Таласта 35 600 акылдуу электр эсептегич орнотулду

Таласта 35 600 акылдуу электр эсептегич орнотулду

Энергетика министрлиги жүргүзүп жаткан реформанын алкагында "КУЭТ" ААКнын Талас электр тармактары филиалы облустун төрт районунда — Айтматов, Манас, Бакай-Ата жана Талас райондорунда электр энергиясын автоматташтырылган эсепке алуу системасын киргизүү иштерин улантууда.

Энергетика министрликтин маалыматына ылайык, учурда пландалган 35 600 даана акылдуу эсептегич толугу менен орнотулду, анын ичинде 1 фазалуу 31 280 даана жана 3 фазалуу 4 320 даана жаңы типтеги эсептегичтер бар. Айтматов районунда 11 032, Талас районунда 11 164, Бакай-Ата районунда 8 268, Манас районунда 5 136 даана эсептегич ийгиликтүү орнотулду.

2026-жылы кошумча 3 390 даана 3 фазалуу акылдуу эсептегичтер орнотулуп баштайт. Жаңы эсептегичтер электр энергиясын так эсептөөгө, бузулууларды аныктоого жана төлөм процессин жөнөкөйлөтүүгө жардам берет.

Мындан тышкары окуңуз

Нарында "ЭКСПО-ДЕМИЛГЕ" республикалык сынагы тааныштырылды

Нарында "ЭКСПО-ДЕМИЛГЕ" республикалык сынагы тааныштырылды

Нарын шаарында президенттин облустагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппаратында "ЭКСПО-ДЕМИЛГЕ" демилге жана долбоорлор сынагын тааныштыруу жыйыны өттү. Бул тууралуу өкүлчүлүктөн билдиришти. Маалым болгондой, иш-чарага ыйгарым укуктуу өкүлдүн орун басары Мамбетова, Стратегиялык демилгелер улуттук институтунун эксперти Кадыр Кошалиев, район акимчиликтеринин, мэриянын, мекеме-уюмдардын жана жарандык коомдун өкүлдөрү катышты.

Ишкер Media
Кыргызстан менен Габон тышкы иштер министрликтери ортосунда меморандумга кол коюлду

Кыргызстан менен Габон тышкы иштер министрликтери ортосунда меморандумга кол коюлду

Нью-Йоркто Кыргызстандын Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Габондун Тышкы иштер министри Мари-Эдит Тассила-Е-Думбене менен жолукту. Бул тууралуу министрликтен билдиришти. Маалымдалгандай, жолугушууда эки тараптуу кызматташтык, саясий диалог, соода-экономикалык жана маданий байланыштарды кеңейтүү, эл аралык уюмдардагы өз ара аракеттенүү маселелери талкууланды. Өзгөчө көңүл Кыргызстандын 2027-2028-жылдары

Ишкер Media
Төрага Маматалиев Кара-Кулжада жол, мектеп жана сугат көйгөйлөрү менен таанышты

Төрага Маматалиев Кара-Кулжада жол, мектеп жана сугат көйгөйлөрү менен таанышты

26-сентябрда Жогорку Кеңештин төрагасы Марлен Маматалиев Кара-Кулжа районуна иш сапары менен барды. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы кабарлады. Маалым болгондой, сапарга депутаттар Суйунбек Омурзаков, Гүлнара Баатырова, Гульнара Акимбаева жана Президенттин Ош облусундагы өкүлү Аманкан Кенжебаев коштоп барды. Кызыл-Суудагы көпүрө – Мырза-Аке - Кара-Кулжа - Алайку жолунун

Ишкер Media
Нарында ишкерлерге жеңилдетилген насыя алуу жолдору түшүндүрүлдү

Нарында ишкерлерге жеңилдетилген насыя алуу жолдору түшүндүрүлдү

Нарын облусунда ишкерлерди колдоо жана жеңилдетилген каржылоо боюнча жолугушуу өттү. Бул тууралуу президенттин Нарындагы өкүлчүлүгү билдирди. Маалыматка ылайык, жыйынга ыйгарым укуктуу өкүлдүн биринчи орун басары Эркинбек Чекирбаев, Финансы-кредиттик фондунун төрагасы Элдияр Доолбеков жана жергиликтүү ишкерлер катышты. Ишкерлерге мамлекеттик колдоо чаралары, жеңилдетилген насыялар, долбоорлорду каржылоо шарттары жана стартаптарга көрсөтүлүүчү көмөк

Ишкер Media