Быйыл 9 айда Кыргызстандан 17,8 миң тонна кумшекер экспорттолду

Быйыл 9 айда Кыргызстандан 17,8 миң тонна кумшекер экспорттолду

Үстүбүздөгү жылдын январь-сентябрь айларында Кыргызстандан чет өлкөлөргө 1 млрд 60,4 млн сомдук кумшекер сатылганы белгиленди. Бул тууралуу "Акчабар" сайты Улуттук статистика комитетине таянуу менен кабарлады.

Маалыматка ылайык, сыртка жалпы 17 миң 811,5 тонна кумшекер экспорттолду. Анын басымдуу бөлүгү Өзбекстанга жөнөтүлгөн: 17 миң 688,5 тонна (1 млрд 53,7 млн сом).

Ошондой эле Тажикстанга 108 тонна (5,85 млн сом), Афганистанга 15 тонна (825 миң сом) кумшекер экспорттолду.

Күндүн негизги жаңылыктары — Telegram каналыбызда Каналга катталуу

Мындан тышкары окуңуз

Экономика

Акыркы жаңылыктар

Баары

Ленин районунун тургундары мэриянын өкүлдөрүнө бир катар маселелер менен кайрылышты

Казакстан 2027-жылы 99 млн тоннага жакын мунай өндүрүүнү пландаштырууда

Бишкектиктер көмүрдү ислам каржылоо аркылуу бөлүп төлөп, сатып ала алышат

Өзүн прокуратуранын өкүлү катары тааныштырып, алдамчылык кылган аял аныкталды

Кыргызстан аймакта биринчи болуп БУУнун темир жол конвенциясына кошулду