Декларациялабаган iPhone 18 Pro телефондору «Манас» бажысынан кармалды

Декларациялабаган iPhone 18 Pro телефондору «Манас» бажысынан кармалды

Мамлекеттик бажы кызматынын «Манас» бажысынын кызматкерлери менен УКМК кызматкерлери биргеликте Евразия Экономикалык Бирлигинин жана КРнын бажы мыйзамдарын бузуу фактысын аныкташты.

Бажы кызматынан кабарлагандай, “Flydubai” авиакомпаниясынын Дубай - Бишкек каттамы менен учуп келген жүргүнчүлөрдү бажылык контролдон өткөрүү учурунда, багажды жана кол жүктү кайрадан текшерип кароодо iPhone 18 Pro Max жана iPhone 18 Pro үлгүсүндөгү уюлдук телефондор табылган. Табылган уюлдук телефондордун жалпы наркы 3 923 150 сомду түздү.

Жарандын берген түшүндүрмөсүнө ылайык, телефондор Бишкекте сатуу максатында Дубайдан сатылып алынган. Аларды ЕАЭБдин аймагында бажылык тариздөөдөн өткөргөндүгүн тастыктаган документтер болгон эмес. Жаран бажы мыйзамдарын бузгандыгын моюнга алып, тиешелүү бажы төлөмдөрүн төлөөгө даяр экендигин билдирди.

ЕАЭБдин Бажы кодексинин 379-беренесинин 1, 2 жана 3-пункттарына ылайык, иштин бардык жагдайлары аныкталганга чейин уюлдук телефондор алынды.

 Аталган факты боюнча материалдар Кылмыштардын бирдиктүү реестринин маалыматтарды каттоо журналына катталып, укуктук баа берүү жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык чечим кабыл алуу үчүн Бажы кызматынын Тергөө башкармалыгына жөнөтүлдү.

Мындан тышкары окуңуз

Чек арадан ири мүйүздүү малды контрабандалык жол менен өткөрүүчү туруктуу канал аныкталды

Чек арадан ири мүйүздүү малды контрабандалык жол менен өткөрүүчү туруктуу канал аныкталды

УКМК Чек ара кызматы менен биргеликте Баткен облусунун аймагында КРнан Тажикстан Республикасына мамлекеттик чек ара аркылуу ири мүйүздүү малды контрабандалык жол менен өткөрүүнүн туруктуу каналын аныктап, ага бөгөт койду. Соттун санкциясы менен жүргүзүлгөн атайын тергөө иш-чараларынын жүрүшүндө КРнын жарандарынын тобу тарабынан өздөрүнүн кылмыштуу ишмердүүлүгүн жашыруу максатында, колдоо көрсөтүп туруу

Ишкер Media
Салык түшүүлөр 309 млрд сом болуп, план ашыгы менен аткарылды

Салык түшүүлөр 309 млрд сом болуп, план ашыгы менен аткарылды

Мамлекеттик салык кызматынын төрагасынын орун басары Кубанычбек Ысабеков Кыргызстандын салык системасы экономиканын өсүү темпине жетише албай жатат деген маалыматты четке какты. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматы кабарлады. Анын айтымында, мындай билдирүүлөр чындыкка дал келбейт. Акыркы жылдары Салык кызматы салыктык башкарууну жакшыртып, көмүскө экономиканы кыскартуу боюнча иш алып барууда. 2025-

Ишкер Media
Бажыны санариптештирүү жана бизнес менен өнөктөштүк форуму болду

Бажыны санариптештирүү жана бизнес менен өнөктөштүк форуму болду

Бүгүн, “Ала-Арча” мамлекеттик резиденциясында “Заманбап бажы: санариптик трансформация, эл аралык кызматташтык жана бизнес менен өнөктөштүк” аттуу форум болуп өттү. Иш-чаранын уюштуруучусу, Мамлекеттик бажы кызматынын маалыматына караганда,  ага бажы кызматынын, "МБИ" ААКтын, "Бирдиктүү терезе" борборунун, "Салык Сервис", "Кызмат" ишканаларынын өкүлдөрү, Электрондук

Ишкер Media
Ошто жаңыланган чек ара комплекси пайдаланууга берилди

Ошто жаңыланган чек ара комплекси пайдаланууга берилди

Бүгүн Ош шаарында Мамлекеттик чек ара кызматынын Ош облусу боюнча башкармалыгынын жаңыланган комплекси ачылды. Бул тууралуу шаардык мэрия кабарлады. Маалыматка ылайык, салтанатка президент Садыр Жапаров катышты. Реконструкцияда штаб, казарма, ашкана, медпункт, спорт комплекси жана турак жайлар толук жаңыртылды. Иш-чарада онлайн форматта дагы 2 объект - Чүйдөгү "Ойронду" жана

Ишкер Media