Өзбекстан Беларустан ижарага жер алып иштетип, бул өлкөгө айыл чарба продукцияларын экспорттойт

Өзбекстан Беларустан ижарага жер алып иштетип, бул өлкөгө айыл чарба продукцияларын экспорттойт

Өзбекстан мал чарба тармагындагы бир нече долбоорду ишке ашыруу максатында Беларустан айдоо аянттарын узак мөөнөткө ижарага алууну көздөп жатканын "Дунё" кабар агенттиги жазды.

Мындай сүйлөшүү Кашкадарыя облусунун делегациясы Беларуска барганда болгон. Сапардын алкагында өзбекстандык өкүлдөр Витебск облусунун бир катар райондорунда, анын ичинде Браслав, Шумилин жана Поставы аймактарында мал чарба комплекстеринин жана соода объекттеринин ишмердүүлүгү менен таанышышты.

Иш сапардын эң маанилүү практикалык жыйынтыгы — "Asl Yuksalish Savdo", "Muborak qorako‘lchilik" ишканалары жана Шумилин районунда жайгашкан "Сиротинский" мал чарба фермасынын ортосунда макулдашууга жетишилгени болду.
Макулдашууга ылайык, өзбек тарап узак мөөнөткө 4 миң гектар айдоо жерин ижарага алат. Бул жерде ири агрардык долбоор ишке ашырылып, анын биринчи этабында 1000 баш ири мүйүздүү мал өстүрүлөт.

Мындан тышкары, "Asl Yuksalish Savdo" ишканасы Доброном соода түйүнү менен келишим түзүп, Өзбекстандан Беларуска жыл сайын 60 миң тонна айыл чарба продукциясын жеткирүүнү макулдашты. Экспортко кургатылган мөмөлөр, буурчак өсүмдүктөрү, ошондой эле бакча-жемиштер жана жүзүм кирет.

Мындан тышкары окуңуз

Ошто коомдук коопсуздук боюнча көп функционалдуу борбор ачылды

Ошто коомдук коопсуздук боюнча көп функционалдуу борбор ачылды

Бүгүн, Ош шаарында коомдук коопсуздукту жана өзгөчө кырдаалдарга даярдыкты күчөтүүгө багытталган көп функционалдуу борбор ачылды. Бул тууралуу ӨКМнин басма сөз кызматынан кабарлашты. Билдирүүгө караганда, борбордо өзгөчө кырдаалдар үчүн зарыл материалдык запастар сакталат. Ошондой эле кризистик кырдаалда координациялык иштерди жүргүзүүгө жана зарыл болсо жарандар үчүн убактылуу баш калкалоочу жай катары пайдаланууга

Ишкер Media
Эки өлкөнүн мамлекет башчылары жолугушту

Эки өлкөнүн мамлекет башчылары жолугушту

Авазада бүгүн, Президент Садыр Жапаров Түркмөнстандын Президенти Сердар Бердымухамедов менен жолугушту. Эки өлкөнүн мамлекет башчылары эки тараптуу кызматташтыктын актуалдуу маселелерин жана кыргыз-түркмөн мамилелерин мындан ары өнүктүрүүнүн келечегин талкуулашты. Президенттин басма сөз кызматынын маалыматына караганда, жолугушууда тараптар соода-экономикалык жана энергетика тармактарындагы кызматташтыкты кеңейтүүгө, ошондой эле транспорттук-логистикалык байланыштарды өнүктүрүүгө

Ишкер Media
Жүрөктүн кагышын көзөмөлдөп, өзү ойгото турган "акылдуу" керебет

Жүрөктүн кагышын көзөмөлдөп, өзү ойгото турган "акылдуу" керебет

Уйкуну көзөмөлдөп, температураны өзү жөнгө салып, жүрөктүн кагышын жана дем алуу ыргагын өлчөп, адамды ойготкон «акылдуу» керебеттер пайда болду. Мындай технологиялардын бири — америкалык Eight Sleep компаниясынын Pod системасы. Ал кадимки матраска орнотулуп, уктап жаткан адамдын көрсөткүчтөрүн атайын сенсорлор аркылуу көзөмөлдөйт. Системанын негизги өзгөчөлүктөрүнүн бири — керебеттин эки тарабындагы температураны өзүнчө жөнгө

Ишкер Media
Евробиримдик Россиянын “гибриддик ишмердүүлүгүнө” байланыштуу чектөөлөрдү узартты

Евробиримдик Россиянын “гибриддик ишмердүүлүгүнө” байланыштуу чектөөлөрдү узартты

Евробиримдиктин Кеңеши Россиянын чет өлкөлөрдөгү туруксуздаштыруучу аракеттерине жооп катары киргизилген айрым чектөө чараларынын мөөнөтүн 2027-жылдын 9-октябрына чейин узартты. Евробиримдиктин маалыматына ылайык, чаралар Россиянын “гибриддик ишмердүүлүгүнө”, анын ичинде чет өлкөлүк маалымат мейкиндигин манипуляциялоо жана кийлигишүүгө (FIMI) байланыштуу киргизилген. Учурда бул санкциялык режимдин алкагында 80 жеке адамга жана 20 уюмга

Ишкер Media