана аймакты көрктөндүрүү иштери калды.

Манас шаарында жөө жүргүнчүлөргө тоскоол болгон курулуштар алынды

Манас шаарында жөө жүргүнчүлөргө тоскоол болгон курулуштар алынды

Манас шаарында Ботбаев көчөсүндө курулуп жаткан тротуарга тоскоолдук жараткан өз алдынча курулган үч чарба курулушу жана бир дубал буздурулду. Калаа жетекчилигин басма сөз кызматы билдиргендей, иштер жөө жүргүнчүлөргө ыңгайлуу шарттарды түзүү, ошондой эле жанжолдун курулушун үзгүлтүксүз жүргүзүү үчүн аткарылды. Шаар аймагында тургундардын коопсуздугун камсыз кылууга багытталган иштер мындан ары да