Акбагышева: "Аялдардын катышуусу жок экономиканын өнүгүшү мүмкүн эмес"

Акбагышева: "Аялдардын катышуусу жок экономиканын өнүгүшү мүмкүн эмес"

Бүгүн, Бишкекте өтүп жаткан “Экономиканын туруктуу өнүгүүсү үчүн өнөктөштүк: Россия жана Кыргызстандын аялдарынын форум-диалогу” алкагында өлкөнүн экономикасынын өнүгүүсү жана аялдардын ага кошуп жаткан салымы тууралуу актуалдуу маселелер талкууланды. 

Кыргызстандагы “Росатом” Мамлекеттик корпорациясынын өкүлчүлүгүнүн башкы директору Дмитрий Константинов өз сөзүндө өлкөнүн экономикасындагы акыркы оң өзгөрүүлөргө жана аялдардын ага кошуп жаткан салымына токтолду.

Анын айтымында, акыркы мезгилде Кыргызстандын экономикасы тездик менен өсүп, Борбор Азия жана КМШ өлкөлөрүнүн арасында жогорку көрсөткүчтөрдү көрсөтүүдө. Евразия өнүктүрүү банкынын ушул жылдагы (январь–сентябрь) маалыматына ылайык, Кыргызстандын экономикасы 10%га өскөн.

Ал өз сөзүндө, Кыргызстандын туруктуу экономикалык өсүшү көпчүлүктүн көңүлүн бурганын жана бул өсүштүн артында аялдардын активдүү катышуусу да чоң роль ойногонун баса белгиледи:

“Аялдар конгресси өлкөдө аялдардын саясий жана экономикалык активдүүлүгүн арттырууда маанилүү аянтчага айланды”, - деди Дмитрий Константинов.

Өз кезегинде Кыргызстандын Аялдар конгрессинин төрайымы Замира Акбагышева дааялдардын экономикадагы орду жана алардын жогорку технологиялар тармагындагы катышуусу тууралуу ой бөлүштү.

“Чынында эле, аялдардын катышуусу жок экономиканын өнүгүшү мүмкүн эмес. Жогоруда айтылган 10%дык өсүштүн ичинде аялдардын эмгеги чоң. Совет мезгилинде аялдардын илимий изилдөөлөргө, инженердик жана инновациялык тармактарга катышуусу өтө жогору болгон. Бүгүн да бул салт уланып келет. Азыр бизде 2030-жылга чейин пландалган гендердик теңдик боюнча улуттук программа, ошондой эле 2026-жылга чейинки Аялдар ишкердигин өнүктүрүү боюнча улуттук программаларыбыз бар. Кыргызстанда жүргүзүлүп жаткан бардык гендердик саясаттар экономика, билим берүү, маданият жана коомдук турмуштун бардык тармактарына терең сиңген”, - деди Замира Акбагышева.

Ошондой эле ал санариптик өнүгүүнүн маанисин, аялдардын инновациялык жана технологиялык тармактардагы активдүүлүгүн, илим жана изилдөө жаатындагы аялдардын ролун жогорулатуу зарылдыгын баса белгиледи.

Форумдун негизги максаты – Россия менен Кыргызстандын аялдарынын ортосундагы экономикалык жана социалдык кызматташтыкты кеңейтүү, аялдардын инновациялык, илимий жана бизнес тармактарындагы мүмкүнчүлүктөрүн арттыруу болуп саналат.

Иш-чара эки өлкөнүн аялдары үчүн жаңы өнөктөштүк багыттарын аныктоого, туруктуу өнүгүү максаттарына жетүүдө алардын ордун күчөтүүгө жана гендердик теңчилик саясатын иш жүзүндө колдоого багытталган маанилүү диалогдук аянтча катары бааланууда.

Мындан тышкары окуңуз

Өлкө боюнча 26–28-августта акысыз юридикалык жардам көрсөтүлөт

Өлкө боюнча 26–28-августта акысыз юридикалык жардам көрсөтүлөт

26–28-август күндөрү Кыргызстандын бардык аймактарында жарандарга акысыз укуктук жардам көрсөтүлөт. Бул тууралуу Юридикалык жардам кызматынан билдиришти. Маалыматка ылайык, иш-чара Кыргызстандын Эгемендүүлүк күнүнө жана Юстиция министрлигинин 100 жылдыгына карата уюштурулууда. Юридикалык жардам көрсөтүү үчүн Бишкекте жана өлкөнүн бардык облустарында атайын жайлар уюштурулат. Алардын арасында калкты тейлөө борборлору, айыл

"Джунда“ заводунда Евро-5 күйүүчү майын өндүрүү пландалууда

"Джунда“ заводунда Евро-5 күйүүчү майын өндүрүү пландалууда

Кыргызстанда "Джунда" мунайды кайра иштетүүчү заводун модернизациялоо долбоорунун кийинки этабы башталат. Бул тууралуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктен билдиришти. Бүгүн агенттиктин башчысы Равшанбек Сабиров Министрлер Кабинети менен "Борбордук Азия энергетикалык компаниясы" ЖЧКсынын ортосундагы инвестициялык келишимге өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча кошумча келишимге кол койду. Документ "Джунда" заводун

Алайда табигый кырсыктардын алдын алуу боюнча ири иштер аткарылууда

Алайда табигый кырсыктардын алдын алуу боюнча ири иштер аткарылууда

Алай районунда сел, жер көчкү жана башка өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу боюнча иштер жүргүзүлүүдө. Бул тууралуу аймактын мамлекеттик админстрациясынан билдиришти. Маалыматка ылайык, Гүлчө шаарына караштуу Чакмак айылында жер көчкү коркунучун жоюу үчүн ӨКМдин атайын долбоору менен курулган дамбанын курулушу 100% аяктады. Сыноо иштеринен кийин бул аймактагы 13 турак үйгө жана

Чет өлкөлүк жарандарга 2 млн 701 миң сом айып пул салынды

Чет өлкөлүк жарандарга 2 млн 701 миң сом айып пул салынды

Ысык-Көл облусунда “Нелегал-2026” ыкчам-профилактикалык рейди өттү. Бул тууралуу УКМКдан билдирди. Маалыматка ылайык, 13-21-август аралыгында чет өлкөлүк жумушчу күчүн пайдаланган 31 объект жана 1015 чет өлкөлүк жарандын документтери текшерилген. Жыйынтыгында Кыргызстандын аймагында мыйзамсыз жүргөн 303 чет өлкөлүк жаран аныкталып, аларга жалпы 2 млн 701 миң 500