Мунай баасы быйыл 2020-жылдан берки эң төмөнкү чекке жетти

Мунай баасы быйыл 2020-жылдан берки эң төмөнкү чекке жетти

2025-жылы Brent маркасындагы мунайдын орточо баасы 2020-жылдан берки эң төмөнкү деңгээлге чейин төмөндөдү. Бул тууралуу АКШнын Энергетика министрлигине караштуу Энергетикалык маалымат башкармалыгы билдирди.

Жыл ичинде бир баррелдин орточо баасы 69 долларды түздү. Инфляцияны эске алганда да, бул көрсөткүч 2020-жылдан берки эң төмөнкү деңгээл болуп эсептелет.

Америкалык ведомстводо баанын төмөндөшүн сунуштун суроо-талаптан ашып кетиши менен түшүндүрүштү (жылдын төртүнчү чейрегинде суткасына 108,0 млн баррель сунуш болсо, суроо-талап суткасына 104,7 млн баррелди түзгөн).

Ошол эле учурда Кытайда мунай запастарынын топтолушу баанын кескин төмөндөшүн жумшарткан. Бул кошумча суроо-талап булагы болуп, дүйнөлүк рыноктон баррелдердин алынуусуна шарт түздү.

Мындан тышкары окуңуз

Ала-Букадагы Чанач-Сай суу сактагычын кеңейтүү пландалууда

Ала-Букадагы Чанач-Сай суу сактагычын кеңейтүү пландалууда

Президент Садыр Жапаровдун тапшырмасынын негизинде Кыргызстанда суу ресурстарын ырааттуу пайдалануу жана айыл чарбасын туруктуу суу менен камсыз кылуу боюнча масштабдуу иштер жүргүзүлүүдө. Бул тууралуу президенттин өзгөчө тапшырмалар боюнча атайын өкүлү Бакыт Төрөбаев билдирди. Маалыматка ылайык, 106 жаңы суу сактагычтарды куруу долбоордун алкагында Ала-Бука районундагы Чанач-Сай суу сактагычын кеңейтүү

Баткенде үй-бүлөлүк зомбулук былтыркыдан 52 учурга аз катталды

Баткенде үй-бүлөлүк зомбулук былтыркыдан 52 учурга аз катталды

Кадамжай районунда үй-бүлө, гендердик өнүктүрүү, социалдык коргоо жана балдардын укуктарын коргоо боюнча көчмө жыйыны өттү. Бул тууралуу Баткен облусундагы өкүлчүлүктүн басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, жыйынды ыйгарым укуктуу өкүлдүн орун басары Максатай Каримбердиева жетектеп, ага тиешелүү мамлекеттик органдардын, укук коргоо жана социалдык кызматтардын өкүлдөрү онлайн жана офлайн форматта

Бишкекте Кыргызстан – Корея достук паркына 70 түп гибискус отургузулду

Бишкекте Кыргызстан – Корея достук паркына 70 түп гибискус отургузулду

Кечээ Бишкек шаарындагы Кыргызстан менен Кореянын достук паркында экологиялык акция өтүп, 70 түп гибискус бадалы отургузулду. Бул тууралуу муниципалитеттен билдиришти. Иш-чарага Бишкек шаарынын мэри Айбек Джунушалиев, Кыргызстандагы Кореянын Атайын жана Ыйгарым укуктуу элчиси Ким Кван Дже, Кореянын Кёнгидо провинциясынан келген жаш ыктыярчылар, "Кая КДЖИ" коомдук кайрымдуулук фондунун

Кыргызстанда 540 социалдык объекттин курулушу жүрүп жатат

Кыргызстанда 540 социалдык объекттин курулушу жүрүп жатат

Күн мурун курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министри Нурдан Орунтаев Манас шаарына болгон иш сапарынын алкагында бир катар социалдык объектилердин курулушу менен таанышты. Министрликтин маалыматына ылайык, иш сапарга Президенттин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Тилек Текебаев жана Манас шаарынын мэри Уларбек Исмаилов катышты. Министр журналисттердин суроолоруна жооп