Казакстандын чек араларында экспорттук көзөмөл күчөтүлөт

Казакстандын чек араларында экспорттук көзөмөл күчөтүлөт

Казакстандын чек аралары боюнча, анын ичинде Кыргызстан жана Россия менен чектешкен тилкелерде тышкы экономикалык ишмердүүлүктү көзөмөлдөө үчүн мобилдик топтор иштей баштайт. Бул тууралуу маалымат жыйынында Экономика жана коммерция министрлигине караштуу "Кыргыз экспорт" борборунун директору Урмат Такиров билдирди.

Анын айтымында, чек арадагы ишмердүүлүк казак тараптын жол-жоболору менен жөнгө салынат, тактап айтканда, Каржы министрлигине караштуу Мамлекеттик кирешелер комитети тарабынан. Бул мекеме экспорттук көзөмөлдү да жүргүзөт.

Урмат Такиров көзөмөлдүн күчөтүлүшү чек арадан өткөрүү жөндөмдүүлүгүнө таасир этиши мүмкүн экенин белгиледи.
Учурда чек араларда техникалык, системалык, пландуу жана пландан тышкаркы иш-чараларга байланыштуу кээде кармалуулар катталууда.

Бул текшерүүлөрдү Казакстандын Чек ара кызматы, Мамлекеттик кирешелер комитети жана башка көзөмөлдөөчү мамлекеттик органдар жүргүзөт. Иш-чаралар ар кандай багытта болушу мүмкүн, анын ичинде антитеррордук мүнөздө да болуп, бул жүктөрдүн чек арадан өтүү ылдамдыгына таасирин тийгизет.

Күндүн негизги жаңылыктары — Telegram каналыбызда Каналга катталуу

Мындан тышкары окуңуз

Экономика

Акыркы жаңылыктар

Баары

24 жарандын 1,9 млн сом эмгек акысын бербей койгон эки шектүү кармалды

Кыргызстан менен Бразилия соода байланыштарын кеңейтүү боюнча талкуулашты

Көчө жарыктары күнгө жараша өчүп-күйүшү мүмкүн

Тобокелдикке багытталган көзөмөл: кандай иштейт жана артыкчылыгы эмнеде?

Сузактын Октябрь айылында жаңы кинотеатр жана эс алуу багы ачылды