KGST стейблкоини Binance биржасында листингден кийин активдүүлүгүн көрсөттү

KGST стейблкоини Binance биржасында листингден кийин  активдүүлүгүн көрсөттү

KGST стейблкоини Binance криптобиржасында листингден өткөндөн кийин токен боюнча соода активдүүлүгү кескин өстү. Рыноктук маалыматтарга ылайык, KGSTнин суткалык соода көлөмү 4,29 миллион долларга жетти. Ал эми анын рыноктук капитализациясы болжол менен 1 миллион долларды түзөт. Натыйжада "соода көлөмү — капитализацияга карата" көрсөткүч 429%дан ашкан.

Учурда жүгүртүүдөгү KGST токендеринин саны 87,6 миллионду түзөт, ал эми жалпы сунушу дээрлик 446 миллионго жетет. Толук суюлтулган (fully diluted) рыноктук капитализациясы 5,09 миллион доллар деп бааланууда. Дүйнөлүк криптовалюталар рейтингинде KGST 2053-орунду ээлейт.

Аналитиктер мындай жогорку соода жүгүртүүсү листингден кийинки баштапкы этапка мүнөздүү экенин жана трейдерлердин кызыгуусунун жогорулаганын, ошондой эле спекулятивдик активдүүлүктү көрсөтүшү мүмкүн экенин белгилешет. Ошол эле учурда операциялардын олуттуу бөлүгү бир гана соода аянтчасында жүргүзүлүп жатканы ликвиддүүлүктүн жогорку деңгээлде топтолгонунан кабар берет.

Адистер токендин узак мөөнөттүү туруктуулугу үчүн KGSTнин реалдуу колдонулушунун өсүшү, ликвиддүүлүктүн кеңейиши жана токендерди мындан ары чыгаруу процессинин ачык-айкын болушу негизги мааниге ээ экенин баса белгилешет.

Күндүн негизги жаңылыктары — Telegram каналыбызда Каналга катталуу

Мындан тышкары окуңуз

Экономика

Акыркы жаңылыктар

Баары

Ысык-Көлдө 1000ден ашык жаранга акысыз медициналык консультациялар берилди

Самарканд марафонуна 70тен ашык өлкөнүн өкүлдөрү катышууда

Жарандык авиация агенттиги C5+1 конференциясына катышты

Москва районунда ишке ашырылып жаткан инвестициялык долбоорлор аталды

Токмокто 5 жылда 28 социалдык объект пайдаланууга берилген