Борбор Азия аймагында логистикалык кампалар аз

Борбор Азия аймагында логистикалык кампалар аз

Евразия өнүктүрүү банкынын докладында Борбор Азияда агрологистика жай өнүгүп жатканы айтылды. Аймакта продукциялардын бир бөлүгү даярдалбаган шартта сакталган кургак кампалар бар. Үй шартында же кампалык коомперативдерде сакталган учурлар да аз эмес. Натыйжада, талаптагыдай түшүмдүн көп бөлүгү зыянга учурап, жараксыз болуп калууда. 

“Россия заманбап логистикалык кампалар менен 80% камсыз болгон, Борбор Азия өлкөлөрүндө мындай объектилер абдан аз. Мисалы, Өзбекстан, Кыргызстан, Тажикстанда муздак сактоонун жеткиликтүү кубаттуулугу жалпы көлөмдүн 30-70%ын түзөт”,-делет маалыматта. 
Ошол себептен Борбор Азияда ар жылы 14 млн тоннага жакын айыл чарба продукциясы чирип жок болот же талаптагыдай эмес шартта сакталат. Айрыкча бул аймакта күзгү түшүм жыйноо жана жазгы калган продукцияны реализациялоо убагында акыбал анча жакшы эмес. 

 “Жылдын бул мезгилинде сактоонун буфердик зоналарын түзүп, фермерлерди шашылыш түрдө транспорт менен камсыз кылуу керек. Болбосо алар айыл чарба өсүмдүктөрүнүн ашыгын арзыбаган баада сатат же ыргытууга аргасыз болот”,-делет иликтөөнүн авторлору. 

Мындан тышкары окуңуз

Ысык-Көлдө эл аралык мелдеш өтө турган аймактагы курулуш иштери күчөтүлдү

Ысык-Көлдө эл аралык мелдеш өтө турган аймактагы курулуш иштери күчөтүлдү

Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министри Нурдан Орунтаев Ысык-Көл облусуна болгон жумушчу сапарында бир катар курулуш объектилериндеги иштердин жүрүшү менен таанышты. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, Нурдан Орунтаев алгач быйыл Ысык-Көлдө өтө турган F1H2O суудагы Формула-1 боюнча дүйнө чемпионатын өткөрүүгө даярдык

Түптө өсүмдүк майын өндүрүүнү кеңейтүүгө колдоо көрсөтүлөт

Түптө өсүмдүк майын өндүрүүнү кеңейтүүгө колдоо көрсөтүлөт

Ысык-Көл облусуна болгон иш сапарынын алкагында Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министринин орун басары Рустам Балтабаев аймактагы кайра иштетүүчү ишканалардын жана айыл чарба кооперативдеринин ишмердүүлүгү менен таанышты. Министрликтин маалыматына ылайык, Түп районундагы "Эрдик" кооперативине өзгөчө көңүл бурулуп, анда жаңы сафлор жана зыгыр майын

Кыргызстанда 3,5 баллдык жер титирөө катталды

Кыргызстанда 3,5 баллдык жер титирөө катталды

14-июнда таңкы саат 05:11де өлкө аймагында жер титирөө катталды. Улуттук илимдер академиясынын Сейсмология институтунун маалыматына ылайык, Шиленкана айылынан түндүк-чыгышка карай 6 чакырым, Торкент айылынан түндүк-чыгышка карай 19 чакырым жана Токтогул шаарчасынан чыгышты көздөй 36 чакырым аралыкта болгон. Жер титирөөнүн күчү Шиленкана айылында болжол менен 3,5

Электр менен жылытууга жаңы объекттерди кошууга коюлган чектөө узарды

Электр менен жылытууга жаңы объекттерди кошууга коюлган чектөө узарды

Министрлер кабинети Токтогул суу сактагычында суу жетиштүү көлөмдө топтолгонго чейин электр энергиясын көп керектеген жаңы объекттерди тармакка кошууга киргизилген чектөөнү күчүндө калтырды. Бул тууралуу өкмөттүн 2026–2027-жылдардын күз-кыш мезгилине даярдык көрүү боюнча кабыл алган токтомунда көрсөтүлөт. Токтомдо калкты электр энергиясы, жаратылыш газы жана көмүр менен үзгүлтүксүз камсыздоо боюнча