Кыргызстан менен Азербайжан экономикалык кызматташтыкты өнүктүрүүнү талкуулады

Кыргызстан менен Азербайжан экономикалык кызматташтыкты өнүктүрүүнү талкуулады

Кечээ экономика жана коммерция министринин орун басары Медер Туманов Азербайжандын Борбор Азия өлкөлөрү боюнча соода өкүлү Самед Гасанов менен жолугушту.

Ведомствонун маалыматына ылайык, жолугушуунун жүрүшүндө 8-декабрда Бакуда өткөн Кыргызстан менен Азербайжандын ортосундагы экономикалык жана гуманитардык кызматташтык боюнча Өкмөттөр аралык комиссиянын 6-жыйынынын жыйынтыктары талкууланды.

Сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында тараптар эки тараптуу кызматташтыкты мындан ары өнүктүрүүнүн кийинки кадамдарын аныкташты. Атап айтканда, товар жүгүртүүнү көбөйтүү, өнөр жай кооперациясын кеңейтүү жана Азербайжан-Кыргызстан өнүктүрүү фондунун ишмердүүлүгүн активдештирүү маселелери каралды.
Күндүн негизги жаңылыктары — Telegram каналыбызда Каналга катталуу

Мындан тышкары окуңуз

Экономика

Акыркы жаңылыктар

Баары

Улуттук банк эскертет

Таласка 8,1 млн доллар инвестиция тартылып, 325 жумуш орду түзүлдү

Кытайлык компания менен кызматташуу жөнүндө меморандумга кол коюлду

Акысыз кино: Бишкекте Австрия, Швейцария жана Германиянын тасмалары көрсөтүлөт

Кыргызстан менен Түштүк Корея "акылдуу ферма" багытында кызматташат