Бактияр Алиев: Кыргызстанда орточо пенсия 13 миң сомго жетиши мүмкүн

Бактияр Алиев: Кыргызстанда орточо пенсия 13 миң сомго жетиши мүмкүн

Кыргызстанда орточо пенсия көбөйтүлгөндөн кийин болжол менен 13 000 сомго жетиши мүмкүн. Бул тууралуу Социалдык фонддун төрагасы Бактияр Алиев журналисттерге билдирди.

Алиев, учурда орточо пенсия 11 300 сомду түзөрүн белгиледи. Минималдуу пенсия 8 800 сомго чейин көтөрүлгөндүктөн, кеминде 1 700 сомго жогорулатуу пландалууда. Учурда эң төмөнкү пенсия 7 100 сомду түзөт.

Пенсияларды жогорулатуу үчүн 4,4 миллиард сомду, ал эми келерки жылы 17,6 миллиард сомду талап кылат. 

Алиев пенсиялык фонддон жалпысынан 22 миллиард сом бөлүү каралганын кошумчалады.  
Күндүн негизги жаңылыктары — Telegram каналыбызда Каналга катталуу

Мындан тышкары окуңуз

Экономика

Акыркы жаңылыктар

Баары

Ак-Суу районунда туристтердин саны 8 эседен ашык өстү

Орто-Токой суу сактагычында мыйзамсыз балык уулоо аныкталды

Кыргызстан баштапкы медициналык жардамды өнүктүрүү боюнча эл аралык конгресске катышты

Токтогул шаарында электр тармагын жаңылоо иштери жүргүзүлүүдө

Караколго тартылган инвестициянын көлөмү 9,5 млрд долларга жетти