"Макмал" алтын кени быйыл 670 млн таза кирешеге чыкты

"Макмал" алтын кени быйыл 670 млн таза кирешеге чыкты

 Кумтөр алтын кенинен быйылкы жылы мамлекет 678 млн доллар таза киреше көргөнүн президент Садыр Жапаров Бишкекте өтүп жаткан IV Элдик курултайда билдирди.

Анын айтымында, акыркы үч жылда Кумтөрдөн 2 млрд доллар таза киреше түшкөн.

"Кумтөр кенин мамлекетке алганыбыздан бери көргөн пайдабыз тууралуу дайыма кеңири сөз болуп келе жатат. 2020-жылга чейин 1 млн доллар бербеген “Кыргызалтын” быйылкы жылда 200 млн доллар киреше тапты. Мурда жылына мамлекеттен 300 млн сомго чейин дотация алып отурган “Макмал” алтын кени тескерисинче быйыл 670 млн сом таза кирешеге чыкты. “Кыргызалтындын” былтыр жаңы ачылган алтын дүкөнү 1 жылда 735 млн сом таза кирешеге жетишти.

2021-жылга чейин дайыма чыгашага иштеп, мамлекеттик бюджеттин моюнуна минип, дотацияда отурган “Кыргызстан аба жолдору”, “Кыргыз темир жолу” сыяктуу көптөгөн тармактар кирешеге иштей башташты”,- деди Жапаров.

Ошондой эле каражаттар кайдан түшүүдө деп көптөр кызыккан суроолордун жообу ушунда экенин, ушул тармактардан каражаттар түшүп жатканын президент кошумчалады.

Мындан тышкары окуңуз

Ноокат районундагы 3 айыл өкмөттүн жолуна асфальт төшөлдү

Ноокат районундагы 3 айыл өкмөттүн жолуна асфальт төшөлдү

Ноокат – Папан унаа жолуна үстүбүздөгү жылдын планына ылайык, 5 чакырым аралыкка асфальт төшөө каралган. Ноокат райондук админстрациясынын маалыматына караганда, бүгүнкү күндө белгиленген план толугу менен аткарылып,Мирмахмудов, Көк-Бел айыл өкмөттөрүнө 2 чакырым асфальт төшөлдү. Ал эми Н.Исанов айыл өкмөтүнө 1 чакырым жол оңдолду. Учурда аталган жолдун 22-24-

Кыргызстан менен Азербайжан сот тармагында тажрыйба алмашууну күчөтөт

Кыргызстан менен Азербайжан сот тармагында тажрыйба алмашууну күчөтөт

20-августта Жогорку соттун төрагасынын орун басары Нурлан Мусаев баштаган делегация Азербайжанга иш сапары менен барып, Азербайжандын Жогорку сотунун төрагасы Инам Имдад оглу Керимов менен жолугушту. Маалыматка ылайык, жолугушууда электрондук документ жүгүртүү, сот иштерин каттоо жана бөлүштүрүү, аралыктан сот отурумдарына катышуу маселелери каралып, жеке маалыматтарды коргоо боюнча тажрыйба алмашуу маселеси

Чоң-Гара жана Таш-Дөбөнүн 1354 тургуну кыргыз жарандыгын алууга документ тапшырды

Чоң-Гара жана Таш-Дөбөнүн 1354 тургуну кыргыз жарандыгын алууга документ тапшырды

Баткен облусунун башчысы Мамыржан Рахимов Өзбекстандан Кыргызстанга өткөн Чоң-Гара жана Таш-Дөбө айылдарынын тургундары менен жолугушту. Анда жарандык алуу жана тиешелүү документтерди даярдоо маселелери талкууланды. Аймактык өкүлчүлүктүн басма сөз кызматынын маалыматына ылайык, жолугушууда тургундардын суроо-талаптары эске алынып, кыргыз жарандыгын алуу үчүн документтерди кабыл алуу мөөнөтү дагы бир жумага

Жүргүнчү ташуучуларды текшерүүдө 1,7 млн сом айып салынды

Жүргүнчү ташуучуларды текшерүүдө 1,7 млн сом айып салынды

Жерде жүрүүчү жана суу транспорту департаментинин инспекторлору Бишкектеги "Ак-Кула" жана "Бишкек" автобекеттеринде жүргүнчү ташуучулардын ишмердүүлүгүн текшерди. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинен билдиришти. Текшерүүдө унаалардын техникалык абалы, шиналары, өрт өчүрүүчү шаймандары, ошондой эле айдоочулардын лицензиялары, патенттери жана камсыздандыруу полистери каралды. Мындан тышкары, айдоочулардын медициналык кароодон